История
Ош МУнун Окуу-информациялык департаменти 1962-жылдан Ош ПИнин “Окуу бөлүмү” деген аталыш менен өз алдынча бөлүм катары ишмердигин баштаган. Анын курамында бөлүм башчы, 1 методист, 1 диспетчер жана педагогикалык практика башчысы штаттары кийирилген. Бөлүмдүн эң биринчи жетекчиси болуп Ш.И. Исмаилов (1962-1963) иштеген. Жаңы түзүлгөн, эч кандай тажрыйбага ээ эмес бөлүмдүн ишин талаптагыдай жолго коюу жөн эле ишке аша койбосу белгилүү. Жаш жетекчи изденүү, энтузиазм менен бул милдетти аткарууга киришип, Кыргыз Мамлекеттик Университетинде жети күндүк атайын стажировкадан өтүп, окуу бөлүмүнө тиешелүү иш кагаздарды тартиптештирип баштаган. 1977-жылга чейин окуу бөлүмүнүн башчысы кызмат ордунда Ормонов Т.О. (1965-1966), Музипов Р.Г. (1966-1968), Бочаров А.П. (1970-1973), Куленко Г.Н. (1973-1975), Иванов В.М. (1975-1977) иштешкен.
1977-жылы Алиев А.А. окуу бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган. Асилбек Алиевич ал кездеги СССРдин белгилүү педагогикалык ЖОЖдорунун алдыңкы тажрыйбалары менен таанышып, аларды үйрөнүп, окуу бөлүмүнүн ишин кыйла жакшыртууга жетишкен. Атап айтсак, окутуучунун индивидуалдык планы, кафедралык журнал, куратордун күндөлүгү ж.б. документтер ушул жылдардан пайдаланып башталган. А.А. Алиев окуу бөлүмүнүн башчысы кызмат ордун Окумуштуу катчы милдети менен кошо алып барган. Ушул мезгил ичинде 40 тан ашуун илимдин кандидаттары СССРдин Жогорку аттестациялык комиссиясынан доценттик дипломдорун алышкан. А. Алиев 1984-жылы Алма-Ата шаарында кандидаттык диссертациясын коргогон. Философия кафедрасында ага окутуучу, кафедра башчысы болуп эмгектенген. Бүгүнкү күндө теология факультетинин деканы, профессор.
1985-1990-жылдары окуу бөлүмүнүн начальниги кызмат ордунда Ильяев А. П. эмгектенген. Ал филологиялык билимге ээ болгондуктан, окуу бөлүмүнүн кагаз иштеринин сапатынын жогорулашына чоң салым кошкон. Кийин КМУУнун Оштогу филиалынын экономика факультетинин деканы болуп иштеген.
1990-2002-жылдары окуу бөлүмүн Е.Е. Син жетектеген. Ушул жылдары Ош педагогикалык институтунун Ош МУ болуп кайра түзүлүшү, классикалык университеттерге ылайык жаңы адистиктердин ачылышы, КРнын эгемендүүлүккө ээ болгондугуна байланыштуу окуу процессинин нормативдик базасынын жаңыланышы ж.б. өзгөрүүлөр бул бөлүмдүн ишмердигинин мазмунун алда канча байыткан. Бул учурда окуу бөлүмүнүн штаты да, алардын функциялары да бир кыйла кеңейген. Е.Е. Син окуу бөлүмүн жетектеген мезгилден баштап окуу процессин уюштурууга, башкарууга, көзөмөлдөөгө, инспекциялоого тиешелүү жоболорду, эрежелерди, нормаларды камтыган бюллетендер чыга баштаган. Окуу процессине модулдук-рейтингдик система ж.б. инновациялар кийрилген. Ош МУнун Уставы, структуралык бөлүмдөр боюнча жобо иштелип чыгып, бекитилген. Е.Е. Син бүгүнкү күндө педагогика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз билим берүү академиясында эмгектенет.
2002-2008-жылдары окуу бөлүмүн п.и.к., профессор М. Алтыбаева жетектеген. Ош МУнун түштүк региондо ЖОЖдордун флагманы катары ушул этаптагы өнүгүшүн анын ресурстарынын жогорку көрсөткүчтөрү менен мүнөздөөгө болот. Атап айтканда кафедралардын саны 110го, студенттердин саны 35000 ге, ал даярдаган адистиктердин саны 90 го жеткен, ошондой эле аудиториялык фонд, компьютер менен жабдуу жакшырган. Адистерди даярдоону лицензиялык талаптарга туура келгендей жүргүзүү боюнча иштер колго алынып, маалыматтар топтолуп жана университеттин бардык түзүмдөрүн маалымат менен камсыздоо жолго коюлган. Азыркы “Окуу- информациялык департамент” аталышына да бул бөлүм ушул мезгилде ээ болгон. Дагы бир белгилеп кетүүчү жагдай – университеттин номенклатуралык иш кагаздарынын мамлекеттик тилге өткөрүлүшү. Университеттин эки жолу мамлекеттик аттестациядан өтүшүндө (2002, 2007) даярдоо, уюштуруу, жыйынтыктоо сыяктуу негизги иштерди аткарууну окуу информациялык департаментсиз жүзөгө ашыруу мүмкүн эместиги талашсыз. Ошондой эле адистерди даярдоодо дүйнөлүк практиканы өздөштүрүүгө да чыйыр салынып, бакалавр боюнча адистерди даярдоо башталган. Бул учурда М. Алтыбаева Ош МУда билим берүүнүн сапаты департаментин жетектеген.
2008-2011 –жылдарда окуу бөлүмү Окуу-методикалык борбор болуп кайра түзүлүп, ф.-м.и.к., доцент Г.М. Анарбаева жетектеген. Бул мезгилде билим берүүдөгү башкы жана негизги нормативдүү документ болгон – адистиктер боюнча окуу пландары кайрадан түзүлүп, бекитилди. Окуу пландарындагы дээрлик бардык дисциплиналар боюнча окуу программалары түзүлүп, Ош МУнун Окумуштуулар Кеңешинде бекитилди жана басмадан чыгарылды. Окутуунун модулдук-рейтингдик системасын, студенттердин өз алдынча иштерин уюштурууда системалуу, максатка багытталган иш-аракеттер жүзөгө ашырылды. Окуу-усулдук багыттагы иштерди уюштуруу, өткөрүү, жыйынтыктоо маселелерине арналган 30дан ашуун семинарлардын циклдери өткөрүлдү. Иш-аракеттерди системалаштыруу, жалпылаштыруу, оптималдаштыруу иш-чаралары жүргүзүлдү. Учурда Г.М. Анарбаева университеттин аспирантура бөлүмүнүн башчысы болуп иштейт.
2011-жылы Ош МУнун окуу-методикалык борбору жана информациялык-техникалык бөлүмү бириктирилип Окуу-информациялык департамент болуп түзүлүп, директорлук кызмат орунга ф.-м.и.д., профессор А. Сопуев келген. 2011 – жылдын апрель айынан август айына чейинки кыска убакытта университеттин окуу процессинин уюштурулушунда зор бурулуш жасалды деп айтууга болот. Ош МУда окуу процессин автоматташтыруу боюнча жобо иштелип (№10-бюллетен), AVN информациялык системасы окуу процессине толук кандуу кийирилип башталды. Кыска убакыттын ичинде окуу процессин жаңы нукка бурууга багытталган 15 бюллетень чыгарууга жетишилди. Атап айтсак окуу жүктөмдөр жана аларды пландоо нормалары жөнүндө жобо (№6), студенттердин билимин текшерүүнүн модулдук-рейтингдик системасы жөнүндө жобо (№9), дисциплинанын жумушчу программасынын түзүлүшү жана мазмуну жөнүндө жобо (№11), «Ош МУнун мыкты кафедрасы», «Ош МУнун мыкты факультети» жана «Ош МУнун мыкты окуу кабинети (лабораториясы, компьютердик классы)» конкурстары жөнүндө жобо (№8), «Мыкты окуу куралы жана колдонмо», «Мыкты электрондук окуу курал жана колдонмо» конкурстары боюнча жобо (№7) ж.б.
2011-жылдын август айынан 2016-жылдын август айына чейин Окуу-информациялык департаментинин директору болуп ф.-м.и.к., доцент К.Г. Кожобеков эмгектенген. Бул мезгилде мурда башталган иштер улантылып, документ айлантуу, көзөмөл иштерин автоматташтыруунун жаңы этабы башталды. 2011-2012-окуу жылда окуу процессин уюштуруу, көзөмөлдөө толук АVN ИСнын жардамында ишке ашырылды. Атап айтсак бул окуу жылдан баштап окуу пландар, кафедралардын окуу-жүктөмдөрүн пландаштыруу, студенттердин анкеталык маалыматтары, кыймылы, электрондук зачеттук китепчеси, электрондук жетишүү журналы, электрондук модулдук-рейтингдик система, студенттердин группадагы, адистиктеги, курстагы, факультеттеги, университеттеги рейтинги ж.б. деканат, кафедраларга тиешелүү иш кагаздар менен иштөө толук автоматташтырылды. Учурда К.Г. Кожобеков Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары болуп иштеп жатат.

2016-жылдын август айынан 2017-жылдын февраль айына чейин Окуу-информациялык департаментинин директору болуп с.т.и.к., доцент Расул Абазбек уулу эмгектенген. Бул учурда ОшМУдагы билим берүү программаларын эл аралык аккредитациядан өткөрүүгө кызуу даярдык жумуштары башталды. Азыркы кезде доцент Расул Абазбек уулу ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору кызматында эмгектенип жатат.

2017-жылдын февраль айынан баштап Окуу-информациялык департаментинин директору болуп ф.-м.и.к., доцент Р.Н. Арапбаев жетектеп жатат. Бүгүнкү күндө окутуунун дистанттык формасына толук кандуу өтүү боюнча пландар каралып, ишке ашырылууда. 2017-жылы окутуунун эки баскычтуу структурасы боюнча 75 багыт боюнча бакалавриатка жана магистратурага лицензиялар алынды. Бүгүнкү күндө окутуунун кредиттик технологияларына өтүү жумуштары негизинен аяктап, эл аралык аккредитациядан өтүү үчүн даярдык катары бир канча талкуулар, семинарлардын сериялары уюштурулуп, тиешелүү жобо иштелип чыкты. Бул иш-чараларды уюштурууда окуу-информациялык департамент негизги жумуштарды аткарды деп айтсак жаңылышпайбыз.
ОИДде башкы адистер Н. Курбанбаева, А. Бекмуратов, З. Сулайманова, Т. Ибраимов жетектөөчү адистер Н. Камбарова, К. Сатыбалдыева, М. Орозов , А. Абдирасулов, А. Абдыманап уулу, А. Азимов, методисттер Р. Жуматаева, А. Мамажанова, А. Жусупова, С. Орокова, Г. Омурзакова, Э. Суркеева, инженер-программисттер М. Эргешов, А. Оморбаева, катчы-референт Б. Баридин кызы эмгектенишет.