ФАКУЛЬТЕТТИН ТАРЫХЫ

КЫРГЫЗ ФИЛОЛОГИЯСЫ

ЖАНА ЖУРНАЛИСТИКА ФАКУЛЬТЕТИ

Кыргыз тили жана адабияты адистигине даярдоо 1945-1946-жылдары башталган. 1945-жылы Ош мугалимдери институту болуп түзүлүп, 1951-жылы Сталиндин буйругу менен Ош мамлекеттик педагогикалык институту болгон. Ал эми 1992-жылы 2-июлдагы Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин буйругу менен өз алдынча Кыргыз филологиясы факультети болуп түзүлүп, адистерди даярдоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. Факультеттин биринчи деканы болуп профессор Н.Бейшекеев (1991.10.09 − 17.12), андан кийин доценттер Д.Туратов (1991.17.12 − 1992. 06.07), Т.Аширбаев (1992. 06.07 − 1997. 27.09), Т.Нуруев (1997. 27.09 − 1999. 01.08), С.Момуналиев (1999. 13.09 – 2007. 27. 06), Ж.Элчиев(2007.27.06 − 2010. 09.02), Г.Жамгырчиева (2010. 09.02 − 2010. 13.02) , 2010-жылы 13-сентябрынан факультетти педагогика илимдеринин доктору С.Момуналиев жетектеди. Ал 2011-жылы 2-декабрда кайрадан дагы 5 жылга декандык кызматка шайланган. 2016-жылдын 15-декабрында филология илимдеринин кандидаты, доцент Н.Турганбаев атаандаштыктын негизинде шайланган.

2010-жылы ОшМУнун Окумуштуулар кеңешинин (31.09.10.) чечимине ылайык факультет Кыргыз филологиясы жана журналистика деп аталып, кайра түзүлгөн. Курамына журналистика бөлүмү кирген.

Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин негизги кызматы кыргыз филологиясы боюнча адистерди, ошондой эле болочок журналисттерди даярдоо болуп саналат. Бул факультеттин түштүк аймакта ээлеген орду − өзгөчө. Анткени факультет болочок филолог жана журналисттерди даярдоо менен гана чектелбестен, бул аймакта мамлекеттик тилдин бекем орун-очок алышына да олуттуу салым кошууда. Ошондой эле факультет илимий-изилдөө иштерин уюштуруунун, педагогикалык кадрлардын билим деңгээлдерин жогорулатуунун негизги борбору болуп келет.

Факультетти түптөп, алгачкылардан болуп иштеп кетишкен белгилүү окумуштуулар − проф. А.Турсунов, проф. А.Садыков, академик А.Акматалиев, проф. С.Ибрагимов, проф. С.Шатманов, проф. Н.Бейшекеев, проф. Ж.Мамытовдор. Факультеттин тунгуч бүтүрүүчүлөрү болушкан п.и.д., проф. Б.Алымов, ф.и.к., доцент А.Сыдыков, ф.и.к., доцент С.Гапаров, ф.и.к., проф. Ж.Шериев, ф.и.д. проф. М.Сулайманов белгилүү мугалимдер КРнын Эл мугалими М.Байымбетов, Эл агартуу мыктылары А.Мамажунусов, Э.Каримов, А.Козуевалар − жалпы эле кыргыз илими менен билим берүүсүнө өзгөчө салым кошушкан инсандар.

Мамлекеттик сыйлыктарга татыктуу болушкан бүтүрүүчүлөр да арбын. Булар − Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты К.Коңкобаев, Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты ф.и.д., проф. Т.Аширбаев, «Кыргыз тили» төш белгисинин ээлери К.Исаков, С.Момуналиев, Т.Нуруев, Ж.Элчиев, А.Мурзакметов, К.Нармырзаева ж.б.

Билим берүүгө, илимге сиңирген эмгеги үчүн «КРнын Билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкерине» К.Оморкулов, Д.Туратов, «КРнын билим берүүсүнүн мыктысына» Т.Нуруев, С.Момуналиев, З.Тагаева, Л.Жусупакматов, Б.Темирова, Ж.Элчиев, З.Раимбердиевалар татыктуу болушкан.

Факультеттеги кафедралар төмөндөгүдөй багытта илимий иликтөө иштерин жүргүзүшөт:

1. Кыргыз тилинин изилдениш тарыхы;

2. Түрк тилдеринин тарыхы;

3. Азыркы кыргыз тилинин актуалдуу маселелери;

4. Кыргыз тилинин стилистикасы;

5. Көркөм чыгарманын тилдик курулушу;

6. Кыргыз фольклору;

7. Ырчылар чыгармачылыгы;

8. Кыргыз профессионал жазма адабияты;

9. Кыргыз тилин жана адабиятын мектептерде окутуунун актуалдуу маселелери;

10. Окутуунун жаңы технологияларынын теориялык – практикалык негиздери;

11. Жогорку окуу жайлары үчүн окуу программаларын жана окуу куралдарын түзүү принциптери;

12. Студенттердин илимий – изилдөө иштерине жетекчилик кылуу;

13.Жалпы билим берүүчү мектептер үчүн кыргыз тили жана кыргыз адабиятынан окуу куралдарын түзүүнүн проблемалары.

Факультетте 1 илимдин доктору, 3 профессор, 21 илимдин кандидаты, доценттер, жалпысынан 65 окутуучу эмгектенип, «Тил илими», «Кыргыз адабияты», «Филологиялык билим бер үү технологиялары», «Журналистика» жана “Факультеттер аралык кыргыз тили” кафедралары окуу-тарбиялык жана илимий-усулдук иштерин жүргүзүшүп, төмөнкүдөй адистиктерди даярдашат.

  • Кыргыз тили жана адабияты;
  • Журналистика;

Студенттердин кесиптик чеберчиликтери менен чыгармачылыгын өркүндөтүүгө «Усулчу», «Тилчи» , «Көркөм чабыт», «Бүчүр» ийримдери өбөлгө түзсө, Япон борбору, “Казак тили жана маданияты”, “Өзбек тили жана адабияты” борборлору «Кут ордо», «Манас таануу», Ж.Шериев, Т. Аширбаев атындагы окуу кабинеттери жана «Мамлекеттик тил үйрөнүү», «Хромокей», “ЧатырЛаб” кааналары жана “Журналистика стедиялары мыкты адистерди даярдоого кызмат кылууда. Демек, адистикке даярдоодо факультетте жеткиликтүү материалдык-техникалык база түзүлгөн.

ФАКУЛЬТЕТТИН СТРУКТУРАСЫ

Факультеттин структурасы (Кызмат)

Аты-жөнү

Илимий даражасы

1

Декан

Турганбаев Нурмамат Орозович

ф.и.к., доцент

2

Декандын окуу иштер боюнча орун басары

Эргешова Сейил Бактыбековна

ф.и.к., доцент

3

Декандын тарбиялык иштер боюнча орун басары

Тажибаева Жыпаргүл Жамшитовна

Окутуучу

4

Декандын илимий иштер боюнча орун басары

Камардинова Уялхан Нурмаматовна

ф.и.к., доцент

5

Магистратура бөлүмү

Табалдыева Медергүл

Улук окутуучу

6

Усулдук кеңеш

Маматова Асылкан

Улук окутуучу

7

Практикалар боюнча жооптуу

Камчыева Жылдызкан Абдикадировна

Улук окутуучу

8

Профком

Жумаев Нурбек

Улук окутуучу

9

Кыргыз тили илими кафедрасы

Кошуева Майниса Жумаевна

ф.и.к., доцент

10

Кыргыз адабияты кафедрасы

Мурзакметов Абдымиталип Камытович

т.и.к., доцент

11

Филологиялык билим берүү технологиялары кафедрасы

Момуналиев Сатканбай Момуналиевич

п.и.д., проф.

12

Журналистика кафедрасы

Жамгырчиева Гулина Төлөбаевна

ф.и.д., проф.

13

Факультеттер аралык кыргыз тили кафедрасы

Каразакова Зувайда Жамиловна

ф.и.к., доцент

14

Жапон маданияты борбору

Мурзакметов Абдумиталип Камытович

т.и.к., доцент

15

Казак тили жана маданияты борбору

Мурзакметов Абдымиталип Камытович

т.и.к., доцент

16

Өзбек тили жана маданияты борбору

Исманова Акибатхан Алимжановна

Окутуучу

18

Студенттик жаштар комитети

Темиров Баястан

Студент