Полевые практики
Окуу- талаа практикасы кафедрадагы предметтерди өздөштүрүүнүн негизги формасы болуп саналат жана ал үчүн жетишерлик сандагы сааттар бөлүнгөн. Практика жылдын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен өткөрүлөт, анда теориялык жактан алган билимдерди бекемдөө менен илимий изилдөө иштери үчүн материалдар топтолот. Кафедрада предметтерден төмөндөгү багыттар боюнча окуу-талаа практикалары өткөрүлөт: - Өсүмдүктөрдүн морфологиялык өзгөчөлүктөрү жана алар жашаган жердин шарттарына жараша өзгөрүү закон ченемдүүлүктөрү; - Өсүмдүктөрдүн көп түрдүүлүктөрү. - Өсүмдүктөрдөгү физиологиялык процесстерди эксперименталдык методдор менен үйрөнүү. - Өзгөргүчтүктүн жана тукум куучулуктун айрым закон ченемдүүлүктөрү менен таанышуу. - Типтүү мектеп участогунун түзүлүшү, аны уюштуруунун усулу. - Атайын предметтер боюнча окуу-талаа практикалары.
      Талаа практикасы-2021
      “Кыргыз-Ата” мамлекеттик улуттук жаратылыш паркы өзгөчө экологиялык, геоботаникалык, жана фауналык баалуулуктарга ээ, арчалуу токойлордун кайталангыс жаратылыш комплексин сактоо максатында түзүлүп, корголуучу жаратылыш аймактарынын жаңы формасы катары эсептелинет. Мында пайдалануунун өзгөчө корголуучу режими орнотулган. Жаратылышты коргоодо өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын бирикмесинин орду чоң мааниге ээ. Башкача айтканда, мамлекеттик улуттук жаратылыш жана биосфералык парктары, мамлекеттик коруктар, мамлекеттик заказниктер, эс алууга багытталган жаратылыш аянттары. Аталган категориялардын ичинен мамлекеттик улуттук жаратылыш парктары өзгөчө орунда турат. “Кыргыз-Ата” улуттук паркы жалпы аянты 11172 га түзүп, андагы токой каптаган жерлери - 2974,9 га түзөт. Аталган мамлекеттик улуттук жаратылыш паркы Ош шаарынын түштүк-батыш тарабынан 75км аралыкта, Ноока тшаарынан 35км аралыкта, Ноокат районунун Кара-Кой капчыгайында жайгашып жана түндүк тараптан Ноокат токой-чарбасынын жерлери менен, чыгыштан, түштүктөн, батыштан мамлекеттик жер фонду менен чектешет. Деңиз деңгээлинен 2200-4000м бийикчектерде Алай ТОО кыркасынын түндүк жантаймаларында жайгашкан. Улуттук парк аймагы негизинен эки чоң жылганын ичинде жайгашкан – Кара-Кой жана Мазар. Өсүмдүктөр дүйнөсү улуттук паркта толук изилденип бүтө элек. 2007-2009-жылдары улуттук парктын кызматкерлери тарабынан парктагы өсүмдүктөр дүйнөсү такталып, 217 түрү бар экендиги аныкталган. Анын ичинен: бадал-дарактардын 21 түрү, өсүмдүктөрдүн 196 түрү аныкталып, алардын 14 түрү дары чөптөргө кирет. Азыркы убакта изилдөөлөр улантылууда. Өсүмдүктөрдүн толук изилдениши үчүн булл багытта илимий иштер улантылып, жылдын ар мезгилдеринде каралышык ерек. Негизинен бадал-дарактардан: түркестан арчасы (өрүк арча), жарым шар арча (сары арча), зеравшан арчасы (кара арча), суу тал, четин, чычырканак, шилби, ыргай, бөрүкарагат, карагат, табылгы, итмурун, чие жана башкалар кездешет. Андан башка улуттук парктын ичинде жайгашкан КРнын УИАсынын Кара-Кой тажрыйбасынын аянтында башка жактан алынып келинген бадал-дарактардын 83 түрү эгилген. Азыркы убакта алардын 59 түрү биздин шартка ыңгайланышып, өсүп жатат. 2020-21 окуу жылында пландаштырылган 2-курстун студенттери үчүн талаа-практикасы май айынын 17-24 күндөрү “Кыргы-Ата” улуттук паркында өттү. Студенттер “Өсүмдүктөрдүн систематикасы” сабагы боюнча теориялык билимдерин практика жүзүндө бекемдөө менен аталган парктын өсүмдүктөр дүйнөсу менен таанышып, гербарий материалдарын чогултушту

      
Окуу-талаа практикасы. 6-7-8-9-10-11-июнь. 2022-жыл
Быйылкы окуу жылында илимий-педагогикалык кызматташуу багытында бир топ алгылыктуу иштер жасалууда. ОшМУ менен Андижан мамлекеттик университетинин ортосунда түзүлгөн меморандумга ылайык академиялык мобилдүүлүктүн алкагында ОшМУнун Табигый-илимий билим берүү багытынын биология профилинде окуган студенттеринин Кара-Шоро маммамлекеттик жаратылыш паркында өткөн окуу-талаа практикасына Өзбекстан Республикасынын Андижан мамлекеттик университетинин Экология жана ботаника кафедрасынын башчысы, биология илимдеринин доктору, профессор Н. Норалиева, өзүнүн магистранттары менен кошо катышып, конок лекция өтүп берди. Парктын өзгөчө өсүмдүк каптоосу менен таанышышты жана келечекте эки окуу жайдын биология багытында окуган студенттердин окуу-талаа практикаларын биргеликте өткөрүү иштери пландалды.