Eğitim faaliyetleri

Урматтуу замандаштар жана студент-достор!

ТАРБИЯ ДЕГЕН ЭМНЕ?

Тарбия бул – инсандын адебин, аң-сезимдүүлүгүн, ыймандуулугун максатка ылайык системалуу калыптандыруу процесси деп түшүнсөк болот.

Тарбия бул - адамзаттын социалдык тажрыйбасын өздөштүрөт. Ал үй бүлөдөн баштап мекемелерге чейинки баардык коомчулуктун бирдиктүү ишмердиги аркылуу жүзөгө ашат. Инсандын калыптанышына коомдук турмуштун, илим менен техниканын өнүгүшү, адабият, искусство, маданий-массалык, спорттук иш-чаралар, семинарлар, тренингдер, илимий конференциялар жана маалымат каражаттары таасир берет.Ошондой эле адам өзүн-өзү тарбиялайт.

Тарбия боюнча бул аныктаманын калыптанышы үчүн ар кандай философиялык ой-пикирлер, накыл сөздөр чыгаан инсандар тарабынан айтылып келет. Биз алардын айтып кеткен накыл сөздөрүн окуп, өзүбүздү-өзүбүз тарбиялоону колго алып, аракет кылышыбыз керек. Анткени азыркы учурда тарбия бул суу менен нандай керек болуп тургандыгын жоон терибиз менен сезип турабыз.

Улуу инсандардан калган накыл сөздөргө көңүл бурабыз!

1. Турмуштун ачуу-таттуусуна бышкан адамдан гана мыкты инсан чыгат!

2. Коом деген бул – сени менен мен.

Сен таза болсоң, мен таза болсом коом таза болот!

3. Адамга эң кыйыны – күн сайын адам болуу.

4. Буту-колу бар эмес, жөндөмү бар ийгиликтерге жетишет!

5. Салмагы чоң эмес, акылы чоң көптү билет!

6. Бою узун эмес, максаты-ою узун узакты көрөт!

7. Билеги күчтүү эмес, аракети күчтүү жашоосун өзгөртө алат!

8. Жүзү сулуу эмес, мамилеси жылуу адам, жагымдуу болот!

9. Тили узун адамдын сөзүнөн, билимдүү адамдын сөзү өтүмдүү!

10. Башкага жетеленбей, өзүңдү-өзүң жетелегенге үйрөн!

11. Канча адам көрдүм, сыртында кийими жок, канча кийим көрдүм, ичинде адамы жок....

Куш бийиктикке эки канат менен учат, ал эми студент (окуучу) дагы алдыга койгон максатына жетүү үчүн төмөнкү эки канат керек болот:

Биринчиси – билим, экинчиси – тарбия

Билим бул - адам баласынын аң сезимин өстүрүп ар кандай кесип ээси болгонго жана бул жашоодо башкалардан кем болбой өз оокатын таап жегенге мүмкүнчүлүк берет.

Тарбия бул – инсандын адебин жакшыртып ага жашоодогу эң керектүү адамгерчиликтүү сапаттарга үйрөтөт.

Тарбиялык иштер багытында тарбия өз максатына жетүү үчүн “Бизнес жана менеджмент” факультетинде дагы тиешелүү багыттарда ар кандай иш-чараларды уюштуруу аркылуу студенттерибизди көп багыттуу тарбия берүүгө болгон аракетти жумшап жатабыз.

Андыктан факультетибиздин жалпы профессордук-окутуучулук курамы жана студенттер менен биргеликте бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып алгылыктуу жумуштардын аткарылышына активдүү катышып, сапаттуу жыйынтык чыгарабыз деген үмүттөбүз!

 

Сиздерди терең урматтоо менен, "Бизнес жана менеджмент" факультетинин деканынын тарбия иштери боюнча орун басары, БИжЭМ кафедрасынын ага окутуучусу Оморов Шабданбек Орозмаматович