Новости Архив

Факультет
   Физика-математика факультети Ош педагогикалык институту ачылганда 1951-жылы түзүлгөн. Физика жана математика деген эки кафедрасы ачылган. 1965-жылы «Физика кафедрасы» «Жалпы физика» жана «Эксперименталдык жана теориялык физика» кафедраларына бөлүнгөн. 1985-жылы физика-математика факультети экиге бөлүнүп, физика факультети түзүлгөн жана 1987-жылы кайрадан бириккен. Физика факультетинин деканы болуп ф.-м.и.к., доцент Ш.Исмаилов иштеген. 2003-жылы Энергоресурстар жана коммуникациялык технологиялар институту инженердик, атайын техникалык дисциплиналар, фундаменталдык жана жалпы илимдер кафедралары менен жаңыдан түзүлгөн. Институттун директору болуп ф.-м.и.к., доцент Ы Ташполотов дайындалган. 2006-жылдын 2-июнундагы ОшМУнун Окумуштуулар Кеңешинин чечими менен Физика, математика жана информатика факультети, Компьютердик технологиялар факультети жана Энергоресурстар жана коммуникациялык технологиялар институту жоюулуп, 10 адистиктикти тейлөөчү, адистешкен 6 кафедра курамына кирген физика-техника факультети түзүлгөн жана факультеттин деканы болуп ф.-м.и.д., проф. Ы.Ташполотов 2007-жылдын сентябрына чейин иштеген. Ал эми 2007–жылдын сентябрынан 2010-жылдын 15-октябрына чейин физика-техника факультетинин деканы болуп т.и.д., профессор И.Г. Кенжаев, 2010- жылдын 15-октябрынан 2011-жылдын 1-октябрына чейин факультеттин деканынын милдетин аткаруучу болуп ф.-м.и.д., профессор Ы.Ташполотов дайындалган, ал эми 2011-жылдын 1-октябрынан 2016-жылдын 1-октябрына чейин Физика-техника факультетинин декан болуп факультеттин профессордук-окутуучулук курамы көпчүлүк добуш менен шайлаган ф.-м.и.к., доцент М.Ч.Өскөнбаев иштеди. 2016-жылдын 11-октябрь күнү факультеттин профессордук-окутуучулук курамы бир добуштан т.и.к., доцент Айдарбеков Зарипбек Шариповичти Физика-техника факультетинин деканы кызматына шайлап алышты жана ал азыркы мезгилде факультетти жетектеп келе жатат. Физика-техникалык факультетинде Кыргыз Республикасынын илимине эмгек синирген 1 ишмер, Кыргыз Республикасынын билимине эмгек синирген 1 кызматкер, Кыргыз Республикасынын Инженердик Академиясынын 1 академиги, 3 илимдин докторлору, профессорлор, 15 илимдин кандидаттары, доценттер, 13 улук окутуучу жана 8 окутуучу эмгектенсе, 14 жардамчы кызматкерлер окуу лабораторияларын, окуу мастерскойлорунун жана кабинеттеринин окуу процессинин толук кандуу иштешине өбөлгө түзүү менен студенттердин теориялык алган билимдерин практикада бышыкташына ыңгайлуу шарттарды түзүп беришет.