Студенттердин илим изилдөө иштери

Студенттик илимий-изилдөө иштерин уюштуруунун мазмуну, сапаты, формалары, жыйынтыгы жана көзөмөлдөө:

- курстук жана дипломдук иштердин аткарылышы, сапаты, актуалдуулугу;

- студенттик илимий ийримдер, алардын ишинин натыйжалуулугу, жооптуулар,

катышуучулардын саны;

- адистик жана предмет боюнча өткөрүлгөн олимпиадалардын жыйынтыктары;

- студенттердин республикалык, аймактык, эл аралык олимпиадаларга ж.б. илимий

иш-чараларга катышуусу жана жыйынтыктары;

- студенттердин түрдүү илимий долбоорлорго катышуусу, жыйынтыктары;

- өткөрүлгөн студенттик илимий конференциялар, натыйжалуулугу;

- өткөрүлгөн илим жумалыктары жана алардын жыйынтыктары ж.б.

Регионалдык олимпиадага (Жалал-Абад шаары) факультеттин окутуучулары тарабынан 2 курама команда (тарыхчы жана тарыхчы эмес) даярдалып катышты. Тарыхчы адистиктер арасында факультеттин 3-курсунун студенти Юлдашев Базарбай (жетекчиси – т.и.к., доцент Чыныкеева Г.Э.) 1-орунду жеңип алды.

“Сулайман-Тоо тынчтыктын жана ынтымактын символу” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга” факультеттен 3 окутуучу, 7 студент атайын баяндамалары менен катышты.