Студенческое научное общество

Студенттик илимий-изилдөө иштерин уюштуруунун мазмуну:

- курстук жана дипломдук иштердин аткарылышы, сапаты, актуалдуулугу;

2016-жылдын 21-апрелде курстук иштер корголгон, 22-апрелде дипломдук жана квалификациялык иштерди алдын ала коргоо жүргөн, филология адистиги боюнча 23 дипломдук, 126 квалификациялык иш пландаштырылган, МАК убагында 23 дипломдук, 126 квалификациялык иш ийгиликтүү коргоодон өтүшкөн. Ал эми котормо таануу адистиги боюнча 45 дипломдук, 55 квалификациялык иш корголгон.



      20–апрелде Тарых жана маданият жылына арналган “Илим жумалыгынын” алкагында “Илим - өнүгүүнүн булагы” аттуу жаш илимпоздордун жана студенттердин илимий-практикалык конференциясы уюштурулду.

Пленардык жыйында мамлекеттик тил, чет тили, тарых жана маданият маселелерине арналган мазмундуу докладдар болуп, конференциянын катышуучуларынын кызуу талкуусуна алынды.

Студенттик конференциянын тематикалык багыттар боюнча секциялык отурумдарында ОшМСУдан жана ОшМУнун бир катар факультеттеринен келген жаш илимпоздор жана студенттердин илимий докладдары конференциянын ишин уланды:

1. Мамлекеттик тил, тарых, маданият жана дин маселелери

2. Чет тилдерин үйрөнүү жана эл аралык байланыштар маселелери

3. Өнүгүүдөгү социалдык-экономикалык, укуктук жана саясий көйгөйлөр

ОшМУнун тарых факультетинин студенттерине (илимий жетекчилери т.и.к., проф. Кадыров Т.Д. жана т.и.к., доц. Чыныкеева Г.Э.) конференцияга келип, активдүү катышканы үчүн ыраазычылык билдиребиз.

Студенттик илимий практикалык конференциянын комиссиясынын жыйынтыгы менен төмөнкү студенттердин баяндамалары “эн мыкты баяндама” деп табылып факультеттин мактоо баракчасына сунушталды:

1. Англис-кыргыз макал- лакаптарынын прагмалингвистикалык культурологиялык аспекти ОшМСУнин окутуучусу Ташбаева Г.

2. “ Кыргыз этнониминин келип чыгышынын кээ бир маселелери ОшМУ, тарых факультетинин 1 курсунун студенти Суйутбеков Байаман Ил.жет.: т.и.к.,доц. Кадыров Т.Д.

3. “1916-жылдагы кыргыздардын улуттук-боштондук көтөрү лүшОшМУ, ЧТФнин окутуучусу Нишанов Ч. Б.

4. “Учурдагы этнодемографиялык процесстер, кыргыздардын тилдик курамы” ОшМУ, тарых факультетинин 1 курсунун студенти Досназаров Акжол

Ил.жет.: т.и.к.,доц. Чыныкеева Г.Э.

5. “ Кыргыз АССРне 90 жыл” Мурзабекова Нуржанат

илимий жетекчиси: Карабаева Э. Тарых факультети

6. “Кыргыз малекеттүүлүгүнө 25 жыл” Суюнбаева Мадина

Илимий жетекчиси : Турдубаева А. Тарых факультети

7. “Кыргыздын улуттук баш кийимдеринин өзгөчөлүгү” Кыдыралы кызы Акылай, Ибрагимова Жумагул, илимий жетекчиси: Капарова Ж. Искусство факультети.

8. Калпакова Айпери “Народно-освободительная борьба 1916

Илимий жетекчи:Карабаева Э. Тарых факультети




















ЧТФнын студенттери ОшМУда өткөн “Студент жана илимий-техникалык прогресс” аттуу аймактык илимий конференцияда


Чет тилдер факультетинин студенттери 2015-жылдын 20-ноябрында Ош мамлекеттик университетинде илим күнүнө карата өткөн “Студент жана илимий-техникалык прогресс” аттуу аймактык студенттик илимий конференцияга активдүү катышышты. Өздөрүнүн түрдүү темаларда даярдаган кызыктуу докладдары менен чыгышып, секциялардын ишинде кызуу дискуссия жаралды. Конференциянын жыйынтыгында мыкты баяндама жасаган студенттерге дипломдор ыйгарылды. ЧТФнын студенттери атап айтсак, Торобай кызы Зарина, Муктарова Курманжан (4АРК2) жана Русина Татьяна ОшМУнун I жана III даражадагы Ардак грамоталарына жана бир Дипломго ээ болуп кайтышты. Студенттерибиздин мындан ары да илимий изилдөөлөрүндө ийгиликтер каалайбыз.