кафедранын паспорту

                       Журналистика бөлүмүнүн тарыхы

      Журналистика адистиги ОшМУда 2000-жылы орус филологиясы факультетинде ф.и.д., профессор М.Тагаевдин демилгеси менен ачылган. 2003-жылдын 3-февралында журналистика кафедрасы түзлгөн.
      Кафедрада журналистикага тиешелүү бардык предметтер киргизилип, натыйжада ММК тармагындагы толук кандуу адистер даярдала баштады. Жалпы түштүк аймагы боюнча мындай кафедра буга чейин болгон эмес.       Ачылган кафедра алгачкы күндөрдөн баштап эле журналистика тармагы боюнча илимий - изилдөө иштерин жүргүзө баштады. 2005-жылдан бери бүтүрүүчү студенттер ар кандай темада дипломдук иштерди жазышып, ийгиликтүү коргоп келүүдө. Журналистика кафедрасы тилдер жана дүйнөлүк маданият институтунун астындагы МАББнын курамына кирип, жалпы институттун Окумуштуулар Кеңешине карады. Биринчи кафедра башчылыгына Ломоносов атындагы МГУнун бүтүрүүчүсү доц. Ж.К. Туралиев дайындалган. Кафедра башчылык кызматында Ж.К.Туралиев, Н.Бекмухамедова, А.Мурзахметов, К.Турдиев, С.Сеитбекова, В.Н.Зилинга, Г.Абдимиталиповалар эмгектенип келишти.
      Бүгүнкү күндө журналистика бөлүмүн ф.и.к., доцент Н.Мапаева, кафедраны ф.и.к., доцент С.Эргешова жетектеп келет.
      Кафедрада 12 окутуучу бар. Алардын бешөө илимдин кандидаттары: Ж.Туралиев, Б.Исаков, Г.Абдимиталипова, Н.Мапаева, С.Эргешова.
      Кафедранын курамын белгилүү журналисттер доценттин милдетин аткаруучу Ж.Акимов, ф.и.к., доц. Ж.Туралиев, ф.и.к., доц Б.Исаков, ф.и.к., доц. Г.Абдимиталипова, ф.и.к., доц. С.Эргешова, улук окутуучулар Т.Эрмекбаев, Ч.Абдиева, Г.Эрназарова, М.Мамырова, В.Зилинга, Н.Адаев, Т.Турсуналиев, А.Абдылдаевда практикада жана педагогикада эмгектенишет. Кафедра мүчөлөрү эки тилдеги (кыргыз, орус) адистиктерде эмгектенет жана окуу иштери жүргүзүлөт. Адистикке байланыштуу ар түрдүү багыттагы семинар, тренинг, мастер класстар кафедрада өткөрүлүп турат.
      Көптөгөн студенттерибиз жана бүтүрүүчүлөрүбүз азыр республикалык ММКнын бардык тармактарында кызмат кылууда. Мисалы, Кыргызстанга белгилүү журналисттер К.Чыдынов, Ж.Акаев, Т.Алдакулов, Г.Ажиматова, Бакир кызы Мээрим, Ж.Капаров, Э.Нурматов, Н.Алымкулова, Кубат уулу Искак, Г. Суванова жана башкалар биз сыймыктанган бүтүрүүчүлөр.
      Биздин журналистика бөлүмү чыгармачылык жаштардын башын бириктирген бөлүм. Бизде мыкты редакторлор, продюсерлер, режиссерлор, операторлор, дикторлор, корреспонденттер, фото кабарчылар, репортерлор даярдалат. Университетте атайын журналисттик адистикке даярдоочу база түзүлгөн: Алар: медиа-борбор (интернет байланышы), «Үмүт» телестудиясы, «Нур» газетасы, «Жаны толкун» журналы, электрондук китепкана.
      ОшМУ эки баскычтуу бакалавр системасына өткөндүктөн, журналистика бөлүмүндө да 1-2 – курстун студенттери бакалавр боюнча түзүлгөн окуу планынын негизинде күндүзгү жана дистанттык бөлүмдө билим алышат, ал эми жогорку курстун студенттери 5 жылдык окуу планынын негизинде күндүзгү жана сырттан окуу бөлүмүндө окушат.
      Окуу планы мамлекеттик стандартка ылайык түзүлүп, министрлик тарабынан бекитилген. Алардан 39 предмет профилдөөчү милдет аткарат. Англис, кыргыз, орус тилин адабият циклиндеги предметтерди филологдор өтүшөт. Жалпы билим берүүчү сабактарды университет аралык кафедралар тейлейт (тарых, политология, филасофия, экология ж.б.). «Журналистика» кафедрасынын алдында телерадио, басма съз лабораториясы, маданий-эстетикалык борбор, компьютердик класс жана ънъркана иштейт. Кафедра Үмүт ТВ, Башат ТВ, ЭлТР (ЭлFM радиосу), ОшТВ, 5-канал, 7-канал, Баткен ТВ, ЖТР, “Алмаз” радиосу, “Азаттык” радиосу, “Би-би-си” радиосу, Ынтымак телерадио компаниялары менен тыгыз байланышып иш жүргүзөт. «Кыргыз туусу», «Ош шамы», «Ош жаңырыгы», «Эхо Оша», «Курдаш», «Нур» гезит-журналдары менен кызматташтыкта иш алып барат. Анткени теорияны практика жүзүндө ишке ашырууда бул байланыштардын мааниси зор. Адистик керектүү окуу китептери менен камсыз болгон.
      Журналистика кафедрасынын мүчөлөрү факультеттин эле эмес, университеттин да ар кандай коомдук-маданий, окуу-усулдук иштерине активдүү катышып, жигердүү темп менен эмгектенип келишүүдө.