Социальное обеспечение кафедры

ФАКУЛЬТЕТ БИЗНЕС И МЕНЕДЖМЕНТ

КАФЕДРА "БИЗНЕС ИНФОРМАТИКА И МАТЕМАТИКА В ЭКОНОМИКЕ"

Наш девиз: "Обеспечить уход за самопознание родины защищены"

Бизнес жана менеджмент факультетиндеги “Бизнес информатика жана экономикадагы математика” кафедрасы Ош МУнун администрациясы жана профсоюз комитети менен биргеликте эмгек жамаатынын, студенттердин активдүү эс алуусун уюштуруу боюнча аларга социалдык жактан колдоо көрсөтүп келет. Азыркы учурда университеттин Ош шаарында эки саламаттыкты чыңдоочу борбору, кызматкерлердин жана студенттердин жайкысын эс алуулары үчүн Ош шаарынын табигый кооз аймагындагы дарыя жээгинде «Ак-Буура» эс алуу зонасында чоң бассейн, спорт аянтчасы, жашоо үчүн коттедждер пайдаланылат.

Университеттин 50 койка-орундуу студенттик профилакторийи 2011-жылдан баштап жаңыдан ремонттон өткөрүлүп, кайрадан толук кандуу ишке киргизген.

Соңку жылдардагы бир катар шарттарга байланыштуу профсоюздук путевкалардын жылдан-жылга аз бөлүнүп жаткандыгына карабастан, өткөн жылда эле Бизнес жана менеджмент факультетиндеги “Бизнес информатика жана экономикадагы математика” кафедрасынын окутуучулары университеттин профсоюз комитети тарабынан түзүлгөн жеңилдетилген шарттарда эс алып келишкен. Окумуштуулар кеңешинин чечиминин негизинде ректордун атайын буйругу чыгып, «Ак-Буура» эс алуу зонасында жыл сайын бир нече жүздөгөн кызматкерлер жана студенттер үчүн кирүү акысы бекер болгон эс алуулар уюштурулат.

Жамаат мүчөлөрүнүн саламаттыгын чыңдоо жана эс алуусун уюштуруу боюнча профкомдун ар дайымкы кайрылууларына ректораттын да өзгөчө көңүлү бурулат. Ысык-Көлдүн жээгинде бир агымда 12 эс алуучуну кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Кызматкерлердин жана студенттердин саламаттыгын көзөмөлдөө, медициналык кароолордон, флюрографиядан, кургак учукка ж.б. жугуштуу ооруларга тестирлөө өткөрүүнү, спорттук иш-чараларга катышууну уюштуруу максатында Ош МУнун саламаттыкты сактоо пункту иштейт. Мында медициналык жабдуулар менен даярдалган кабинеттер менен лабораторияларда атайын адистиги бар 5 кызматкер эмгектенет.

Профкомдун сунушу менен профсоюз ишмердигинде, университеттин социалдык базасын өркүндөтүүгө кошкон салымдары жана жигердүү эмгектери үчүн профсоюздун бир катар активисттери, өнөктөштөрү жана катардагы мүчөлөрү сыйланышкан:

  • Ош МУнун профкомунун Ардак грамотасы менен – 1 адам;
  • Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюздарынын Ош областтык комитетинин Ардак грамотасы менен – 1 адам;

Социалдык базаны мындан ары чыңдоо жана өркүндөтүү боюнча олуттуу иш-чаралар Ош МУнун 2012-2015-жылдарга карата өнүгүү Концепциясында жана ректорат менен профкомдун ортосунда 2012-2015-жылдарга карата кабыл алынган Жамааттык келишиминде да белгиленген.