КВАЛИФИКАЦИЯНЫ ЖОГОРУЛАТУУ
ФКЛ, магистратура Форма-6


ОПК аралыктан билим берүү технологиялары боюнча атайын семинарларга, тренингдерге өз убагында катышып турушат. Атап айтканда, “Аралыктан окутуунун моделдери жана Moodle ачык билим берүү платформасын сырттан жана дистанттык билим берүүдө пайдалануу” (доц. З.Тагаева, доц. З.Раимбердиева, доц.У.Камардинова, доц. Г.Кожоева, улук окут. Н.Жумаев, улук окут. Ж.Камчыева), “Заманбап сабак даярдоонун жана уюштуруунун усулдары” (доц.Кошуева М.), “Санариптик сабаттуулук” (доц. У.Камардинова), “Кредиттик системада окутуучу менен студенттин өз ара мамилесин уюштуруу” (доц. У.Камардинова), “Манас” эпосун окутууда заманбап санариптик усулдарды колдонуу” (проф. Г.Жамгырчиева, улук окут. А.Маматова, улук окутуучу М.Табалдиева), “Кыргыз тилин жана адабиятын окутууда инновациялык технологияларды колдонуу” (улук окут. М.Табалдыева, окут. Н.Заирова, окут. К.Жолдошева), “Мугалимдин устаттыгы жана окутуунун жаңы технологиялары” (доц. У.Камардинова, доц. Г.Кожоева, улук окут. М.Табалдыева,) деген темадагы семинарларга, тренингдерге катышуу менен квалификацияларын жогорулатып, натыйжаларын окутуу процессинде пайдаланып жатышат.

ББПда жаш окутуучулар кафедралардын иш пландарына ылайык квалификациясын жогорулата алышат. Мындан тышкары, өзүн өнүктүрүү планына ылайык, зарыл тематикадагы семинарларга, тренингдерге, атайын курстарга, илимий конференцияларга катышышат:

Аты-жөнү

Кафедрасы,

кызматы

Квалификациясын жогорулатуу курстарынан өткөндүгү

1.

Табалдиева М.

Кыргыз адабияты кафедрасынын улук окутуучусу

“Кыргыз тили жана адабиятын окутууда инновациялык технологияларды колдонуу” (72 саат). Күбөлүк № 0240. 2021.

“Проектирование педагогических технологий”(72 часа )Сертификат 2021.

“Манастаануу сабагын ЖОЖдордо окутуу” квалификация жогорулатуу курсу (72 саат). Сертификат. 2022.

“Мугалимдин устаттыгы жана окутуунун жаңы технологиялары” (72 саат). Сертификат. 2023.

2.

Кожоева Г.

Кыргыз тили илими кафедрасынын доценти

1.“Окуу процессинде дистанттык технологияларды колдонуу” семинарынын сертификаты (2019);

2.“Компетентүүлүктү калыптандыруучу технологиялар жана баалоочу каражаттар” тренинг-семинардын сертификаты;

3.“Методологической подготовки учителей” аталышындагы семинардын сертификаты (2022).

4.“Мугалимдин устаттыгы жана окутуунун жаңы технологиялары” аталышындагы 72 сааттык курстун сертификаты (2023 ).