История кафедры
            Ботаника, жалпы биологиялык дисциплиналар жана БОУ кафедрасы ОшМУдагы негизги кафедралардын бири болуп саналат.
            Кафедра өзүнүн түзүлгөн күнүнөн бери калыптануу, сандык жана сапаттык өрчүү тарыхына ээ. Кафедра биринчи жолу 1952-жылы уюшулуп, анда 3 окутуучу иштеген: доцент В.В.Романович (кафедра башчысы), Р.Х.Хусаинов – ага окутуучу А.А.Бакиева – окутуучу. 1953-жылдын сентябрынан А.Бакиеванын ордуна Кыргыз ССРинин агартуу министрлигинин жолдомосу менен К.Ф.Файзулдаев келген. Бул мезгилде кафедрада бир бөлмө болуп, бардык сабактар ошол жерде өткөрүлгөн. К.Ф.Файзулдаев 1-курстарга жалпы ботаникадан сабак берсе, В.В.Романович 2-курстарга өсүмдүктөрдүн физиологиясынан өткөн. Бардык сабактарды бир эле лаборант тейлеген.
      1954-1955-окуу жылынан баштап ботаника, химия, зоология кафедралары биригип, «табият таануу кафедрасы»- деп аталган. Кафедра башчысы болуп доцент В.Е.Тильманс иштеген. 1962-1963-окуу жылында табият таануу кафедрасы кайра химия, биология жана география кафедраларына бөлүнгөн. 1965-жылдын күзүндө биология кафедрасы экиге: зоология жана ботаника бөлүнүп, биринчи кафедрага башчы болуп К.П.Пискарев, экинчи кафедрага - доц. К.Ф.Файзулдаев дайындалат да ал 1975-жылга чейин жетектейт. Бул мезгилдин арасында, б.а.,1968-жылы өз алдынча Биологияны окутуунун усулу кафедрасы түзүлүп, аны доц. К.И.Кашкараева 1974-1975-окуу жылына чейин жетектейт. Кийин бул кафедрага башчы болуп доцент Ю.И.Синельников шайланып, 1978-1979-окуу жылдарына чейин иштеген. Андан кийин бул кафедрага башчы болуп доцент М.С.Субанова шайланат да, ал 1990-жылга чейин иштеген. Ботаника кафедрасын 1975-жылдан 1987- жылга чейин доц. Б.К.Каримова, 1988-1990- жылдары доц. М.М.Тыналинов жетектешкен. 1990-жылы ботаника, зоология, биологияны окутуунун усулу кафедралары биригип, жалпы биология жана БОУ кафедрасы болуп түзүлөт да аны доц. А. Тажибаев жетектеп, 1997-жылга чейин иштеген.
            1992-жылы зоология кайрадан кафедра болуп бөлүнөт. Ботаника жана БОУ кафедрасын 1997-жылдан 2002-жылга чейин доцент О.Коланов жетектеген. 2002-жылы Ботаника жана БОУ кафедрасы экиге бөлүнүп, Ботаника кафедрасынын башчылыгына б.и.д., профессор Б.Каримова, Жалпы биологиялык дисциплиналар жана БОУ кафедрасына Т.Т.Жумабаева дайындалган. Т.Т.Жумабаева башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Жалпы биологиялык дисциплиналар жана БОУ кафедрасынын башчылыгына 2005-жылы доц. Эркебаев Т.К. шайланып, ал 2010-жылга чейин жетектеген. Б.К.Каримова да 2003-жылы башка ишке которулгандыгына байланыштуу ботаника кафедрасын доцент К.Ш.Аттокуров жетектейт.
      2010-жылы Ботаника жана жалпы биология жана БОУ кафедралары кайра кошулуп, Ботаника, жалпы биологиялык дисциплиналар жана БОУ кафедрасы деп кайра түзүлгөн жана аны 2011-жылга чейин К.Ш.Аттокуров, 2011-жылдын февралынан баштап доцент А.Тажибаев жетектеп келүүдө. Азыркы күндө кафедрада 18 окутуучу, 4 техникалык көмөкчү персоналдар эмгектенет. Окутуучулук курамдын үчөө илимдин докторлору, алтоо илимдин кандидаттары даражаларына ээ болуп, сапаттык көрсөткүч 50% ти түзөт. 2014-жылдан баштап кафедрада 520200-биология багыты боюнча магистранттар даярдалат (программа жетекчиси б.и.д., профессор А. Тажибаев) ал эми 2016 жылдан 550100 - Табийгый илимий билим берүү багытында магистранттар даярдалууда (программа жетекчиси б.и.к., доцент Ж.Т. Молдалиев). 2017-2018 окуу жылында 10 магистрант даярдалып бүтүрүү алдында турат.
Кафедра башчысы б.и.д.,проф.А.Тажибаев
Кафедранын мүчөлөрүнүн бир тобу










Учурдагы б отаника, жалпы биологиялык дисциплиналар жана БОУ кафедрасы – өзүнүн түзүлгөн күнүнөн тартып калыптануу, сандык жана сапаттык өнүгүү тарыхына ээ. Ботаника кафедрасы биринчи жолу 1952-жылы уюшулуп, анда 3 окутуучу иштеген: доцент В.В.Романович (кафедра башчысы), Р.Х.Хусаинов (ага окутуучу), А.А.Бакиева (окутуучу). 1953-жылдын сентябрынан А.А.Бакиеванын ордуна Кыргыз ССРинин агартуу министрлигинин жолдомосу менен К.Ф.Файзулдаев келген. К.Ф.Файзулдаев 1-курстарга жалпы ботаникадан сабак берсе, В.В.Романович 2-курстарга өсүмдүктөрдүн систематикасынан, ал эми 3-курстардын өсүмдүктөрдүн физиологиясынан Р.Х.Хусаинов окуткан. Бул окутуучулардын сабагын бир лаборант тейлеген.

1954-1955-окуу жылынан баштап ботаника, зоология, химия кафедралары биригип, «Табият таануу» кафедрасы – деп аталат да, кафедра башчысы болуп доцент В.Е.Тильманс иштеген. 1962-1963-окуу жылында«Табият таануу» кафедрасы кайра «Химия, биология жана география» кафедраларына бөлүнгөн. 1965-жылдан «Биология» кафедрасы экиге: ботаника жана зоологияга бөлүнүп, «Ботаника» кафедрасынын башчысы доцент К.Ф.Файзулдаев, «Зоология» кафедрасына башчы болуп доцент К.П.Пискарев дайындалат. К.Ф.Файзулдаев кафедраны 1977-жылга чейин жетектейт. Бул мезгилдин арасында, башкача айтканда, 1968-жылы өз алдынча «Биологияны окутуунун усулу» кафедрасы түзүлүп, аны доцент К.И.Кашкараева 1974-1975-окуу жылына чейин жетектейт. Кийин бул кафедрага башчы болуп доцент Ю.И.Синельников шайланып, 1978-1979-окуу жылдарына чейин иштеген. Андан кийин кафедра башчылыгына доцент М.С.Субанова шайланат да, ал 1990-жылга чейин жетектейт. Ошол мезгилдерде кафедрада А.Оморов, Н.Б.Осмонова сыяктуу методисттер эмгектенген. Ал эми «Ботаника» кафедрасын 1978-жылдан 1988-жылга чейин доцент Б.К.Каримова, 1988-1990-жылдары доцент М.М.Тыналинов жетектешкен. Бул жылдары кафедра жаңы адистер менен толукталган. Мисалы, 1971-жылы А.К.Кыргызбаев, 1972-жылы Т.К.Камилов, 1973-жылы О.Карашев, 1979-жылы А.Тажибаев, 1986-жылы О.Коланов, Н.Абдыганиев, 1988-жылы Т.Т.Жумабаева, 1990-жылы Э.Алибеков.

1990-жылы «Ботаника», «Биологияны окутуунун усулу» жана «Зоология» кафедралары биригип, «Жалпы биология» кафедрасы болуп түзүлөт. 1991-жылы «Жалпы биология» кафедрасы кайрадан «Ботаника жана БОУ» жана «Зоология жана жалпы экология» кафедралары болуп бөлүнөт. «Ботаника жана БОУ» кафедрасын доцент А.Тажибаев жетектеп, 1997-жылга чейини иштеген. 1991-жылы А.Саркулов, 1992-жылы Ө.К.Кармышаков, Д.А.Эмилбекова, 1994-жылы К.Ш.Аттокуров, 1995-жылы Т.К.Эркебаев сыяктуу жаны адистер менен кафедра толукталган.

1997-жылдан 2002-жылга чейин жогоруда аталган кафедраны доцент О.Коланов башкарган. Бул жылдары да кафедранын курамы Г.Кенжеева, У.Тайлакова, Б.Абылаева сыяктуу окутуучулар менен толукталган. 2002-жылы«Ботаника жана БОУ» кафедрасы экиге: «Ботаника» жана «Жалпы биологиялык дисциплиналар жана БОУ» болуп бөлүнөт. Биричисин б.и.д., профессор Б.Каримова, экинчисин б.и.д., профессор Т.Т.Жумабаева жетектешет. Т.Т.Жумабаева башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу «Жалпы биологиялык дисциплиналар жана БОУ» кафедрасынын башчылыгына 2005-жылы доцент Эркебаев Т.К. шайланып, ал 2010-жылга чейин иштеген. Б.К.Каримова да 2003-жылы башка ишке которулгандыктан анын ордуна «Ботаника» кафедрасына жетекчи болуп доцент К.Ш.Аттокуров келген. Бул жылдары кафедраны А.Сатанов, О.Маматкулов, Т.Көккөзова, Ж.Молдалиев, Идирис уулу Дамир сыяктуу жаш окутуучулар толуктаган.

2010-жылы «Ботаника», «Ж алпы биологиялык дисциплиналар жана БОУ кафедралары кайрадан кошулуп, «Ботаника, жалпы биологиялык дисциплиналар жана БОУ» кафедрасы деп түзүлгөн жана аны 2011-жылга чейин К.Ш.Аттокуров, 2011-жылдын февралынан баштап 2018-жылдын сентябрына чейин б.и.д., профессордун милдетин аткаруучу А.Тажибаев жетектеп келген. Азыркы учурда, б.а. 2018-жылдын октябрынан баштап «Ботаника, жалпы биологиялык дисциплиналар жана БОУ» кафедрасын доцент Д.А.Эмилбекова жетектөөдө. Бүгүнкү күндө кафедрада 14 окутуучу, 3 техникалык көмөкчү персоналдар эмгектенет. Кафедрадагы окутуучу-профессордук курамдын экөө илимдин докторлору, алтоо илимдин кандидаттары даражаларына ээ болуп, сапаттык көрсөткүч 57,1% ды түзөт
Ботаника, жалпы биологиялык дисциплиналар жана биологияны окутуу усулу кафедрасынын материалдык-техникалык базасы
Кафедранын материалдык-техникалык базасында 2 лекциялык, 8 лабораториялык 5 препаратордук аудиториялар, 1 жаратылыштын жандуу бурчу, 2 окуу борбору жана ботаникалык бак бар. Алар төмөнкү таблицада чагылдырылган. Кафедранын карамагындагы окуу аудиториялары

 

Кафедранын карамагындагы окуу аудиториялары

 

К

Аудито-н

номери

Кандай максат-

та пайдаланылат

Аян-

ты2)

Канча

орун-у

Кайсы предметке

негизделген

Жооптуулар

1

115-ауд.

Лекция-лаборат.

сабактар ү-н колд.

26

20

Микробиология

Уметалиев М.Т., Умарова Р.Д.

2

115а-ауд.

Окутууч. каанасы

18

2

Препаратордук

Уметалиев М.Т., Калилов К.

3

211а-ауд.

Жандуу бурчтагы өсүм.жан саб.колд.

18

1

Жандуу бурч

Темишова Р.Т.

4

211б-ауд.

Окутууч. каанасы

18

2

Биохимия

Жумабаева Т.Т.,  Молдалиев Ж.Т.,

5

212-ауд.

Лекция-лаборат.

сабактар ү-н колд.

26

20

Препаратордук

Молдалиев Ж.Т., Эрмаматова Г.Н

6

214а-ауд.

Окутууч. каанасы

18

2

Препаратордук

Коланов О., Темишова Р.Т.

7

216-ауд.

Лекция-лаборат.

сабактар ү-н колд.

30

20

ТИББ боюнча БОТМ

Эмилбекова Д.А., Умарова Р.Д.

8

216а-ауд.

Окутууч. каанасы

18

2

Препаратордук

Буранов Э.Ш., Османали у.А.

9

217-ауд.

Лекциялык

сабактар ү-н колд

26

22

Толерант. ББЧК өнүктүрүү борбору

Эмилбекова Д.А., Османали у.А.

10

217а,б-ауд.

Лекция-лаборат.

сабактар ү-н колд

26

22

Толерант. ББЧК өнүктүрүү борбору

Буранов Э.Ш., Османали у.А.

11

311-ауд.

Лекция-лаборат.

сабактар ү-н колд

26

20

Өсүмдүктөрдүн систематикасы

Исраилова Г.С., Умарова Р.Д.

12

311а-ауд.

Окутууч. каанасы

18

2

Препаратордук

Каримов Б.А., Исраилова Г.С.

13

311б-ауд.

Окутууч. каанасы

18

2

Препаратордук

Тажибаев А.Т., Умарова Р.Д.

 

 

 

14

312-ауд.

Лекция-лаборат.

сабактар ү-н колд.

26

18

Өсүмдүктөрдүн физиологиясы

Эркебаев Т.К., Темишова Р.Т.

15

313-ауд.

Лекциялык

сабактар ү-н колд.

48

40

Кафедр.бардык дисцип.лекциялары

Тажибаев А.Т., Эрмаматова Г.Н.

16

313а-ауд.

Кафедра башчынын каанасы

18

1

Каф.башчы.каб.

Эмилбекова Д.А.

17

314а-ауд.

 

Табигый ресурстук

борбор

 

24

2

Табигый-илимий ресурстар

 

Аттокуров К.Ш.

18

314б-ауд.

Гербарий фонду

24

10

Гербрийлер фонду

Темишова, Умарова Эрмаматова Г.Н.

19

315-ауд.

Лекциялык

сабактар ү-н колд.

72

68

Кафедр.бардык дисцип.лекциялары

Маматкулов О.И., Темишова Р.Т.

20

316-ауд.

Лекция-лаборат.

сабактар ү-н колд.

24

20

Генетика

Тажибаев А.Т., Темишова Р.Т.

21

316а-ауд.

Окутууч. каанасы

24

20

Препаратордук

Маматкулов О.И.,

Эрмаматова Г.Н.

22

317-ауд.

Лекция-лаборат.

сабактар ү-н колд.

18

2

Ботаника (өсүм.морф.анат.)

Маматкулов О.И., Эрмаматова Г.Н.

 

 


Кафедранын кошумча материалдык-техникалык базасы катары факультеттинкарамагындагы агробиостанциядагы аянтчалар: генетикалык (0.01 га), типтүү мектеп аянтчасы (0.04 га), мөмө-жемиш багы (0.1 га), коргоого алынган өсүмдүктөрдү калыбына келтирүү аянтчасы (0.2 га), дендропарк (0.3 га), 2 окуу кааналары ж.б. кызмат кылат Кафедрада лекциялык, семинардык жана лабораториялык-практикалык сабактарды өтүү үчүн аудиториялык фонд жетишерлик. Мисалы, кафедранын карамагында 2 лекциялык зал – 315-313-аудиториялар. Булардын ичинен 313-аудитория интерактивдүү доска проектору менен жабдылган, ал эми 115, 212, 216, 311, 312, 316, 317-аудиториялар кафедрадагы окутулган дисциплиналардын бөтөнчөлүгүнө жараша лабораториялык сабактарга ылайыкташып түзүлгөн жана тиешелүү каражаттар менен жабдылган. 1 жаратылыштын жандуу бурчу, 1 гербарий фонду, 2 борбор: биринчиси; – “Толеранттуулукту жана коопсуз билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугун өнүктүрүү борбору”, экинчиси; – “Илимий изилдөө ресурстук борбору”, 1 Профессор Б.Каримова атындагы өсүмдүктөрдүн биологиялык ар түрдүүлүгү окуу-илимий лабораториясы бар. Бул лаборатория өсүмдүктөрдүн коллек-циялары, гербарийлери, заманбап микроскоптор: “Тринокулярный Levenhuk MED 20”, “Olimpus СH 20”, “Биолам”, интерактивдүү доска, проекторлор менен жабдылган. Ал эми “Толеранттуулукту жана коопсуз билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугун өнүктүрүү борбору” 1 лекциялык, 1лабораториялык-практикалык аудитория жана 1 студенттер үчүн психологиялык шарттар менен камсыздалган коридор, коопсуз экологиялык жактан таза материалдардан жасалган столдор, отургучтар, шкафтар, гүл койгучтар менен жабдылган. Окуу имаратынын сыртын, ичин экологиялык жактан жашылдандырууну, азык-заттардын курамындагы нитраттарды, радиацияны, аудиториядагы абанын температурасын, агымын, нымдуулугун, шумду, табигый жана жасалма жарыктандырууну, суунун тазалыгын, тунуктугун, түсүн, жытын жана башкалардын стандарттык нормага туура келгенин аныктоочу куралдар менен камсыздалган. Мындан сырткары, кафедрадагы предметтер боюнча адабияттар жетиштүү санда, ал эми жетишпегендери боюнча университетке буюртмалар берилген. Кээ бир предметтерден кафедранын мүчөлөрү тарабынан КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин грифи менен окуу куралы жазылып жарыкка чыккан (Тажибаев А., Эмилбекова Д.А.). Бул окуу куралдары студенттер үчүн жетиштүү санда ОшМУнун жана факультеттин китепкана-ларына берилген. Лабораториялык жана практикалык жумуштарды аткарууга зарыл болгон жабдуулар, химиялык реактивдердин маселеси негизинен чечилген. Ошондой эле лабораториялык сабактар үчүн 1 спектрофотометр, 1 санариптик микроскоп, 13 жарык микроскоп сабактарга колдонулууда. Кафедрада жаңы окуу жылына карата материалдык-техникалык базаны дагы заманбап окуу куралдар менен касыздоо, аларды чыңдоо боюнча иш-чаралар каралган. Ошондой эле факультеттин ботаникалык багына талаа практикаларды уюштуруу, лабораториялык сабактарды өткөрүү жана тажрыйбаларды коюу, фенологиялык байкоолорду жүргүзүү максатында аны реконструкциялоо иш-чаралар жүргүзүлүүдө.