«Эң мыкты студент» сынагынын жобосу

Ош МУнун «Э ң мыкты студент» сынагынын жобосу

1. Жалпы жобо

1.1. «Эң мыкты студент» сынагы ОшМУнун күндүзгү окуу бөлүмүнүн студенттери үчүн уюштурулат;

1.2. Сынактын негизги максаты - окууда, илимде, маданий-массалык, коомдук уюштуруу иштеринде жана спорттук иш чараларда өзүнүн активдүүлүгүн көрсөткөн студенттерге ошондой эле жаш таланттарга стимулдук шык, моралдык жана материалдык дем берүү болуп эсептелет.

2. Сынактын милдеттери

2.1. Студенттердин окууга, илимге, коомдук уюштуруу ж.б. өз алдынча чыгармачылык иштерге болгон кызыгуусун арттыруу;

2.2. Илимий иш чараларга катышууга тартуу;

2.3. Ар тараптуу өсүүгө стимулдаштыруу жана мотивациялоо;

2.4. ОшМУнун престижин көтөрүүжана жагымдуу имидж түзүү;

3. Сынакты ө тк ө р үү н ү н тартиби

3.1. «Эң мыкты студент» сынагы эки этап менен өткөрүлөт:

1-этап: факультеттерде жогорку көрсөткүчтөргө ээ болгон студенттер арасында 20-30-майга чейин жүргүзүлөт. 2-этап: факультеттеги жеңүүчү студент декандын сунушу менен университеттин биринчилигине жолдомо алат. Келип түшкөн документтерди кабылуу 2019-жылдын 7-июнь күнү саат 17:00дө токтойт. Экинчи этаптын жыйынтыгын атайын түзүлгөн университеттик комиссия 8-14-июнга чейинки аралыкта чыгарат.

Ар бир этапта конкурсант студенттер эки критерий боюнча бааланат: студенттин окуу-илим чөйрөсүндөгү жетишкендиктери жана тарбиялык-коомдук ишмердүүлүгү. Конкурстун жыйынтыктары упайдык баалоо менен аныкталат.

3.2. Сынакка катышуу үчүн студенттер төмөндөгүдөй документтерди тапшыруулары зарыл:

1-этап:

- Студенттин конкурска катышууну каалагандыгын билдирген арыз;

- Студенттин зачеттук китепчесинин көчүрмөсү же (AVNден транскриптин көчүрмөсү декандын колу менен тастыкталган);

- Тайпалык журналы;

- Куратордун сунуштамасы;

2-этап:

- Студенттин конкурска катышууну каалагандыгын билдирген арыз;

- Студенттин зачеттук китепчесинин көчүрмөсү;

- Тайпалык журналы;

- Окуган факультетинин жетекчилигинен сунуштама;

3.3. «Эң мыкты студент» сынагынын катышуучулары төмөндөгү көрсөткүчтөр боюнча бааланып, аныкталат:

К ө рс ө тк ү чт ө р

Упайынын саны

Студенттин сессиялардагы жетишүүсү

Сессияларды жалаң «Эң жакшы» бааларына тапшырган студентке

1-курс - 5,

2-курс - 10,

3-курс - 15,

4-курс - 20,

Сессиялары «жакшы» бааларына аралашкан студентке

Упай коюлбайт

Сессияларды «орто» бааларына тапшырган студенттер конкурска катыша албайт

Студенттин сабактарга катышуусу

Акыркы окуу жылында 90 %дан ашык катышууга

15

Акыркы окуу жылында 80-90 % га чейинки катышууга

5

70 %дан төмөн катышкан студент конкурска катыша албайт

Студенттин жаңы технологияларды өздөштүрүүсү

Интернет мүмкүнчүлүктөрүн билүүсү жана пайдалануусу: Oshsu.kg сайты, AVN, KelBil тиркемеси ж.б. колдонуусу

5-10

Студенттин олимпиадаларга катышуусу

Эл аралык олимпиадалар

1-орун

15

2-орун

12

3-орун

10

Кыргыз Республикасындагы олимпиадалар

1-орун

10

2-орун

7

3-орун

5

Аймактык университеттик олимпиадалар

1-орун

7

2-орун

5

3-орун

3

Студенттин илимий, публицистикалык макалалары жарыкка чыкса

Жарыкка чыккан бир илимий макала үчүн

5

Жарыкка чыккан үч илимий макала үчүн

20

Студент өзгөчө стипендия алган болсо

Кыргыз Республикасынын Президенттик стипендиясы үчүн

10

Губернатордун, мэрдин стипендиясы үчүн

5

ОшМУнун Окумуштуулар Кеңешинин стипендиясы үчүн

3

Университеттин, факультеттин коомдук маданий-массалык иш чараларына катышуусу

Ай сайын театрга барса

(театралдык карталарын же билеттерин көрсөтүшөт)

2

Музейлерге, көргөзмөлөргө барса

(билеттерин көрсөтүшөт)

1

«ОшМУ жазы» фестивалы ж.б. у.с. сынактарды көрсө

(билеттерин көрсөтүшөт)

Ар бир иш чарага 1ден упай берилет

Ишембиликтерге катышуусу

1

Эл аралык, Республикалык, шаардык жана университеттин коомдук маданий-массалык иш-чараларынын жеңүүчүсү болсо

Маданий-эстетикалык конкурстардын («ОшМУ периси», «ОшМУ мырзасы» ж.б.) жеңүүчүлөрүнө

3-5 чейин

Спорттук мелдештердин жеңүүчүлөрүнө

3-5 чейин

Интеллектуалдык таймаштар «Брейн-ринг», дебат, дискуссиялардын жеңүүчүлөрүнө

3-5 чейин

Жаштар комитетинин төрагасы, студенттик акыйкатчы, студкеңеш жана сектор башчысы, староста ж.б. болсо

5-10 чейин

Республикалык, Эл аралык конкурстардын, симпозиумдардын катышуучуларына, жеңүүчүлөрүнө

15

4. Финансылык каржылоо

4.1. Сынакты финансылык каржылоо ОшМУнун ички бюджетинин эсебинен жүргүзүлөт.

4.2. Бул сынактын жалпы сыйлык фонду – … (…) сом.

5. Уюштуруу тобу

5.1. «Эң мыкты студент» сынагы боюнча ОшМУнун биринчилигин уюштуруу, өткөрүү жана жыйынтыгын чыгаруу ОшМУнун тарбия департаменти тарабынан жүрүгүзүлөт.

5.2. Уюштуруу тобунун курамына:

1-этапта: ОшМУнун тарбия департаментинен, факультеттин деканатынан, профсоюз уюмунан, кафедра башчыларынан, кураторлордон, окутуучулардан, аялдар кеңешинен, факультеттин жаштар комитетинен өкүлдөр кирет.

2-этапта: университеттин администрация жетекчилеринен, профессордук-окутуучулар курамынан, профсоюз уюмунан, аялдар кеңешинен, жаштар комитетинен, студенттерден өкүлдөр кирет.

6. Сынактын жыйынтыгын чыгаруу

6.1. Сынактын жыйынтыгын атайын түзүлгөн комиссия окуу жылынын аягында чыгарат.

6.2.Сынактын жеңүүчүлөрү эң көп упай топтогонуна карата аныкталат.

6.3. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо:

Факультеттин эң мыкты студенттерин сыйлоо:

1-орун – Факультеттин ардак грамотасы, ОшМУнун Окумуштуулар Кеңешинин стипендиясы, университеттик конкурска жолдомо;

2-орун – Факультеттин ардак грамотасы;

3-орун – Факультеттин ардак грамотасы,

(Деканаттар мындан башка белектерди уюштурса да болот).

ОшМУнун эң мыкты студенттерин сыйлоо:

1-орун – ОшМУнун диплому … (…) сом акчалай сыйлык, Кыргыз Республикасынын президенттик стипендиясына, Ош шаарынын мэриясынын стипендиясына көрсөтүлөт, Президенттик баллга жолдомо;

2-орун - ОшМУнун диплому, … (…) сом акчалай сыйлык, Кыргыз Республикасынын президенттик стипендиясына, Ош шаарынын мэриясынын стипендиясына көрсөтүлөт, Президенттик баллга жолдомо;

3-орун – ОшМУнун диплому, … (…) сом акчалай сыйлык, Ош шаарынын мэриясынын стипендиясына көрсөтүлөт, Президенттик баллга жолдомо.

6 .4. Жеңүүчүлөргө сыйлыктар ОшМУнун күнүндө салтанаттуу түрдө тапшырылат.