Ош мамлекеттик университетинин факультеттер аралык профессор-окутуучу жана кызматкерлердин спартакиадасы 25-30 январга чейин болуп өттү. Чет тилдер факультетинин окутуучулары Исмаилова Р.А., Жээнбекова Ч.М., Аттокурова Т., Жоробекова Г., Жалиева Ж.М., Козубаева А. ж.б. спорттун баардык түрүнө активдүү катышышты.


















































2016-жылдын 25-февралында Чет тилдер факультетинин Америка жана Котормо таануу кафедрасы тарабынан “Ата- Мекенди коргоочуларынын ” күнүнө карата , атайын жигиттер арасында “Мекеним-менин көз карегим ” аттуу сынак болуп өттү.

Сынак Ош МУнун №3 жатаканасында өткөрүлдү.

Сынакта беш жигит катышышты.Даярдыктар эң мыкты болду, ошондой эле алып баруучулардын коштоосунда болуп өттү. Эң негизгиси, калыстар тобунун болгону жана адилеттүү сынак өткөрүп , чыныгы жеңүүчүнү аныктап беришти.

Сынактын катышуучулары:

1) Бегмат у Ноорузбек

2) Асанов Эрманас

3) Анапия у Кайратбек

4) Тойчубек у Кыялбек

5) Абдиллаитов Өмүрбек

Калыстар тобу :

1) Жээнбекова Г.Т.

2) Бакытбекова А.

3) Юсупов З.

4) Кубанычбек У Н.

5) Маткалыков А.

2016-жылдын 25-февралында Чет тилдер факультетинин Америка жана Котормо таануу кафедрасы тарабынан “Ата- Мекенди коргоочуларынын ” күнүнө карата , атайын жигиттер арасында “Мекеним-менин көз карегим ” аттуу сынак болуп өттү.

Сынак Ош МУнун №3 жатаканасында өткөрүлдү.

Сынакта беш жигит катышышты.Даярдыктар эң мыкты болду, ошондой эле алып баруучулардын коштоосунда болуп өттү. Эң негизгиси, калыстар тобунун болгону жана адилеттүү сынак өткөрүп , чыныгы жеңүүчүнү аныктап беришти.

Сынактын катышуучулары:

1) Бегмат у Ноорузбек

2) Асанов Эрманас

3) Анапия у Кайратбек

4) Тойчубек у Кыялбек

5) Абдиллаитов Өмүрбек

Калыстар тобу :

1) Жээнбекова Г.Т.

2) Бакытбекова А.

3) Юсупов З.

4) Кубанычбек У Н.

5) Маткалыков А.


































27-октябрь ЧТФда Өзгөчө Кырдаал Министилигинин окуу борборунун ага окутуучулары Көккөзов Арипжан Максытович жана Чекиров Токтогул, студенттерге Жер титирөөдө жүрүм-турум эрежелери жөнүндө семинар-тренинг өтүп беришти.






























3-декабрь ОшМУнун чет тилдер факультетинин студенттери "Майыптарды калтырбайлы капада" аттуу акциясынын алкагында "ОШ шаардык мүмкүнчүлүгү чектелген балдар" үйүнө барып, абалдарын сурап, белектерин тапшырып кайтышты. Студентер концерттик программанын коштоосунда балдардын маанайларын бир топ көтөрүштү.
































































            2016-жылдын 1-апрелинде чет тилдер факультетинде англис тилинин фонетикасы жана грамматикасы кафедрасынын жалпы окутуучуларынын уюштуруусу менен тарых жана маданият жылына карата “Тарых жана маданият –улут жүзү” аттуу иш-чара болур өттү.Тарыхыбыз жана маданиятыбыз кыргыз улутунун жүзү. Анткени тарыхтын жана маданияттын унутулуп бара жаткан баалуулуктарын, маданий жана материалдык мурастарын калыбына келтирүү менен тарыхыбызды жана маданиятыбызды андан ары өнүктүрүүгө болот. Карт тарыхтын эчен кылымдардагы барактарында бир нече ирет далилденгендей калктын жалпы маданиятын, рухий дүйнөсүн байытпай туруп, мамлекеттин экономикасын, социалдык- маданий абалын жогорулатууга мүмкүн эмес. Ал эми маданият өнүкмөйүнчө өлкөнүн өнүгүшү кыйын, ар кандай эл маданияты, үрп-адаты, рухий байлыктары менен дүйнөгө таанылат эмеспи.














Тарбиялык кечебиз тарыхый жана маданий болуп эки бөлүктөн турду. Анын максаты:жаштарды таалим тарбияга чакыруу болуп төмөндөгүдөй темаларды камтыды:

· жаштардын мекенчилдик сезимдерин ойготуу

· тарыхты жана маданиятты мыкты өздөштүрүү

· рухий дөөлөтөрүбүздү сактоо

· студенттерди толеранттуулукка үндөө

· улууга урмат кичүүгө ызат көрсөтүү



Бүгүн глобалдашуу жүрүп жаткан учурда кыргыз элинин кылымдан калыптанып келе жаткан каада-салтын,рухий жана маданий дөөлөттөрүбүздү баалап сактоодо жаштарды тарбиялоо маселесине өтө жогорку дэңгээлде маани берип, мамиле жасоо максатында,тарбиялык кечени уюштурууда кафедранын башчысы,доцент Акматова Айниса Абдибаитовна чоң салымын кошуп ,кеп кеңештерин берди жана 1-2 –курстардын кураторлору демилгени колдоп беришти.

Тарбилык кече алгач КРдин гимни менен башталып,жаштарыбыздын мекенчилдик сезимдерин ойготту,андан ары “тарых жана маданият” жылына карата даярдалган видеокөргөзмө көрсөтүлдү.Бул видеокөргөзмөдөн студенттерибиз тарыхыбыз жана маданиятыбыз жөнүндө кеңири маалымат алышты.








Ошондой эле англис тилинин фонетикасы жана грамматикасы кафедрасынын доценти Калмаматова Замира жана доцент Исмаилова Райкан эжекелерибиздин Кыргыз АССРинин түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгы жана Кыргыз ССРинин түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгы тууралуу презентациялары тарбиялык кечебиздин эң мазмундуусу, кызыктуусу болуп көркүн ачты.

Чындыгында чет тилдер факультетинде таланттуу , билимдүү студенттер окуп жаткандыгына жалпы катышуучулар дагы бир ирет ынандык.Студенттердин Улуу үркүндөн сахналык көрүнүш көрсөткөнү улуу боштондук үчүн болгон күрөштүн элестерин берди. Ал эми улуу жазуучубуз Ч.Айтматовдун кыргыз элинин сабаттуулугун жойуу аракеттери көрсөтүлгөн “Биринчи мугалим” чыгармасы да студенттер тарабынан сахналаштырылып көрсөтүлдү. Ошондой эле таланттуу студенттер тарабынан даярдалган улуттук бийлер,комуз күүлөрү,көркөм окуулар,жандуу ырлар студенттер тарабынан айтылган макал-лакаптар,накыл сөздөр, улуу “Манас”эпосунан үзүндү жаштарыбыздын улуттук аң-сезимин ойготту жана ушуларды терең үйрөнгөндө гана жаштар акылга каныгат, өнүгүп-өсөт.
“Адамдын келбети,кийими гана сулуу болбостон,анын ички дүйнөсү,ойлору да сулуу болуш керек”-деп орус жазуучусу А.П.Чехов айткандай,маанияттуу жана элеганттуу көрүнүүдө кийимден башка адамдын баскан турганы,ички дүйнөсү,өзүн эл адында кармоо,сүйлөө манерасы,улууга урмат,кичүүнү ызаттоо ж.б.адеби,ыйманы,маданияты чоң мааниге ээ.Ошондуктан студенттер факультетте,сырткы чөйрөдө жана башка чөйрөлөрдө кандай кийинүү жана өзүн алып жүрүү керек экендигин сахналык көрүнүш менен жана слайд шоу менен көрсөтүшүп беришти жана бул кече жаштарды бардык жактан маданияттуу болууга чакырды. Тарбиялык саатыбыз кызыктуу,пайдалуу,мазмундуу болуп өтүп,өз максаттарын ишке ашырды.






























“Кыргызстанымдын желеги- жүрөгүмдө желбирейт”

Тарых жана маданият жылына, 3-март Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желеги кабыл алынган күнүнө карата “Кыргызстанымдын желеги- жүрөгүмдө желбирейт” менкенчилдик иш-чарасы Чет тилдер факультетинде 3-март күнү эрте мененки саат 08:00дөн 08:30га чейин окуу имаратынын киреберишинде үч жигит килем үстүндө Кыргыз Республикасынын желегин көтөрүп турушту. Саат 08:20да Чет тилдер факультетинин деканы, ф.и.к., доцент С. Ш. Калыгулова салтанаттуу жыйынды ачты. Кыргыз Республикасынын желеги жөнүндө кыскача тарыхый-философиялык баяндаманы факультеттин деканы жасап, студенттерди жана окутуучуларды куттуктады. Андан соң Кыргыз Республикасынын гимни хор менен ырдалып, Кыргыз Республикасынын желегине таазим кылышкандан соң имаратка киришти.















































































17 - ноябрь студентердин күнүнө карата чет тиилдер факультети 16-ноябрь күнү "Студенттикке кабыл алуу-2015" аттуу кечеси өткөрүлдү. Аталган иш-чара ОшМУнун башкы корпусунун чоң залында болуп өттү. Бул кечеде ЧТФнын деканы, ф.и.к., доцент С.Ш. Калыгулова студентерди куттуктап биринчи курстарга студенттик билет, окурмандык билет жана зачеттук китепчелерин тапшырды. Мындан сырткары студенттерди куттуктоо үчүн Илимий иштер боюнча проректор, биология илимдеринин доктору, профессор Т.Т. Жумабаева жана Кадрлар бөлүмүнүн башчысы педагогика илимдеринин кандидаты., профессор Г.Т. Турдубаева баш болуп куттукташты. Кечени талантуу ырчылар: Марсиана Дарманбек кызы, Догдурбек Акималиев жана Нуртилек Абдыгапаровтор коштоду. Факультеттин биринчи курстарынан түзүлгөн "FFL" командасы кечени өзгөчө шаңга бөлөдү.















































































































26-октябрьда 2015жылы ОшМУда Эгиздер фестивалы болуп өттү. ЧТФдан эки түгөй катышты: Үсөнова Айпери,Нурпери жана Апал,Үпөл Нурказиевалар. Алар "Ажарлуу" жана "Жылдыздуу" эгиздер аттуу номинациаларга ээ болушту.