Магистратура буклети

ИСКУССТВО ФАКУЛЬТЕТИНИН ТАРЫХЫ

ОшМУнун маданий-эстетикалык, чыгармачылык жактан өсүп-өнүгүүсүнө өз салымын кошуп келе жаткан искусство факультети 1959-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун базасында музыкалык-педагогикалык факультет болуп ачылган.1963-1964-окуу жылында аталган факультетте 2 кафедра иштеген: «Музыканын теориясы жана тарыхы”, «Музыкалык аткаруучулук кафедрасы”. Ош МУнун окумуштуулар кеңешинин чечими менен 1993-жылдын 2-сентябрынан баштап, музыка жана сүрөт-чийүү боюнча жогорку билимдүү мугалимдерди жана маданий-агартуу кызматкерлерин даярдоочу искусство факультети болуп түзүлгөн.
Искусство факультети төмөндөгү адистиктерди даярдайт: Искусство факультетинин ачылышы ОшМунун тарыхында өтө чон мааниге ээ. Искусство факультети жогорку музыкалык билим берүү боюнча Кыргызстандын туштук регионунун борбору болуп эсептелет жана татыктуу окутуучуларды, музыканттарды, суротчулорду, дизайнерлерди жана маданият кызматкерлерин тарбиялап чыгарат, алардын көпчүлүгү Республикабыздын билим берүүнүн мыктысы, маданияттын эмгек сиңирген ишмери, эмгек сиңирген артисти, сүрөтчүсү жана эл артисти болуп келишет. Алардын ичинен Р. Абдыкадыров, Ж. Алибаев, Ф. Баяков, И. Жунусов Искусство факультетинин ушул деңгээлге жетүүсүнө чоң салымдарын кошушкан. Факультеттин тарыхында эл сүрөтчүлөрү А. Бейшенов жана М. Оморкуловдор факультеттин сыймыктары болушкан. Азыркы учурда Искусство факультетинде 39 окутуучу, алардын ичинен 3 профессор, 3 илимдин кандидаты, 2 эл артисти, 2 эл сүрөтчүсү, 13 доцент, 11 маданияттын жана билимдин мыктылары эмгектенип келүүдө. Искусство факультетинде 3 кафедра иш жүргүзүүдө:
“Музыкалык тарбиялоонун усулу, теориясы жана хорду дирижирлөө” кафедрасы, “Элдик музыкалык аспаптарда аткаруу жана ырдоо” кафедрасы, “Сүрөт, чийүү жана эмгек” кафедрасы. Факультетте 526 студент бар, алардын ичинде Казакстан, Таджикстан, Өзбекстан жана Россиядан келип билим алышууда.
Учурдун талабына ылайык заманбап компьютерлер,жогорку байланыштагы интернет бар. Университет толугу менен окуу процессинде электрондук байланышка өткөн. Ош Мамлекеттик Университетинде 35 000 даана окуу усулдук китептери бар. Окуу методикалык китептери Искусство факультетинин китепкаанасында толугу менен жетиштүү.
Ош мамлекеттик университетине кош келиңиздер!
МАГИСТРАТУРАНЫН ТАРЫХЫ
Ош мамлекеттик университети - адамзаттын руханий баалуулуктарын сактоо жана байытуу боюнча тарыхый миссиясын татыктуу аткарууда окуу процессин интеграциялоонун, фундаменталдык илимий изилдөөлөрдүн жана инновациялык ыкмалардын негизинде коомдун интеллектуалдык элитасын даярдоону камсыз кылуучу алдыңкы билимди жана маалыматты алууга жана таркатууга багыт алган изилдөөчү типтеги классикалык университет. ОшМУ үч баскычтуу билим берүүгө (бакалавриат, магистратура, PhD докторантура) укук алган республикадагы 3 мамлекеттик университеттин курамына кошулуп, бүгүнкү күндө Борбордук Азиядагы алдыңкы университеттердин катарына кирди.
МАГИСТРАТУРАНЫН БАГЫТТАРЫ

№ Шифр Адистиги Окуу мөөнөтү Контракт
1 550600 Көркөм искусствосу (музыка жана сүрөт адистиги) 2 жыл 26360 сом
2 570700 Костюм жана текстиль искусствосу 2 жыл 26360 сом
АРТЫКЧЫЛЫКТАРЫ
Магистратура – бул уюштуруучулук-башкаруучулук, аналитикалык, долбоорлук-экономикалык, илимий-изилдөөчүлүк жана педагогикалык иш – аракетке адистерди даярдоого багытталган жогорку кесиптик билим берүүнүн экинчи деңгээли. Магистрлер илимий маалымат алуунун заманбап информациялык технологияларынан кабары бар жана негизги илимий методологияга ээ болушу керек.

Магистрдик диплом – бул илимий карьеранын башаты гана эмес, жетекчилик кызматтарга жана престиждүү жумушка орношуудагы негизги конкуренциялык артыкчылык. ОшМУда магистр даражасын алуу программасынын нормативдик мөөнөтү – 2 жыл. Магистратурага тапшыруу үчүн абитуриент тиешелүү багыт боюнча “бакалавр” академиялык даражасы же тектеш адистик боюнча “адис” квалификациясы ыйгарылган жогорку кесиптик билимге ээ болушу керек. Магистрлерди адистештирип даярдоонун эки жылдык программасы окуу процессиндеги индивидуалдаштырууну камсыз кылат. Магистр даражасын алууга умтулган студент үчүн негизги жетектөөчү документ болгон жекече окуу планы түзүлөт. Бул планда магистранттын адистешүүсү, окуунун көлөмү жана мөөнөтү, аттестациянын формасы жана магистрдик диссертациянын темасы көрсөтүлөт.

Магистрдик диссертация илимий жетекчинин жетекчилигинде иштелип чыгат. Эгерде магистрдик диссертация илимий багыттардын айкалышында жазылса, анда эки илимий жетекчи дайындалышы мүмкүн. Магистратураны ийгиликтүү аяктаган жана магистрдик диссертацияны коргогон магистранттарга “магистр” академиялык даражасы ыйгарылат жана мамлекеттик үлгүдөгү магистрдин диплому берилет. Магистратурада окуган учурда магистрант төмөндөгүдөй артыкчылыктарга ээ болот:
• тандап алган илимий чөйрөсү боюнча тереңдетилген билим алууга;
• илимий-изилдөөчүлүк иши менен алектенүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.
• стажировка, практика өтүү жана илимий-изилдөө орду эске алынган индивидуалдык окуу планын тандоого мүмкүндүк берген өздүк билим берүү траекториясын түзүү мүмкүнчүлүгүнө;
• магистрдик диссертация жазуудагы тажрыйба келечекте PhD докторантурада окууга жардам берет;
• магистранттар жогорку окуу жайларда, атайын орто окуу жайларында, лицейлерде жана орто мектептерде иштъъ чн окутуучулук тажрыйба алышат;
• магистр даражасына ээ болуу эмгек акынын жогорулашы жана жумушка орношуу үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачып берет. Магистрлердин профессионалдык иш-аракети болуп төмөнкүлөр эсептелет:
• уюштуруучулук-башкаруучулук;
• аналитикалык;
• проекттик-экономикалык;
• илимий-изилдөөчүлүк;
• илимий-педагогикалык.
Магистратураны аяктагандан кийин магистрлер ОшМУнун PhD докторантурасында окуусун уланта алышат. Магистранттарды даярдоо күндүзгү формада жана окутуунун дистанттык технологиясын колдонуу менен ишке ашырылат.
Окуу мөөнөтү 2 жыл.
Магистранттарды кабыл алуу келишимдик негизде 2014–жылдын 1–июлунан 25-августуна чейин жүргүзүлөт. Магистратурага тандап алуу аңгемелешүүнүн негизинде ишке ашат.
ОШМУНУН МАГИСТРАТУРАСЫНА ТАПШЫРУУ ҮЧҮН КЕРЕКТЕЛҮҮЧҮ ДОКУМЕНТТЕР:
• өздүгүн жана жарандыгын тастыктаган документ – паспорт жана анын көчүрмөсү;
• ОшМУнун ректоруна арыз;
• резюме;
• ар түрдүү баскычтагы (бакалавр, специалист, магистр) жогорку кесиптик билим жөнүндөгү мамлекеттик үлгүдөгү диплом;
• адистин өздүк баракчасы;
• аскердик билет жана эмгек китепчеси;
• 3 х 4 өлчөмүндөгү 6 даана сүрөт;
• №086 У медициналык справка.

ОшМУнун магистратурасы – бул жогорку билимдин туу чокусу, ал эми магистрдин диплому –
бүтүрүүчүнүн жогорку квалификациясынын далили.
Ош мамлекеттик университетинин магистратура департаменти


Кыргыз Республикасы, 723500
Ош шаары, Ленин көчөсү, 331,
ОшМУнун башкы корпусу
Тел.: +996 3222 2 45 25, факс: +996 3222 2 40 66
Уюлдук тел.: 0772 750705, 0552 750705, 0773 826880
www.oshsu.kg

Биздин дарек:
Ош ш. проспекти А.Масалиева-Монуева 48в
Искусство факультети
Байланыш телефондору:
(03222)7-64-06
(0773)55-76-77
(0773)41-41-44
(0773)08-00-54