News Архив

Финансы и банковское дело

Бухгалтердик эсеп жана финансы”кафедрасы- бул экономика, финансы, банк жана салык салуу тармагындагы билимдердин жалпы окуу-тарбиялоо, илимий жана усулдук ишмердүүлүккө багытталган профессор-окутуучулук курамдын окуу-өндүрүштүк бирикмеси.Бухгалтердик эсеп жана финансы” кафедрасы Ош мамлекеттик университетинин финансы-юридикалык колледжинин окуу-структуралык бөлүгү болуп эсептелет.

2006-2007-окуу жылында алгач Окумутуулар Кеңешинин №6 токтомунун (02.02.2007-ж.) чечиминин жана ректордун №40 буйругунун (13.02.2007-ж.) негизинде “Кесиптик билим берүүнүн” дисциплиналар циклы ачылган.

Кесиптик билим берүүнүн циклине улук окутуучу Исраилов Т. Кафедра башчысы болуп дайындалып 2-жыл жетектеген. Циклдин окуу жүктөмдөрүн Бизнес жана менеджмент,Финансы жана экономика факультеттеринин тиешелүү кафедралары тейлеп турган.

2009-2010-окуу жылында “Финансы”, ”Экономика жана бухгалтердик эсеп” адистиктеринин окуу процессин толук кандуу жүргүзүү максатында Кесиптик билим берүү циклы Кесиптик билим берүүнүн бүтүрүүчү “Бухгалтердик эсеп жана финансы” кафедрасы болуп түзүлүп, кафедра башчылыгына улук окутуучу Асилбек кызы Жыпара дайындалган.

2010-2011-окуу жылында“Банк иши”, ”Салык жана салык салуу” адистиктери ачылып, ”Бухгалтердик эсеп жана финансы” кафедрасы жалпысынан “Финансы”, ”Экономика жана бухгалтердик эсеп”, ”Банк иши” жана “Салык жана салык салуу”адистиктерин тейлеп келген.

2013-2014-окуу жылында жогорудагы аталган кафедра 4 адистикти «Финансы», «Экономика жана бухгалтердик эсеп», «Банк иши» жана «Салык жана салык салуу» адистиктерин тейлеп келген. Студенттердин жана окуу жүктөмдөрүнүн саны көбөйгөндүктөн кафедраны эки төмөндөгү багыттагы кафедраларга бөлгөн:

«Финансы жана банк иши» кафедрасы- кафедра башчысы, улук окутуучу Асилбек кызы Жыпара дайындалган.

«Бухгалтердик эсеп жана салык» кафедрасы- кафедра башчысы, ага окутуучу Исаков Кубаныч дайындалган.

Жогорудагы эки кафедрада окуу жүктөмдөрүнүн азайып кетикендигине байланыштуу, 2016-жылдын 24-сентябрдагы №760-буйгунунун негизинде Бухгалтердик эсеп жана финансы кафедрасы болуп кайрадан түзүлүп, кафедра башчылыгына доцент Н.Ж. Исаков дайындалып, азыркы учурда жетектеп келүүдө.