Мероприятия
      Ош мамлекеттик университетинин тарых факультетинин магистратура бөлүмү.

      Тарых факультетинин базасында 2014-2015-окуу жылында магистратура бөлүмү ачылды. Магистратурадагы окуу процессин факультеттеги жалпы тарых жана тарыхты окутуунун усулу, Кыргызстан тарыхы жана археология, этнология кафедраларындагы 13 илимдин кандидаты, доцент, профессорлор жүргүзөт.       Артыкчылыктары болуп төмөнкүлөр эсептелет.       Магистратура – бул социалдык-экономикалык билим берүү багытында мыкты деңгээлдеги уюштуруучулук-башкаруучулук, аналитикалык, проекттик-экономикалык, илимий изилдөөчүлүк жана педагогикалык иш аракетке даяр болуучу адистерди (магистрлерди) окутуунун формасы. Тарых факультетинин магистрлери илимий маалыматалуунун заманбап информациялык технологияларынан кабары бар жана негизги илимий базага жана методологияга ээ болот. Магистратурада окуган учурда магистрант төмөндөгүдөй артыкчылыктарга ээ болот: - Мыкты профессионалдык билим берүүнүн жогорку тепкичине ээ болууга; - Белгилүү бир адистештирилген профилдик багыт боюнча жана кызыккан илимий чөйрөсү боюнча тереңдетилген билим алууга; - үч семестрдин ичинде илимий-изилдөөчүлүк иши менен алектенүү мүмкүнчүлүгүнө (төртүнчү семестрди магистрдик диссертацияны жазууга арнаса болот); - Магистрдик диссертация жазуудагы тажрыйба келечекте PhDдокторантурада окууга мүмкүндүк жана жардам берет; - Магистранттар жогорку окуу жайларда, атайын орто окуу жайларында, лицейлерде жана орто мектептерде иштөөүчүн окутуучулук тажрыйба алышат; - Магистранттар стажировка, практиканын бардык түрлөрүн өтүү - Магистрлер илимий изилдөө орду эске алынган индивидуалдык окуу планын тандоого мүмкүндүк берген өздүк билим берүү траекториясын түзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат; - Магистр даражасы магистранттын тандап алган багыты боюнча илимий –изилдөөчүүлүк иш аракетке даярдоо менен билимдерди теориялык жактан терең өздөштүрүүгө шарт түзөт; - Магистр даражасына ээ болуу менен эмгек акынын жогорулашы жана жумушка орношуу үчүн кеңири мүкүнчүлүктөрдү ачып берет. Тарых факультетиндеги илимий изилдөөчүлүк, өндүрүштүк, илимий педагогикалык практикалар учурунда архивдерде, китепканаларда жана талаа маалыматтары менен иштеп магистрдик диссертациясын жазууга чоң көмөк ала алышат. Магистратура бөлүмү университетте жана факультетте жаңы тармак. Тарых факультетинин магистратура бөлүмүндө сабак 1-сентябрдан башталды. Жалпы 2 жыл окушат, контрагы 26 260 (жыйырма алты миң эки жүз алтымыш) сом. Окуу планы жана жумушчу окуу планы мамлекеттик стандарттын негизинде бекитилген. Магистратура бөлүмүндө мамлекеттик стандартка ылайык ар бир семестрде экзамендердин саны 7 ден ашроосу зарыл.
      Магистранттар үчүн практиканын баардык түрлөрүнө атайын күндөлүк иштеп чыгарылган. Илимий-изилдөө практикасынын жыйынтыгы болгон күндөлүктөрүн бөлүнгөн жетекчилерине тапшырып, баалары сынак баракчаларына коюлат.