Новости Архив

Новости программы Мевлана

Мевлана программасына катышууну каалоочу студенттердин ээсине

Мурда жарыялангандай документтерди кабыл алуу 22-26-февральда жүргүзүлөт.

Студенттер тапшыруу керек болгон документтер (формалар):

1-Арыз (Заявка) формасы (студент форма заявканы компьютер аркылуу толтурат, принтерден чыгарып кол койуп, андан кийин сканерден өткөрүп PDFсы менен биргеликте тапшырат координаторлоруна, атайын үлгүсүндөгү форманы толтурулат).

2-Транскрипт ( GPA, орточосу эң аз 2,50 болуусу шарт) (pdf formatın сканерден өткөрүлүүсү шарт) англис же түрк тилине котормосу болуусу керек. Транскрипт- окуган предметтери.

3 - Студенттин түрк тили боюнча сынактын жыйынтык баасы (Түрк тили сынагынын жок дегенде %50 туура болушу керек) же түрк тилин билет деген сертификат, документ болуусу шарт.

Эскертүү: Түрк тили маселеси боюнча университеттин эл аралык байланыштар бөлүмү тарабынан уюштурулуп жаткан жаңы Түрк тили курсунун жана ТӨМЕР программасынын катышуучулары да Мевланага документтерин тапшыра алышат.

Терең урматтоо менен координатор