Новости Архив

75-летие ОшГУ
2014-жылдын октябрь айында Ош мамлекеттик университетинин 75 жылдык мааракеси белгиленет. Мааракеге даярдык көрүү максатында университеттин жана факультеттердин, кафедралардын, структуралардын деңгээлин жогорулатуу иштери белгиленип жатат. Мааракенин шарапаты менен университеттин коомдук аброюн арттыруу, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана илим-изилдөө иштерин жакшыртуу, тарбиянын таасирдүүлүгүн арттыруу, университеттин инфраструктурасын заманбап талаптарга алып келүү, ар бир окутуучуда, студентте жана бүтүрүүчүдө ОшМУ менен сыймыктануу сезимдерин жаратуу концепциялары каралган.

ОшМУнун бардык проректорлору, департаменттин директорлору, факультеттин декандары, кафедра башчылары, структура жетекчилери Ош мамлекеттик университетинин 75 жылдык мааракесине арналган уюштуруу комиссиясынын мүчөлөрү болуп саналышат.

Урматтуу жетекчи, иш чаралардын планынан өзүңүзгө тиешелүү пункттарды карап, аны турмушка ашыруунун жолун издеңиз, аракеттенүүгө өтүңүз.