Основное направление деятельности
ОшМУнун өндүрүштөр менен байланыштар департаментинин түзүлүшү:
1. Директор
2. Ага инспектор
Негизги иш багыттары:
1. Педагогикалык эмес адистиктеринин практикаларынын өткөрүүсүнүн графигин түзүү жана бекиттирүү;
2. Окуу пландарына ылайык практиканын сааттарын пландоого жана аткарылышын кафедралар жана ОМД менен биргеликте көзөмөлдөө;
3. Практиканын окуу-таанышуу, өндүрүштүк, квалификациялык түрлөрүн уюштуруу.
4. Бекитилген практиканын жобосуна өнөктөштөрдүн талаптарын карап, өзгөртүүлөрдү киргизүү;
5. Мекеме ишканалар менен келишимдерди түзүү жана келип чыккан көйгөйлөрдү чечүү;
6. Практикалык эсеп-кысаптарды талдоо жана ар түрдүү практикаларды уюштуруунун жолдорун жакшыртууну сунуштоо;
7. Факультет, колледждердеги адистиктерине ылайык иш берүүчүлөр менен иш алып баруусун уюштуруу;
8. Факультеттердеги инструктаж берүүчү жана жыйынтыктоочу конференцияларын өткөрүү жана катышуу;
9. Практиканын сапатын жакшыртуу максатында факультеттерде жана колледждерде атайын семинарларды уюштуруп өткөрүү;
10. Алыскы жана жакынкы район шаарлардагы өндүрүштүк мекеме- ишканаларда жүрүп жаткан практикаларды өтүүсүн көзөмөлдөө жана окутуучулардын кызмат сапарларын уюштуруу;
11. Практикалардын жылдык чыгымдарынын түзүлүүсүн уюштуруу жана жыйынтыктары боюнча отчетторун кабыл алуу.