окуу-талаа парактикасы
      География адистерин даярдоодо талаа практикасынын ролу өтө чоң, алар окуу процессинде алган теориялык билимдерин иш жүзүндө колдонуп, материалдарды топтоп, курстук жана дипломдук иштерди жазууда пайдаланууда. Географиянын башка адистиктерден өзгөчөлүгү - ал кыргыз жеринин кооздугун көрүп, ошол кооздукту жактырып, аны сактоо сезими калыптанат.
Студенттердин талаа практикалары Ош облусунун кооз жерлери болгон Кара-Кой (Ноокат району), Жылуу-Суу (Алай району), Салам-Алик (Өзгөн району), Сары-Челек (Аксы району), Арстан-Бап (Базар-Коргон району) өткөрүлөт.
Биринчи, экинчи жана үчүнчү курстарда талаа практикалары Кыргызстандын түштүк аймагында өткөрүлөт жана төртүнчү курстун студенттери биргелешкен практиканы төмөндөгү багытта (маршрут) өткөзүшөт: Ош – Жалал-Абад – Токтогул – Чаек – Нарын – Балыкчы - Чолпон-Ата –Бишкек – Ош.

Ал эми “Туризм” адистигиндеги экинчи курстун студенттери окуу-талаа практикасын Ыссык-Көлдөгү туристтик тармактарда өткөрүшөт.