Научно-исследовательская работа

МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕЖДИН ИЛИМ –ИЗИЛДӨӨ ИШТЕРИ БОЮНЧА ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ

Окутуучу-профессордук курамдын сапаттык көрсөткүчү

ОшМУнун медициналык коллежи, ОшМУнун илимий-изилдөө иштери КРдин Жогорку аттестациялык комиссиянын 2015-жылдагы, КРдин Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-июлундагы №327-токтому менен бекитилген ЖОБОлорго, КРдин “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамынын 2019-жылдын май айындагы өзгөртүүлөрүнө ылайык жүргүзүлүп келүүдө. Медициналык коллеж университетте илимий-изилдөө ишмердүүлүгү Кыргыз Республикасындагы жогорку билим берүү жана илим саясатындагы университеттин ролуна ылайык жана илимдин приоритеттүү багыттары менен тыгыз байланышкан деңгээлде аткарылышына салым кошуп келе жатат.

2024-жылдын 1-январына карата медициналык коллеждин жалпы профессордук-окутуучулук курамынын саны – 218, анын ичинен: 15 - илимдин кандидаты, тактап айтканда: Арынов З.С., Коланов О., Аттокуров К.Ш., Төрөбаева Д.К., Барынбаева А.А., Борсонов А.Р., Орунбаева Б.М., Абжалов М.А, Шоокумова Д.П., Эркебаев Т.К, Сүйүнбекова А., Жапаров Ө.Т., Сатиев М.О., Кеңешов Б.М., Орунбаева Г.Ж., эмгектенишүүдө. Жалпы профессордук-окутуучулук курамынын сапаттык көрсөткүчү 6,8% түзөт.

Илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо

2023-жылы коллежде 2 кандидаттык диссертация корголгон. Сатиев М.О.- 2022-жылдын 23-декабрында УИА караштуу Химия жана фитотехнология институту жана ОшМУга караштуу Д 02.21.629 диссертациялык советинде Бишеке шаарында кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргоду.Темасы:«Получение наноматериалов на основе висмута и сурьмы в водной и органических средах» .

Барынбаева А.А. - 2023-жылдын 19-майында саат 13:00дө Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын А. А. Алтмышбаев атындагы Философия, укук жана социалдык-саясий изилдөөлөр институту жана Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине караштуу философия илимдери боюнча Бишкек шаарында кандидаттык диссертацияларды коргоду.Темасы: “Медициналык жоопкерчиликтин биоэтикалык маңызы” 09.00. 11 – социалдык философия.

Мындан сырткары көптөгөн диссертациялар диссертациялык кенештерде коргоонун алдында турат. ОшМУда илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн материалдык колдоо көрсөтүү көптөн бери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келет, ошол мүмкүнчүлүктөн биздин окутуучулар да пайдаланып келишүүдө. Тактап айтканда, 2012-жылдын октябрь айынан баштап кандидаттык диссертация коргогон окутуучулар 20 000 сом, докторлук диссертация коргогон доценттер 40 000 сом акчалай сыйлык алышса, 2014-жылдын 24-январынан баштап кандидаттык диссертация коргогон окутуучулар 25 000 сом, докторлук диссертация коргогон доценттер 50 000 сом акчалай сыйлык алышкан. Ал эми 2015-жылдын 5-мартынан баштап кандидаттык диссертация коргогон окутуучулар 30 000 сом, докторлук диссертация коргогон доценттер 60 000 сом акчалай сыйлык алып келишкен болсо, 2018-жылдын 2-мартынан баштап кандидаттык диссертация коргогон окутуучулар 50 000 сом, докторлук диссертация коргогон окумушутулар 100 000 сом акчалай сыйлык алып жатышат. Бул колдоо илимий-изилдөө иштерин өнүктүрүүгө, илимдин кандидаттары жана докторлору үчүн чоң стимул болоору талашсыз.

Коллжде жаш окумуштуулар менен адистердин кесиптик өсүшүнө өбөлгө түзүү, алардын кызыкчылыгын коргоо, илим жана билим берүү чөйрөсүндө жаштар саясатын өнүктүрүү максатында илимий изилдөө бөлүмүнүн алдында жаш илимпоздордун кеңеши менен иш алып барууда.