ИЛИМИЙ ИШТЕРИ

«Табият таануу жана так илимдер» ПЦКсында 2 илимдин кандидаты, 18 окутуучу (алардын ичинен 4 илим изилдөөчү, 7 аспирант) эмгектенет. ПЦК мүчөлөрү окуу программаларын, окуу куралдарын жана башка окуу усулдук, илимий аспектилердин иштелмелерин даярдоодо иштерди үзүрлүү алып барышууда. ПЦКнын окутуучулары тарабынан 5 окуу китеби, 13 окуу усулдук колдонмо, 100 дөн ашуун илимий макалалар басмадан жарык көргөн.

I. Биологиялык багыттагы изилдөөлөрдү ПЦК нын төмөнкү окутуучулары жүргүзүүдө:

1. Кыргызстандын түштүгүндө кездешүүчү даары өсүмдүктөрдү интродукциялоо. Б.и.к., доцент Аттокуров Курсант Шарабидинович

2. Кыргызстандын түштүгүндө таралган майда кемирүүчүлөрүнүн паразиттик Гамаздык кенелери. Сарымсакова Айчурок Турганбаева

3. Azolla caroliniana Willd нын биоэкологиялык өзгөчөлүктөрү жана чарбачылыкта колдонуу перспективалары. Абдырахманова Жазгүл Сүйүнбаевна

II. Химиялык багыттагы изилдөөлөрдү ПЦК нын төмөнкү окутуучулары жүргүзүүдө:

1. Висмуттун жана сурманын негизинде суу-органикалык чөйрөдө наноматериалдарды алуу. Сатиев Мирланбек Орозалиевич

2. Темирдин ацетатынын амиддер менен болгон комплекстик бирикмелерин синтездөө жана физико-химиялык анализ жүргүзүү. Жумагулова Барчынгул Токомбаевна

III.Методикалык багыттагы изилдөөлөрдү ПЦК нын төмөнкү окутуучулары жүргүзүүдө:

1. Жаш мугалимдерди педагогикалык жактан даярдоонун валелогиялык негиздери. Сарыева Ырысбу Токтомаматовна

2. Орто кесиптик медициналык окуу жайларында химияны кесипке багыттап окутуунун методикасы. Мурзакулова Назгул Абдырахмановна

3. Орто кесиптик окуу жайлардын интеграцияланган сабактарында студенттердин информациялык жана коммуникациялык компетенттүүлүгүн калыптандыруу. Сайпидинова Бусанам Абдыкайымовна

IV. Экологиялык багыттагы изилдөөлөрдү ПЦК нын төмөнкү окутуучулары жүргүзүүдө:

1. Шаар чөйрөсүн стресстик факторлордун таасирлеринен коргоодо парктык бак-дарактардын экологиялык ролу. Маметова Кызбурак Кожоевна

2. Влияние экологических факторов на состояние биоразнообразия растительности Туркестано-Алайского хребта. Бердигулова Мээрим Аматбековна

V. Математикалык багыттагы изилдөөлөрдү ПЦК нын төмөнкү окутуучулары жүргүзүүдө:

1. Асимптотика решения сингулярно возмущенных задач с особенностью. Шооруков Асылбек Абдибахапович.