Новости Архив

2551 08:57 19-03-2016

кафедра тарыхы

кафедра тарыхы

2612 08:54 19-03-2016
Кыскача тарыхы
“Жалпы тарых жана тарыхты окутуунун усулу” кафедрасынын тарыхы.
      Ош мамлекеттик университетинде тарых адистигин даярдоо XX кылымдын 60-жылдарында башталган. А 1960-жылы Фрунзедеги сырттан окуу педагогикалык институту жоюлуп, Тарых адистигиндеги студенттер Кыргызстандын түштүгүндө Ош мамлекеттик педагогикалык институтунда окуй башташкан. 1969-жылы кээ бир саясий пикир келишпестиктен адистик жабылып калган. 1985-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун курамында кайрадан тарых адистиги ачылат, алгач Филология факультетинин курамында бөлүм болуп, “СССРдин тарыхы” жана “Жалпы тарых” кафедралары ачылган. 1990-жылы аталган кафедралар “Жалпы тарых” жана “Ата-Мекен тарыхы” кафедралары болуп кайрадан уюштурулду. Кафедра башчысы болуп т.и.к., доцент Нурдинова Т.С. дайындалган. Андан кийин кафедраны т.и.к., доцент Нарбаев А.Н., т.и.к., доцент Адилбаев Ж. А., т.и.к., доцент Алымкулов К.А. т.и.д., профессор Нурунбетов Б.А., т.и.к., доцент Өмүрзакова Т.Ө. жетектеген. Ал эми 2011-жылдан бери “Жалпы тарых жана тарыхты окутуунун усулу” кафедраны т.и.к., профессор Кадыров Т.Д. жетектеп, алгылыктуу иштер болууда.
Азыркы кезде кафедра “Жалпы тарых жана тарыхты окутуунун усулу” деп аталып, жалпысынан 11 профессордук-окутуучулар курамы эмгектенет, алардын ичинен 7 илимдин кандидаттары, 2 профессор, 6 доцент, 3 улук окутуучу үзүрлүү иштөөдө. Кафедрада магистратурада 7 предмет, бакалаврда 12 предмет, элективдүү курстар окулууда. Профессор-окутуучуларынын жетекчилиги астында, кафедрада адистешкен студенттер жана магистрлер курстук, дипломдук жана диссертациялар жазылып корголууда.
Кафедранын профессор - окутуучуларынын ар биринин изилдеп жаткан илимий темалары бар, мында илимий макалалар, эмгектер, окуу усулдук колдонмолор, окуу китептери, монографиялар жарыяланып турат.
Профессор Кадыров Т. Д., «Борбордук Азиянын тарыхы» (Ош, 2007-ж., 2012-ж.) эки томдугу, «СНГнын тарыхы» (Ош, 2009-ж.), «Кыргызстан тарыхынын барактарынан» (Ош, 2003-ж.), “Кыргызстанда радио уктуруу жана телекөрсөтүүнүн калыптануу жана өнүгүү тарыхы” монографиясы жарык көргөн,
Профессор Адилбаев Ж. А., «Индиянын соңку тарыхы» (1918-2005-жж.) (Ош, 2008-ж.), «Чыгыш өлкөлөрүнүн тарыхнаамасынын негизги маселелери» (Ош, 2008-ж.), “Япониянын соңку тарыхы” 1918-2010-жж. (Ош, 2014-жж.), “Кытайдын соңку тарыхы” (Ош, 2014-ж.), “Чыгыш тарыхы боюнча тарыхый окуялардын, аталгылардын жана түшүнүктөрдүн энциклопедиялык сөздүгү”. (Ош, 2014-ж.)
Доцент Жумашева Г.С. Таш-Көмүр: мезгил, доор жана инсандар (1918-2012-жж.) монография (Б,2012-ж.).“Жаңы мезгилдин тарыхы”(1640-1871-жж.)Б,2015-ж.“Магистрлердин илимий изилдөө практикасын уюштуруу жана өткөрүү” боюнча усулдук колдонмо (Ош, 2014-ж.)
Доцент Султанова А. “Усулдук педагогикалык терминдер негизги түшүнүктөр” (Ош, 2010-ж.) “Адам жана коом предметин окутуудагы терминдер жана негизги түшүнүктөр” (Ош, 2010-ж.)
Доцент Дүйшөнбаева А. “Из истории почта Кыргызстана” (Б, 2013-ж.) монография.
Доцент Чыныкеева Г. “Тарыхый географияны окутуу боюнча окуу усулдук колдонмо ” (Ош,2006-ж.)
Улук окутуучу Эрмекбаев К. М. «Мектептин шартындагы психо-педагогикалык конфликттер» (Ош, 2006-ж.).
Улук окутуучу Айтбаев Т. “Байыркы Греция жана Римдин тарыхы боюнча окуу усулдук колдонмо” (Ош, 2004-ж.)
Окутулуп жаткан предметтер, окутуунун интерактивдүү усулдарынын эффективдүү формаларын жана жаңы усулдук ыкмаларды колдонуу менен иш алып барылууда. Сабактардын өтүлүү деңгээли мамлекеттик, стандарттык талаптарга толук жооп берет.
Кафедра тарых адистигин даярдоодогу негизги кафедранын бири. Профессор- окутуучулар факультеттин 1-курсунан 4-курска жана 5-6-курстарга сабактардын дээрлик көпчүлүк бөлүгүн окутуп келишүүдө. Ошондой эле 2-4-курстарда адаптациялык-педагогикалык, профилдик-базалык, профессионалдык-профилдик ал эми 5-6-курстарда педагогикалык жана мамлекеттик практикаларды уюштуруп, жетектешет. Кафедра бүтүрүүчү кафедра болуу менен тарых адистигиндеги студенттер «Жалпы тарых» жана «Тарыхты окутуунун усулу» боюнча мамлекеттик экзамендерди тапшырышат.
Кафедра Тарых факультетинде жана ОшМУнун турмушундагы илимий, окуу-усулдук, тарбиялык жана жалпы маданий-массалык иштерине кафедранын профессор-окутуучулардын катышуусу жана кошкон салымдары арбын.