ОБЩЕСТВЕННАЯ РАБОТА КОЛЛЕДЖА

Студенттик турмуш

      ОшМУнун гуманитардык-педагогикалык колледжи 2017-жылы Педагогика жана дене тарбия факультетинин курамынан бөлүнүп чыгып өз алдынча структурга ээ болду.

      Колледждин жамааты көп улуттуу. Окутуу кыргыз, орус жана өзбек тилдеринде жүргүзүлөт. 2021-2022- окуу жылында 2 тайпа эксперменталдык группа катары көп тилдүү усулун колдонуу менен (кыргыз, орус) окутулууда. Колледждин алдыга койгон максаттарынын бири көп тилдүү билим берүү болуп саналат. Сынактарды кабыл алуу акыркы күндүн талабына ылайыкташтырылып жаңы технология, модулдук-рейтинг системасы аркылуу жүргүзүлөт, бул студенттердин билимин текшерүүдөгү обьективдүү ыкмалардан болуп эсептелет.Колледждин студенттери университетте өткөрүлгөн коомдук, маданий-массалык иштерде өздөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтүп, университеттик деңгээлдеги студенттик конкурстардын жана спорттук мелдештердин жеңүүчүлөрү боло алышат. Спорттун бардык түрлөрү боюнча курама командалар түзүлгөн. Машыктыруучулар дайындалып сабактан сырткары студенттер спорттун бардык түрлөрү боюнча машыгуу жүргүзөт. ОшМУнун факультеттер жана колледждер аралык спорттук мелдештеринде 2018-2019-окуу жылында 1-орунду камсыз кылышса, 2019-2020 –окуу жылында 2-орунду, 2021-2022-окуу жылында 3-орунду камсыздашкан .Колледждин студенттери маданий-эстетикалык тарбия берүү максатында “Ош МУ периси”, “Ош МУ мырзасы”, “Таланттууларды тандайбыз” ж.б. көптөгөн сынак-фестивалдарга катышууда.

      ОшМУнун 80-жылдык мааракесине арналган “ОшМУ МЫРЗАСЫ 2020” кароо сынагына ТОСВТ9-1-17 тайпасынын студентиАгжигитов Шамурат катышып,“ОшМУ МЫРЗАСЫ-2020” жана ИНСТАГРАМ МЫРЗАСЫ -2020 номинациясын женип Ыссык-Көлгө жолдомо, ноутбук жана самсунг смартфонун утуп алган.

      ОшМУ МЫРЗАСЫ-2022-кароо сынагына ПК-1-21 тайпасынын студенти Сайдулла уулу Канатбек катышып 1-орунду камсыз кылып “ ОшМУнун интеллектуал мырзасы -2022” жана “ОшМУнун көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгүнө ээ болгон мырза- 2022” номинациясын женип, Жалал- Абад саноториясына 10 күндүк жолдомо жана 19000 мин сом акча менен сыйланды.

      Ошондой эле “Шайыр Тапкычтар Клубу” түзүлүп, студенттер сабактан сырткары активдүү катышып турушат.

      ОшМУнун факультеттер арасында уюштурулган “Тамашоудо” 2018-2019-окуу жылында биринчи орунду камсыздашып, 20 000 мин сом акчалай сыйлык менен сыйлаанышса, 2019-2020-окуу жылында “вице чемпион” аталып 15 000 сом акча каражатын утуп келинкен. «Ректордун кубогу -2021» кароо сынагында 10000 сом акча каражатын утуп алышкан.“ОшМУ Тамашоу-2021” фестивалында вице чемпион аталып 20000 сом акча каражатын утуп алыышты. Ню старс КВН командасы Кыргызстандын жогорку лигасында, Ош филиалында, Жалал –Абад филиалында жана “Көнүлдүү жигиттер” күлкү долбоорунун фабрикасында оюн көрсөтүп келүүдө. Студенттердин көңүлдүү эс алуусу үчүн көркөм чыгармачылык кружоктор, оюн-зооктор, поэзия кечеси, дебат, дискуссия, брейн-ринг ийримдери өз ишин улантып келүүдө.

      Индустриалдык-педагогикалык колледж – орто кесиптик билим берүүнүн жана атайын орто кесиптик билим берүүнүн негизинде терең пайдубалдуу билимге ээ адистерди даярдоочу максималдуу мүмкүнчүлүктөргө бай билим ордосу.