Максаты, милдети

Факультеттин миссиясы

Учурдун талабына жооп берген адистерди – башталгыч класс мугалимдерин, тарбиячы-методисттерин, дене тарбия мугалимдерин, машыктыруучуларды, спортсмендерди даярдоо. Алыскы жана жакынкы жерлерде жетишсиз болуп жаткан адистиктерди адистер менен камсыз кылып туруу. Педагогика жана дене тарбия факультети коншулаш Өзбекстан, Тажикстан өлкөлөрүнө жана Ош областынан сырткары Жалал-Абад, Баткен областтарына тиешелүү адистерди даярдайт.

КАФЕДРАНЫН МАКСАТЫ

- Орто мектептерде, лицей, спорт мектептерине, колледж жана жогорку окуу жайларына ар тараптан өнүккөн, жогорку маалыматтууу дене тарбия мугалимдерин даярдоо;

- Окутуу жараянында жаёы технологияларды колдонуу аркылуу студенттердин кесиптик чеберчилигин калыптандыруу, өлкөбүздү заманбап дене тарбия адистери жана машыктыруучулары менен камсыз кылуу;

КАФЕДРАНЫН МИЛДЕТИ

- Келечектеги кесип ээлерин өздөрү тандап алган адистиги боюнча теориялык жана усулияттык жактан билиминин бекем болушуна жетишүү.

- Окутуу процессинде кесиптик чеберчилигин, ык-машыгууларын калыптандыруу жана алган билимдерин практикалык иш-аракеттерде пайдалана билүү.

- Дене тарбияны чыёдоочу борборлордо, спорт, аскер кызматын өтөөчү ишканаларда студенттердин спорттук иш аракеттерин алып баруусун күчөтүү.