Жарыяланган макалалар


      Ата-эне  
   
 
Колго алып баштарымда ырымды,
Ары-бери оодаргылап сырымды.
Кытыгылап аркы-берки жагымдан,
Мени жаз деп тийишип да жатышты.

Колго тийсе карандашым жорголоп,
Кайгы-капа баарысы тең жоголот.
Маңдайымда үмүт шамы жаркырап,
Анча-мынча кайгыны да тоготпойт.

Ата десем бак дарактар өнүшүп,
Апа десем суулар агат көбүкшүп.
Айлана бт шаңга толуп ырымда,
Сулуу кыздар чачын назик өрүшүп.

Алдей-алдей айткандарың кулагыма угулат,
Насаатарын мончок болуп моюнума тагылат.
Апакебай көп ойлонуп койдуңбу эмне?
Саамай чачың агыш тартып баратат.

Балдарым деп эч нерседен чарчабадың,
Акылды нечен ирет калчагансың.
Эмне мынча къп кыйналып калдыңызбы?
Атаке бубак басып кара чачың.

Өмүр суусу аккан суудай агып барат,
Уул-кызыңар балапандай канат акгат.
Ата-энем къп кыйналып кайгырбачы,
Нур жүзүңө бырыш түшүп баратат.

Тырыш тшп агарсада чачыңар,
Биз үчүн абасынар,жашсынар,
Келечекке жол ачып жарык кылган,
Жол көрсөткүч маңдайдагы шамсыңар.

      Эне жүрөгү

Бир келебиз булл жарыкка адам болуп,
Адамбыз биз ойлонгун ой токтотуп,
Сыйлайлы ата-энени көзү өткөнчө
Кор кылсаң кыйналарсың о одүйнөдө.

Бир пайгамбар мрзънн жанынан бара жаткан,
Гөр ичинде бир бала күйүп жанган.
Ошол замат топтоду эли журтун,
Келе жатат чубалып туш тараптан.

Айтты ал»Бул кимдин баласы»-деп
Баарысы тең билбейм деп карап турган.
Алыс жакта келе жатат бир сөлөкөт,
Көрсө ал энеси экен ыйлактаган.

Жетип келди ла аңгыча узабай,
Эл анны ктп турган таёыркай.
Ошондо пайгамбар съз баштады ,
Кечиргин деп балаёды шоорду маңдай.

-Кечирбеймин бул уулду эки дүйнө,
Жашабайт бул уул эми жүрөгүмдө.
-Кечиргрн деп пайгамбар да кайрылды,
Күйүп жатат өз уулуң ушул гөрдө.

-Кечирбеймин деди эне аянычтуу,
Көпчүлүк дале турат таң калыштуу,
Кеиресинби пайгамбар деди эле ,
Кечирбеди кантседе байкуш эне.

Андан соң буйрук кылды жигиттерге
Ачкыла гөрдө деди карап туруп энеге.
Жигиттер киришти гөр казмакка,
Эне аны карап койот анда санда.

Гөр ачылды «кара деди өз балаңды»,
Көпчүлүк оозун ачып таңыркады,
Көз жашы сала-сала ылдый кулап,
Көрдү эне күйүп турат жан баласы.

Мээрим чексиз жумшак жрък болк этти,
Купкуу жзн шордуу жашка кинтти.
Өзүн-өзү басып туруп алсыз эне,
«Кечирдим»деп ары карап басып кетти.

Ошол замат от токтоду жалын өчтү,
Чогулган эл баланы кайра көмдү.
Эбегейсиз эненин мээримине,
Башкалардын жүрөгү да чөмүлдү.

Көз жашы тыйылбады көп убакыт,
Көз жаш менен өзүн-өзү жубатып
Энекелер мээримиңер кебелбес.
Кечиресиң күнөө кылсам кечирилгис

      Эсенали кызы Үмүтай ЖК-1-12 тайпасынын студенти