История ПЦК

«Акушердик жана педиатриялык дисциплиналар»предметтик циклдык комиссиянын тарыхы

ОшМУнун медициналык колледжинин клиникалык бөлүмдүн«Акушердик жана педиатриялык дисциплиналар” предметтик циклдык комиссиясы Ош Мамлекеттик университетинин ректору, м.и.д., профессор К. Г. Кожобековдун 2020-жылдын 15-сентябрынын №4158 буйруктун негизинде түзүлгөн.

ПЦКнын тарыхы төмөндөгүдөй баскычтарды басып өткөн:

27-август 2005-жылы Ош Мамлекеттик университетинин ректору, профессор М. Орозбековдун №165 буйругунун негизинде “Акушердик жана хирургиялык дисциплиналар ” кафедрасы деп түзүлгөн, ал эми «Акушердик жана гинекологиялык дисциплиналар” кафедрасы болуп Ош Мамлекеттик университетинин ректору, ф.и.д., профессор К. Исаковдун 2011-жылдын 10-октябрында №305 буйруктун негизги түзүлүп өзгөрүлгөн.

Кафедра башчылары болуп, төмөндөгү окутуучулар эмгектенген:

2005-жылы Абдурахманова Чынара Аскаралиевна “Педиатрия” сабагынын окутуучусу, 2008-жылы Жапаров Кубаныч Койчуманович “Хирургия” сабагынын окутуучусу, 2008-2009 окуу жылынын экинчи жарым жылдыгында медициналык колледжинин педагогикалык кеңешинин жалпы добушу менен “Акушердик” сабагынын окутуучусу Кыдыршаева Жанара Ахматжановна дайындалган, ал эми 2010-жылы Кыдыршаева Жанара Ахматжановна ОшМУнун медициналык колледжинин директордун окуу иштери боюнча орун басары кызматына которулгандыгына байланыштуу, ордуна кафедра башчы болуп “Гинекология” предметинин окутуучусу Аширбекова Мээрим Ирайимовна февраль айында №414 буйрук менен дайындалган. 2013-жылы Аширбекова Мээрим “Стоматология жана ортопедиялык стоматология” адистигине практика башчы болуп дайындалгандыгына байланыштуу, ордуна “Акушердик” предметинин окутуучусу Шакабаева Сабира Абдыганыевна сентябрь айында №121 буйрук менен дайындалган. 2016-жылы Шакабаева Сабира Ош областтык төрөт үйүнө которулгандыгына байланыштуу кафедра башчылыкка “Акушердик жана гинекология” сабагынын окутуучусу Мамасаит кызы Джанара дайындалган. 2017-жылы Мамасаит кызы Джанара Ош шаардык перинаталдык борборунун кош бойлуу аялдардын оорулу бөлүмүнө башчы болуп которулгандыгына байланыштуу “Акушердик жана гинекологиялык дисциплиналар” кафедранын башчылыгына клиникалык багыты боюнча методикалык кеңешинин төрайымы кайрадан Кыдыршаева Жанара Ахматжановна 2018-март айынан, №588 буйруктун негизинде дайындалып 2020-жылга чейин эмгектенген. 2020-2021 окуу жылы педиатрия жана жугуштуу оорулар кафедрасы жоюлгандыгына байланыштуу, жогоруда көрсөтүлгөн кафедра “Акушердик жана педиатриялык дисциплиналар” предметтик циклдык комиссиясы болуп өзгөрүлгөн. ПЦК төрайымы Кыдыршаева Жанара Ахматжановна клиникалык бөлүмдүн “Акушердик иши”, “Медициналык айым иши” адистиктерине бөлүм башчы болуп дайындалгандыгына байланыштуу ПЦК төрайымдыгына Аширбекова Мээрим Ирайимовна №677 буйругунун негизинде дайындалган. 2022-2023 окуу жылында Аширбекова Мээрим Ирайимовна үй-бүлөлүк шартына байланыштуу кызмат ордун тапшыргандыктан ПЦК жамаатынын жалпы добушу менен Кучкаров Улукбек Ибрагимович №4487 буйругунун негизинде дайындалган. 2023-2024 окуу жылынан Кучкаров Улукбек Ибрагимович аталган окуу жайдын клиникалык бөлүмдүн “Стоматологиялык жана хирургиялык дисциплиналар” ПЦКсына окутуучу кызмат ордуна которулгандыгына байланыштуу анын ордуна клиникалык бөлүмдүн “Акушердик” сабагынын окутуучусу аталган “Акушердик жана педиатриялык дисциплиналар” ПЦКнын төрайымдыгына Арзиматова Бактыгул Каримбердиевна сентябрь айынын №4345 буйругунун негизинде дайындалды.