Связь кафедры с научными проектами Кыргызского государственного университета и ИС

Ботаника, ЖБД жана БОУ кафедрасынын мүчөлөрүнүн КРнин Билим берүү жана илим министрлигинин илимий-техникалык гранттык проектилерин аткаруучулары:

1. Проект: Жаратылыш ресурстарын рационалдуу пайдалануусун жана туруктуу өнүүгүсүн (Ош областынын Ош шаарынын мисалында) изилдөөдө дисциплиналар аралык мамилени киргизүү жана өнөктөштүк мамилелерин калыптандыруу.

Проекттин жетекчиси: б.и.д., профессор Т.Т.Жумабаева, аткаруучулар: б.и.д., проф. А.Тажибаев, б.и.к., доцент Абылаева Б.А., б.и.к., доцент Молдалиев Ж.Т., ага окут. Маматкулов О.И.

Аткаруу мөөнөтү: 2017-2018-жж.


2. Проект: Кыргызстандын флорасынын аз пайдаланылган жапайы пайдалуу түрлөрүн фармацевтикалык, тамак-аш жана парфюмериялык өнөр жайларында рационалдуу пайдалануу.

Проекттин жетекчиси: б.и.к., доцент Коланов О.К., аткаруучулар: б.и.к., доцент Аттокуров К.Ш.

Аткаруу мөөнөтү: 2018-2020 гг.


3 Проект: Кыргыз Республикасында билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздук механизмдерин өнүктүрүү долбоору – мектептик билим берүү чөйрөсүнүн коппсуздугунун комплекстик стандартын иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу максатында ишке ашырылды. Келечекте бул стандарт Кыргызстандын бардык билим берүү уюмдарында билим берүү чөйрөсүн коопсуздуктун жаңы сапаты менен камсыздайт. Долбоордун алкагында бир катар тегерек столдор, семинарлар, тренингдер өткөрүлгөн. Өлкөнүн бардык аймактарында 12 пилоттук (сынамык) мектеп жана алдыңкы педагоги-калык жогорку окуу жайларында билим берүү коопсуздугунун 3 борбору түзүлгөн. Анын экөө Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайларында, бирөө Ош шаарынын ОшМУнун Табият таануу жана география факультетинин ботаника, жалпы биологиялык дисциплиналар жана БОУ кафедрасында « Толеранттуулукту жана билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугун өнүктүрүү борбору» түзүлгөн.


      Проекттин жетекчиси: п.и.к., профессор М.А.Алтыбаева, аткаруучулар: п.и.к., доцент Д.А.Эмилбекова, ага окутуучу Э.Ш.Буранов
       Аткаруу мөөнөтү: 2019-2021 жж.