О кафедре (общая информация о кафедре с фото заведующего)

Кафедранын тарыхы

1959-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун алдында музыкалык педагогикалык факультети негизделип, анын базасында “Музыканын теориясы жана тарыхы” кафедрасы ачылган. Алгачкылардан болуп кафедраны Алма-Ата консерваториясынын бүтүрүүчүсү А. Ленгард жетектеп, кафедра илимий - усулдук жагынан башка окуу жайлары менен байланышып чон ийгиликтерге жетишкен. Андан кийинки кафедранын өсүп-өнүгүшүнө кафедра башчылары Осмонбек Мамытов, Темирбек Жолдошев, Кубаныч Осмонов, Кожо Жумабаев, Букарбай Иметов, Жасур Салахов, Идрис Жолдошев, Муса Абдугулов, Канышайым Сагынбаева, Филиппова Раиса Маратовналар салымдарын кошушкан. 2009-жылдан факультеттин курамындагы “Ырдоо жана хорду дирижирлөө”, “Музыкалык тарбиялоонун усулу жана теориясы” кафедралары бириктирилип, учурдагы «Музыкалык тарбиялоонун усулу, теориясы жана хорду дирижерлөө» кафедрасы болуп ишин улантууда.



Кафедранын базасында түзүлгөн хор жамааты доцент С. Дүйшеналиевдин жетектөөсүндө эл аралык конкурстарда байгелүү орундарды ээлеп келишкен. 1975-жылы Бүткүл союздук хор коллективдеринин Таллин шаарында өткөрүлгөн конкурста алтын медалга, 1977-жылы Болгариянын Варна шаарында өткөрүлгөн Эл аралык конкурсунда күмүш медалга татыктуу болгон, 1978-ж. Орто Азия жана Казакстан Республикаларынын аймактар аралык өткөрулгөн хор жамаатарынын конкурсунда биринчи орунду женип алышкан, 1978-жылы Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты болгон, ар эки жылда өткөрүлүп туруучу Республикалык «Студенттик жаз» фестивалына такай катышып ар дайым жеңүүчүлөрдөн болуп келген. Учурда кафедрада 4 илимдин кандидаты: 2 профессор, 5 доцент, 5 магистр, 6 улук окутуучу, 7 окутуучу, 2 концертмейстер, 1улук лаборант, 1 методист эмгектенишет.



Кафедра төмөндөгү адистикти даярдайт:

Шифр: 550600 “Көркөм билим берүү” Профили: “Музыкалык билим берүү”(квалификация бакалавр) Нормативдик окуу мөөнөтү: 4 жыл Кафедранын илимий багыты - “Музыка мугалимин даярдоо көйгөйлөрү”- Мамлекеттик каттоо № 006872 Кафедрада музыкалык билим берүүнүн бакалавр академиялык баскычына абитуриенттерди кабыл алуу тиешелүү эрежелер боюнча жүргүзулөт. Башка адистиктерден өзгөчөлөнүп музыкалык билим берүү адистигине кабыл алынган абитуриенттер музыкалык жөндөмдүүлүк жана сабаттуулугу боюнча ооз эки жана жазуу жүзүндө экзамен тапшырышат, ошондой эле кыргыз (орус тили) тили боюнча тест алынат. Сынактардан ийгиликтүү өтүшкөн абитуриентер окууга кабыл алынып, мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык билим алышат. Бакалавр баскычы боюнча окууну аяктагандар магистр академиялык (II - жылдык) баскычы менен окуусун уланта алышат



Билим берүү ишмердиги:

550600 “Көркөм билим берүү”, профили Музыкалык билим берүүдө (Бакалавр академиялык баскычында), Музыкалык тилдин структурасы, Гармония, Сольфеджио, Полифония, Музыкалык чыгармаларды талдоо, Музыканын тарыхы, Чет элдик музыканын тарыхы, Музыкалык тарбиялоонун усулу, Элдик бий, Хорду дирижерлөө, Хор классы, Хор таануу, Хор адабияты, Хорду аранжирлөө, Музыканын теориясы. Негизги профессионалдык музыка мугалимин тарбиялоо., Орус классикалык муз. тарыхы, Мектеп чыгармаларын өздөштүрүү, Музыка таануу., Вокал сабагы, Негизги музыкалык аспап, Жалпы фортепиано, Музыка аркылуу экологияны түшүнүү, Ата мекен музыкасынын тарыхы сыяктуу предметтерди кеңири өздөштүрүүгө жетише алат. Ошону менен бирге “Адаптациялык педагогикалык практика”,“Профессионалдык -базалык практика”, ”Профессионалдык профилдик практикадан” өтүшөт. Кафедранын материалдык-техникалык базасы: Кафедранын материалдык-техникалык базасы музыкалык билим беруу адистигин даярдоого карата мамлекеттик билим беруу стандартынын талаптарына жооп берет. Лекциялык залдар өтүүгө ылайыкташтырылган жана музыкалык аспаптар менен камсыздандырылган. Кафедранын карамагында атайын үн жазуучу лаборатория иштейт. Музыкалык билим берүү адстиги үчүн окуу усулдук адабияттар дээрлик камсыз болгон жана жылына жаңы окуу куралдары менен толуктанып турат. Лекциялык сабактарды жана түрдүү маданий иш чараларды өткөрүү үчүн концерттик зал пайдаланылат. Кафедранын окутуучулары тарабынан белгилүү обончу композитор Р.Абдыкадыровдун музейи түзүлгөн. Компьютердик класс интернет менен туташтырылган. Лекциялык сабактарда мультимедиялык система менен интерактивдик доска пайдаланылат.



Окуу процессин методикалык жана информациялык багытта камсыздоодо, окуу усулдук адабияттар менен негизинен университеттин, факультеттин китепканалары жана окуу залдары аркылуу ишке ашырылат. Китепканаларда окуу усулдук жана илимий адабияттар журналдар, ноталык жазуулар студенттердин сапаттуу билим алуусун толук камсыз кылат. Илимий иштерди жургузуу учун ата мекендик адабияттар менен кошо чет элдик басылмалары пайдаланылат. Булар менен катар студенттерди кафедранын окутуучулары тарабынан иштелип чыккан окуу-усулдук материалдар менен камсыздайбыз. Студенттердин кошумча материалдарга ээ болуусу үчүн музыкалык сөздүктөр жана музыкалык энциклопедиялар колдонулат. Китепканаларда кыргыз жана чет элдик композиторлордун чыгармаларынын партитуралары китепканаларга тийиштүү. Булардан сырткары университеттин электрондук китепканасынан да пайдаланабыз. Китепканада искусство, музыканын тарыхы боюнча 40тан ашуун DVD диск бар жана мультимедиялык технология боюнча компьютердик продукталар да колдонулат. Бүтүрүүчүлөргө болгон муктаждык жана алардын кесиби боюнча ишке орношуусу республиканын билим берүү мекемелеринде музыка мугалими, бала бакчаларда музыкант-тарбиячы катары иштешет. Искусство факультетинин бүтүрүүчүлөрү Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы билим берүү жана маданий мекемелеринде эмгектенишет. Бүтүрүүчүлөрдүн арасынан окууну артыкчылык диплому менен аяктагандар орто жана жогорку окуу жайларына кызматтка кабыл алынат. Ноябрь айында өткөрүлгөн иш берүүчүлөр менен болгон семинарда биздин бүтүрүүчүлөрдүн билиминин жогору экендигин жана практикалык - машыгууларынын талапка толук жооп берерлигин иш берүүчүлөр белгилешти.