Новости Архив

Билим лицейи

«Билим» лицейинин тарыхы

«Билим» – лицейи Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилип, ОшМУнун ректору, профессор К.А.Исаковдун жеке демилгеси менен 2012-1013-окуу жылында ачылган (КРнын Билим беруу жана илим министрлигинин 10.04.2013ж №167/1 буйругу). Алгачкы окуу жылында 10-11-класстарда 40 окуучу билим алып, 8 мугалим эмгектенген. 2013-2014-окуу жылында 121 окуучу 9-10-11-класстарда билим алган болсо, 2014-2015-окуу жылынан баштап 8-класстын окуучуларын да кабыл алып, 169 окуучу окуган. 2014-2015-окуу жылында жалпысынан 164 окуучу билим алса, быйылкы 2016-2017-окуу жылында 193 окуучу окуп жатат.

Учурда окутуу процесси кыргыз тилинде жүргүзүлүп, 8-11-класстын окуучулары кабыл алынган. Лицей тѳмѳнкүдѳй үч багытта билим берүү ишин жүргүзѳт:

· Биология жана химия предметтерин тереңдетип окутуу;

· Англис тили предметин тереңдетип окутуу;

· Кытай тили предметин тереңдетип окутуу.

Сабактан кийин математика, кыргыз тили, орус тили, англис тили, биология, химия сабактарынан ЖРТга даярдоо жүргүзүлөт. Мындан сырткары түрк тили боюнча атайын сабак уштурулган. Лицей бекитилген атайын жобого таянып окутуу процессин жүргүзөт.





Лицейдин миссиясы

Ош мамлекеттик университеттин алдындагы «Билим» лицейинин ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат

«Билим» лицейи Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилген базистин окуу планы менен окуу-тарбия процессин жүргүзөт.

Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлүп, 8-11-класстын окуучулары кабыл алынган. 9 класс комплектиленген. Учурда 165 окуучу билим алып жатат. Окуучулар жалпысынан Ош жана Жалалабат областынын ар кайсы аймактарынан келишкен. Алардын 38и жатаканада жатып окушат. Жатаканадагы окуучулардын тартибин, сабак даярдоосун көзөмөлдөшкөн эки тарбиячы мугалим эмгектенет.

Лицей төмөнкүдөй үч багытта билим берүү ишин жүргүзөт:

Ø Биология жана химия предметтерин тереңдетип окутуу;

Ø Англис тили предметин тереңдетип окутуу;

Ø Кытай тили предметин тереңдетип окутуу;

Сабактан кийин математика, кыргыз тили, биология, химия, англис

тили сабактарынан ЖРТ га даярдоо жүргүзүлөт. Мындан сырткары түрк тили боюнча атайын сабак уюштурулган. Драмалык жана тогуз коргоол боюнча ийримдер иштейт.

Лицей атайын бекитилген жобого таянып окутуу процессин жүргүзөт.

Негизинен окуучулардын өздөрү тандап алган предметтер боюнча терең билим алуусуна, интеллектуалдык деңгээлинин, дүйнө таанымынын жогору болушуна аракет жасашууда. Учурда лицейде 30 мугалим эмгектенүүдө. Алардын курамында 1 химия илимдеринин кандидаты, 1 КРдин «Эл агартуунун мыктысы» төш белгисинин ээси бар. Эмгектенип жаткан мугалимдердин бирөө аспирантурада, ону магистратурада да окуп жатышат.

Лицейдин жамааты өзүнүн алдына төмөнкү маселелерди коюп келет:

· Окуучулардын биология жана химия предметтери боюнча билим сапатын жогорку деңгээлге жеткирүү;

· Англис жана кытай тилдерин тереңдетип окутуу;

  • Компьютердик сабаттуулугун арттыру;

· Адеп-ахлактык маданиятын калыптандыруу процессинде окутуунун алдыңкы, эффективдүү усулдарын колдонуу;

Мугалимдер өздөрүнүн тажрыйбалык жумуштарын лицейден сынактан өткөрүшөт. Бир нече семинарларга катышып, атайын сертификаттарга ээ болушкан. Окутуунун жаңы технологиялары боюнча бири-бири менен тажрыйба алмашып турушат. Бир нече методикалык китептерди, практикалык жумуштар үчүн дептерлерди даярдашкан.

Лицейде учурдун талабына ылайык 1 интернет каанасы, 1 мультимедиалык каана ачылган. Компьпютерлер интернетке туташтырылган. Мындан сырткары ар бир класска бирден интернет кабели киргизилип, мугалим сабак учурунда ноутбук аркылуу интернеттен пайдаланууга шарт түзүлгөн. Лицейде 1 интерактивдүү доска, 2 проектор, 3 принтер бар.

Татыктуу билим берүүчү 11 предметтик аудитория, 1 усулдук каана бар. «Кыргыз тили жана адабияты», «Орус тили жана адабияты», «Тарых», «Англис тили », «Биология», «Химия», «Физика», «Тарых» кааналары жасалгаланган.

2014-2015-окуу жылында Ош шаарында предметтер боюнча өткөрүлгөн 56 мектеп катышкан олимпиадада лицейдин окуучулары 27 байгелүү орунга (1-2-3-орундар) жетишишти. Ал эми регионалдык олимпиадада 12 окуучу байгелүү орунду камсыз кылышып, 1-орунду алган 3 окуучу республикалык турга жолдомо алышып, орус тили боюнча Республикалык олимпиадада 3-орунду, география предмети боюнча 4-орунду камсыз кылышты.

Лицейде төмөнкүдөй иш чаралар өткөрүлүп турат:

1. Лицейчилер күнүн белгилөө;

2. Жума сайын «Ыр канатында он мүнөт» аттуу чакан поэзиялык тыныгуу;

3. Ар түрдүү майрамдарга карата атайын кечелерди өткөрүү;

4. Ар жуманын шаршемби күнү жатаканадагы окуучулар үчүн «Адамдыкка сапар» деген аталыштагы семинар-тренинг;

5. Предметтер боюнча брейн-ринг өткөрүү;

6. Ай сайын класстар аралык жана «Ыйман» лицейи менен биргеликте «Достук» аталышындагы спорттук мелдештерди өткөрүү;

Бир айда бир «адабий китеп окуу күнү» уюштурулуп, атайын окууга берилген чыгарманын негизинде талкуу уюштурулуп турат.

Окуучулардын адеп-ахлактык тарбиясын калыптандыруу багытында тарбиялык сааттар, маданий кечелер өткөрүлөт. Жума сайын тарбиялык мааниси бар, кыргыз тилинде видеофильмдер көрсөтүлүп, талкуулар болот.