ОшМУ периси
                  ОшМУ периси Дубайда эс алат!!!

      23- апрель күнү Ош улуттук драма теартында Ош мамлекеттик университетинин “ОшМУ периси - 2014” сынагы болуп өттү. Өзгөчө форматта уюштурулган кароо-сынакта алгач перилер эң акыркы үлгүдөгү автоунаалар менен келип, көптөгөн студенттерди аралап басуу менен кызыл килем аркылуу театрга киришти. Конкурстун негизги максаты ОшМУнун Жаштар комитети Абылкасым уулу Канатбек билдиргендей иш чарадагы сулуулукту даңазалоо, студенттердин эстетикалык-наравалык жактан эс алуусун шарттоо болуп саналат.
      Сынакка Бишкек, Ош шаарындагы белгилүү журналисттер, обончу, аткаруучулар, дизайнерлер калыстык кылып, жыйынтыгында медицина факультетинин кымча бел, чийме каш сулуу студенти Бекова Аида “ОшМУ периси - 2014” номинациясын жеңип алды. ОшМУ перисине ректорат жана профсоюз комитети жомоктогудай туристтик эксклюсивдүү шаарлардын сап башында турган Дубайга эс алууга жолдомо ыйгарды. Педагогика жана дене тарбия факультетинин студенти Алимбекова Алтынай I орунду алуу менен “ОшМУнун акыл карачачы - 2014” номинациясына болсо, чет тилдер факультетинин студенти Сүйүтбекова Элиза II орунду алуу менен “ОшМУнун таланттуу периси-2014” аталды. III орунду алган бизнес жана менеджмент факультетинин студенти Досова Акбермет “ОшМУнун ажарлуу периси - 2014” номинациясына ээ болду. Сынакка катышкан бардык кыздарга кереметтүү Ысык-Көлгө эс алууга жолдомолор берилди. Мындан сырткары шаардагы “MGN Extra” магазининен, “Faberlik” жана “Дарья” сулуулук салондору перилерге түрдүү белектерди тапшырды. Ошондой эле сынактын бардык катышуучулары “Fееl сitу” жаштар клубунда эс алуу мүмкүнчүлүгү берилди.
      Өзгөчө айта кетчү жагдай, Кыргызстандын тарыхында биринчи болуп ЖОЖдун перисине БАЭнин эң кооз шаарларынан болгон Дубайга жолдомо ыйгарылды. Буга чейин конкурстун жеңүүчүлөрү Ысык-Көлгө эс алуу менен гана чектелчү. А бул жылы болсо конкурска катышкан ар бир сулуу ысык-Көлдө эс алуу бактысына ээ болушту. Демек ОшМУ бул жаатта да классикалык түрдөн жаңы багытта секирик жасады десек болот. Мындай жолдомолорду айрым гана мекеме-институттар уюштурбаса, өлкөбүздө дээрлик жокко эсе.



      Абылкасым уулу Канатбек,
      Сүрөттөрдү тарткан: Азизилла уулу Иманбек