О кафедре

КАФЕДРАНЫН ТАРЫХЫ ЖАНА ӨНҮГҮҮСҮ

«Ишканалардын экономикасы жана бизнести башкаруу» кафедрасы Ош Мамлекеттик Университетинде кадрларды даярдоону жакшыртуу максатында Ош МУнун ректорунун № 79-буйругунун негизинде 2002-жылдын 27-августунда түзүлгөн.

Кафедра түзүлгөндөн баштап “Ишкана экономикасы жана башкаруу”, “Уюмдун менеджменти” адистиктери боюнча экономист-менеджерлерди жана 521600 “Экономика (Ишкана экономикасы жана башкаруу)”, 521500 “Менеджмент” багыттарындагы бакалавр даражасынын бүтүрүүчүлөрүн ийгиликтүү бүтүрүп келген. Аталган адистиктердин бүтүрүүчүлөрү азыркы учурда республиканын түштүгүндөгү жана башка аймактарындагы менчиктин ар кандай формасындагы ишкана-мекемелерде эмгектенишүүдө жана кафедранын окутуучулук курамы менен тыгыз байланышып турат.

Кафедра ОшМУнун ректорунун буйругунун негизиндеги 2021 жылдын 18 – октябрындагы №1 протоколуна ылайык 2 кафедрага бөлүнүп “Ишкана экономикасы жана башкаруу” кафедрасы деп аталууда. Бүгүнкү күндө рыноктук экономиканын талаптарына ылайык 580100 “Экономика (ишкана экономикасы жана башкаруу)”, багыты боюнча күндүзгү, сырттан окуу формасында студенттерди жана магистранттарды даярдоо менен иш алып барууда, ошондой эле изденүүчүлөр, аспиранттар менен тыгыз иш алып баруу менен биргеликте, аймактык илимий-өндүрүштүк маселелерди чечүүдө, квалификацияны жогорулатууда жана кайра даярдоодо активдүү катышып келүүдө.

Кафедранын профессордук-окутуучулук курамы мамлекеттик жогорку профессионалдуу билим берүү стандартынын алкагында окуу, илимий-изилдөөчүлүк, методикалык жана тажрыйбалык ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө. Көптөгөн окутуучулар өзүнүн илимий-педагогикалык деңгээлин жана квалификациясын жогорулатуу үстүндө иштөөдө жана ар түрдүү илимий конференцияларга катышып, макалаларын жарыкка чыгарып жана кафедранын илим изилдөөчүсү болуп эмгектенүүдө. Кафедра түзүлгөндөн баштап 10 окутуучу өздөрүнүн кандидаттык диссертацияларын жана 2 доктордук диссертациясын ийгиликтүү коргошкон.

Кафедранын профессордук-окутуучулук курамы лицензиялык талаптарга жооп берет. Кафедранын профессордук-окутуучулук курамында жогорку билимдүү окутуучулар, алардын ичинен - 2 илимдин доктору, профессор, 5 илимдин кандидаты, доцент, 2 улук окутуучу жана 3 окутуучу эмгектенип келишүүдө.

Кафедраны 2002-жылдан 2008-жылдын февраль айына чейин техника илимдеринин кандидаты, доцент М.Ж. Айбашев, 2008-жылдын февраль айынан 2015-жылдын декабрына чейин экономика илимдеринин доктору, профессор М.Б. Убайдуллаев, 2015-жылдын декабрь айынан 2016-жылдын сентябрь айына чейин экономика илимдеринин доктору, профессор У.Ж. Эргешбаев жетектеп келген, 2016-жылдын декабрь айынан 2021- жылдын октябрь айына чейин экономика илимдеринин кандидаты, доцент Талайбек уулу Тариэль, 2021 – жылдын октябрь айынан баштап кайрадан экономика илимдеринин доктору, профессор М.Б. Убайдуллаев ийгиликтүү жетектеп келүүдө.