Кафедранын тарыхы
Кыргыз адабияты кафедрасы 1975-жылы Ош педагогикалык институтунун филология факультетиндеги кыргыз тили жана адабияты кафедрасынан бөлүнүп чыгып, өз алдынча кафедра катары ишин баштаган. Анын башчылыгына конкурстун негизинде филология илимдеринин кандидаты Дүйшөнбай Туратов шайланып, 1986-жылга чейин жетектеген. 1986–1994-жылдары доцент Кутубек Оморкулов, 1994–1999-жылдары доцент Токтош Танаев, 1999–2002-жылдары доцент Пайзылда Ирисов, 2002-2003-жылдары доцент Мурзакметов Абдумиталип, ал эми 2003-2014-жылдары Темирова Бактыгүл, 2014-2017-жылдары кайрадан доцент Мурзакметов Абдумиталип кафедра башчысы болуп жетектеп келген. 2017-2018-окуу жылында доцент Жамгырчиева Гулина кафедра башчысы милдетти аткарды. Учурда доцент Мурзакметов Абдумиталип кафедра башчылык милдети аткарып жатат. Бул мезгил аралыгында кафедрада белгилүү филолог окумуштуулар, таланттуу педагогдор, илимдин доктору, профессорлор - А.Садыков, Ж.Шериев, доценттер - А.Сыдыков, Б.Абдурашитов, М.Садыков, С.Кадыров, Т.Танаев, К.Жээналиев, Б.Тажикова, Б.Өкөева, А.Саттарова, Р.Исмаилова, Б. Темирова, Т.Колдошев, филология илимдеринин докторлору – Исаков Каныбек, ага окутуучулар – Н. Батыров эмгектенишкен. Учурда кафедрада 7 окутуучу бар. Тарых илимдеринин кандидаты, доцент - А.Мурзакметов, филология илимдеринин доктору, профессор-Г.Жамгырчиева, улук окутуучулар- Кулушев Токтомамат,Табалдыева Медергүл, окутуучулар – Алпаизова Бүсадат, Жолдошова Кимсан,Токтобек уулу Исирадин жана катчы-референт – Достонбай кызы Камила үзүрлүү эмгектенип келе жатышат.