Таланттуу студенттер

Алыш бел боо күрөшү боюнча Эл Аралык спорттун чебери, эркин күрөш боюнча КРдин 4 жолку чемпионуОшМУнун Педагогика жана дене тарбия факультетинин 2 – курсунун студенти Мамарасул кызы Алтынай .

Спортсмендердин үй-бүлөсүндө туулуп-өскөн каарманыбыз учурда ОшМУнун педагогика жана дене тарбия факультетинин 2-курсунда окуйт.

Үй-бүлөдө беш бир туугандын кенжеси Алтынай Алыш белбоо күрөшү жана Эркин күрөш боюнча бир топ ийгиликтердин ээси. 2016-жылы болуп өткөн Көчмөндөр оюнунда кыздар арасындагы Алыш белбоо күрөшү боюнча 2-орунду, ушул эле жылы дүйнөлүк кубокто (Белорусиянын Минск шаарында өткөн) алыш белбоо күрөшү боюнча 1-орунду багындырып, КРдин 2016-жылдагы мыкты спортчусу аталган. Буга чейин өлкө ичиндеги жана Татарстанда өткөн мелдештерде алдыңкы орундарды багындырган.

2017 - жылдын 15 – 27 - сентябрь күндөрү Туркменистан Республикасынын

Ашхабат шаарында болуп өткөн жабык имараттагы V Азия оюндарында спорттун “Белбоо” күрөшүнөн күмүш медаль, “Алыш Белбоо” күрөшүнөн алтын медаль тагынды.

“Ийгиликке жетишүү бир топ кыйынчылыкка турду. Күн сайын машыгууларды өткөрүп жакшы даярдандык. Алгачкы күнүм "Белбоо" күрөшү боюнча өзүмдөн оор салмакка чыгып 2 - орун болуп калдым. Атаандашымдын салмагы 25 кг.га оор болду. Спортто 1кг. эмес, 500 грамм да чон роль ойнойт. Болгон күчүм менен акыркы убакытка чейин күрөштүм, эмнегедир ийгилик мен тарапка жылмайган жок. Ошол күнү бутумду да кокустатып алдым. Эртеси Алыш күрөшү боюнча өзүмдүн салмагымда беттешке чыкмакмын. Чынында алтын медаль алам деп ойлогон эмесмин. Бар күчүм менен бутумдун ооруганына карабастан финалда Ирандык 31 жаштагы балбан кыз менен беттешип, утуп алдым. Желегибиз желбирегенде башкача сезимдер коштолуп, толкундандым. ОшМУнун ректору Исаков Каныбек агайга жана жалпы окутуучуларга ыраазымын. 100% келишимдик акыдан бошотуп, 25миң сом акчалай сыйлык тапшырды. Бул мага чон стимул болду. Ошондой эле машыктыруучум КабылБорубаевге, Ош шаарынын спорт комитетине, Ош шаарынын мэриясына жана жалпы кыргыз элиме ыраазычылыгымды билдирем. Спорт ааламында жакшы досторду таптым, көп эле ийгиликтерге жетиштим. Мени моралдык жана материалдык жактан камсыздаган жана алгачкы устатым да атам. Учурда “Динамо” машыгуу залында машыгам жана машыктыруучу болуп эмгектенем. Мен машыктырган кыздар да мелдештерге катышып келишет. Кыргызстандын гимни мелдештерде дүйнөнүн бардык бурчунда жаңырып туруусун тилек кылат элем. Мен багындыруучу ийгиликтер али алдыда”, – деп кубанычы менен бөлүштү. Алтынайды Дүйнөлүк олимпиададан алтын медаль менен тосуп алалы. Окууларына ийгилик жана бакубат жашоо каалайбыз!


ОшМУнун искусство факультетинин 4- курсунун студенти Акималиев Догдурбек:

Ар бир инсан өз милдетин мыкты аткара алса, ошол анын ийгилиги

-Чыгармачылык чөйрөгө кандайча аралашып калдыңыз?- Бала чагымдан тартып эле маданий иш-чараларга активдүү катышып, чыгармачылыкка жакын элем. Ал эми чыгармачылыктын чыныгы ийгиликке жеткирүүчү чыйыр жолуна ОшМУнун искусство факультетине студент болуп келгенден тарта аралаша баштадым. Бул жакка окууга тапшыруума ОшМУну чоң ийгиликтер менен бүтүп кеткен Э.Калилова, Н.Абдигапаровдордун: “ОшМУда чыгармачылыкка кызыккандар үчүн искусство факультети бар. Ал жерден мугалимдер мыкты кадрларды даярдап чыгарат. Сен ошол факльтетке окууга тапшырсаң жакшы ийгиликтерге жетишишиңе жол ачылат” деген кеңештери себеп болду. Чындыгында эле ОшМУга студент болуп келип пианино, гитара, комуз, аккордеон ж.б. аспаптарда ойногонду үйрөндүм. Андан сырткары маданий иш-чараларга катышып жүрүп тамадалык талантым ачылды. Ошондой эле көптөгөн сыйлыктырга ээ болдум. Эң башкысы музыкалык бөлүмдө окугандыктан өз кесибиме байланыштуу обон чыгарууда да бир топ эмгектерди жарата алдым. Айта кетсем “ Сүйүүсүз кантип жашасын” аттуу эмгегимди жакында эле элге тартууладык.

-Чыгармачылыкта жетишкен ийгиликтериңизге кимдер себепчи болду? -Негизи жеке чыгармачылыкта эле эмес башка жаатта да өздөрүнүн кеңешин айтып, туура багытка карай үгүттөп турган адамдар аябай көп жана алар бизге ар дайым керек. Э.Талипов, Ж.Алибаев сыяктуу таланттуу агайларыбыз ар дайым бизге кеңешин айтып турат. Биз бул агайларыбыздан өзүбүз үчүн эң жакшы сабактарды ала алабыз. Ушундай улуу таланттар окуткандыктан бизден дагы мыкты, сабаттуу музыкант чыгуусу керек.

Алган сыйлыктарыңызды жана ушул деңгээлиңизди ийгилик деп эсептейсизби? -Негизи университетте окуу менен биргеликте иш- чараларга катышып, окуу жайдын тамадалык милдетин аткарып, баарын бирдей алып кетүүнүн өзү чоң сыймык. Демек, окуу менен бирге чыгармачылыкты да алып кете алганымды, алган сыйлыктарымды ийгилик деп эсептейм. Бирок чыныгы ийгиликтер али алдыда.Ушул жерден кошумчалай кетсем жакында университеттик деңгээлде өзүмдүн чыгармачылык деген максаттарым бар. Буйруса дагы да талбай иштеп, жаңы обондорду жаратып, ийгиликтерге жетишсем дейм.

-Ийгилик сиз үчүн эмне жана ага жетүү үчүн эмне кылуу керек? -Ийгилик - бул мен үчүн ар бир адамдын милдетин аткаргандагы натыйжасы. Сен жасаган нерсенин бирөөгө пайдасы тийсе ошол сенин ийгилигиң. Эл менин ырларымды сүйүп укса, демек, ал - менин жетишкендигим. Ийгиликке жетүү үчүн сүйүү жана талбаган аракет керек. Менин ийгиликке жетүүмдө кесибиме (музыкага) болгон сүйүүм жана аракетчилдигим чоң ролду ойнойт деген ишеничим бар.

Даярдаган : Гүласел Эргеш кызы


Иштерман студент

“Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат” демекчи биздин каарманыбыз азыркы учурда окуу менен биргеликте иштеп , “ Kurdash ” “ Trofi” аттуу сайттарын түзүү менен өзү теңдүү студенттерге программалоо жаатында кошумча сабак өтүп келет. Заман талабына шайкеш кесип тууралуу маегин сиздерге сунуштайбыз.

Математика жана информациялык технологиялар факультетинин 1-курсунун студенти Тажибаев Бекболот:

“Келечекте “Google” компаниясынын башкы кеңсесинде иштеймин деген чоң ниеттерим бар”

“1999-жылдын 18-сентябрында Ош облусуна караштуу Араван районунда туулгам. Үй бүлөдө 4 бир туугандын эң кенжесимин. Техникага кызыгуум окуучулук күндөрүмдөн эле башталган. 13-14 жаштарымда болсо керек, айылдаш досум экөөбүз интернет желесинен Казакстандагы сайттарды көрүп кызыгып, ошол сыяктуу сайт түзсөк деген изги тилек менен алгачкы кадамыбызды таштаганбыз. Чынында сайт түзүү оңой-олтоң иш эмес экен. Башында кыйынчылыктар көп болду. Ага карабай бар күчүбүздү жумшадык. Баш отуң менен киришсең сөзсүз түрдө жыйынтыгын берерине ишендик. Акырындык менен интернет айдыңында өз жолубузду сала алдык.

Азыркы учурда окуу менен биргеликте “Trofi ” аттуу сайты түзүп келүүдөмүн. Муну “интернет- меню” деп атап койсок болот. Анткени үйүңүздө олтуруп эле жакынкы кафеден же ресторандан каалаган тамагыңызды тандап буюртма бере аласыз. Башкача айтканда тамак –аштардын онлайн базасы. Ошондой эле жаңы жаш программистерди түзүү максатында өзүм теңдүү студенттерге “HTML”, “CSS”, “Java Script”, “PHP” өңдүү программа тилдерин үйрөтүп келе жатам. Тыйындын эки тарабы болгондой эле сөзсүз түрдө түйшүктөрү болот. Бирок бешене тер менен жасаган иштерибизден жыйынтык чыгаарына ишенем.

Келечекте чет мамлекеттерге барып билимимди өркүндөтүп, Америка Кошмо Штатынын “Google” компаниясынын башкы кеңсесинде иштеймин деген чоң ниеттерим бар.”

Каарманыбыздын ойлогон иштери ишке ашып, келечекте көптөгөн ийгиликтерге жетишине тилектешпиз!

Даярдаган: Жумабаева Сапаргүл


Ийгиликтүү студент

Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин 4- курсунун студенти, ОшМУнун “Жылдын актрисасы - 2017” наамынын ээси “ийгиликтүү студент” рубрикабыздын коногу Бактияр кызы Нурайым:

“Ийгилик – бул өзү келчү нерсе эмес, талыкпаган эмгек, туура чечим, алдыга карай багыт, сага коюлган жоопкерчилик деп ойлойм”.

Мугалимдик кесипке тарбияланып жатам

“Ар адамда ар кыял ал кыялды ким тыяр” демекчи балалыктагы кыялдарымды санап бүтө албасам керек. Үй шыпырып жаткан жеримден шыпыргыны комуз элестетип чертип,күзгүнү карапырдап калчумун. Кийин “Мекендештер” телеберүүсүн алып барган Гүлүмкан Урустамованы кумир тутуп, ырчы болом деген кыялдарымды журналист кесибине алмаштырдым. Ата-энем журналист болом десем “кана эми сыналгыдан чыгып калсаң, биз сүйүнүп көрөт элек ” деп азырга чейин “качан сыналгыдан чыгасың?” деп калышат. Бирок, азыр кыргыз тили жана

адабияты адистиги боюнча мугалимдик кесипке тарбияланып жатам.

Алгачкы кадам

ОшМУга окууга тапшырып, студент болуп келгенден кийин Гүлжамал эже “ОУДТда актёрдук чеберчилик боюнча кастинг жүрүп жатыптыр” деп алып барган. Кастингден өтүп Ниязбек Абдыразаков агайдын колунда окуп, тарбиясын алып калдык. Эң алгач Мелис Маматжан уулунун “Апакемдин алмасы”, Иманбек Азизилла уулунун “ Бүтпөгөн ыр” китебининачылышында роль аткаруу менен алгачкы актрисалык тушоомду кескенмин.

Нияз агай, максатыбызга тепкич куруп берди

Андан бир жыл өткөн соң ОшМУда студенттик театр ачылып, биринчи жолу университетибизге “Кымбаттуу Зейнеп Белековна” аттуу спектакль коюп, анда башкы каарман Зейнеп Белековнанын ролун аткарып калдым. Ошондон улам актрисалыкка кызыгуум арта баштады. Ал эми былтыркы окуу жылында залкар жазуучубуз Ч. Айтматовдун беш чыгармасынан үзүндү композицияларды аткардык. Студтеатр- бул арты көрүнгүс бийик тоо, жогорулап барган сайын ийгилик көрүнө баштайт. Мени ушул багытка кызыктырып, тарбиялап жаткан Ниязбек агайыма ыраазычылыгымды билдирем. Агай болбосо, мындай ийгиликтерге жетишпей, талантым ачылбай кала бермек.Биз үчүн убактысын, энергиясын, билимин берип максатыбызга тепкич куруп берди.
ОшМУ - таланттуу, билимдүү жаштарга шарт түзгөн, мээримдүү эне!