Кафедра фонетики и грамматики английского языка
Англис тилинин фонетикасы жана грамматикасы кафедрасы ОшМУнун дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинде алгачкылардан болуп түптөлгөн кафедралардан болуп саналат. Англис тили кафедрасы 1952 –жылдан баштап иштей баштаган. Василий Ковальчук биринчи кафедра башчысы болуп иштеген. Кийинчерээк кафедраны А.Анарбаев, Г.Нигматулина, М.Ахунжанов жана К.Кадыровдор башкарышкан. Кафедра 2003-жылы ОшМУнун ректорунун № 14 буйругу (12.02.03) менен англис тилинин оозеки жана жазуу кеби кафедрасы деп аталган . 2010-жылы ОшМУнун ректорунун буйругу менен кайрадан англис тилинин фонетикасы жана грамматикасы кафедрасы деп түзүлгөн. Азыр болсо англис тилинин фонетикасы жана грамматикасы кафедрасы дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетиндеги студенттерге жаңычыл билим берүү максатын көздөйт жана бүтүрүүчүлөрдүн алган билими Европалык билим берүү системасы тарабынан тааныла турган жолду тандаган. Билим берүү программасы Болон процессинин идеологиясына жараша өнүктүрүлөт жана билим берүүдөгү реформа азыркы коомдун керектөөсүнө жараша багыт алган. Англис тилинин фонетикасы жана грамматикасы кафедрасы “Чет тили” адистигин тейлейт. 550300 “Филологиялык билим берүү”, багыты Чет тили профили . Окуунун түрү: күндүзгү жана кечки бөлүм Күндүзгү бөлүм 4 жыл, кечки бөлүм 5 жыл. Квалификация: бакалавр Азыркы күндө кафедраны, доцент Акматова Айниса Абдибаитовна жетектейт.

Азыркы учурда кафедрада жогорку квалификациялуу 36 окутуучу иштейт. Анын ичинен 1профессор,6 илимдин кандидаты, 17 магистр, 8 доцент, 11 улук окутуучу жана 24 окутуучу жана 2 көмөкчү персонал: 1 методист жана 1 лаборант бар.