News Архив

Trades Committee
                                                   ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН БИРИККЕН ПРОФСОЮЗ КОМИТЕТИ
      Ош мамлекеттик университетинин бириккен профсоюз комитети – студенттердин, профессордук окутуучулар жамаатынын, аспиранттардын, жумушчулардын курамынан турган областтагы эң ири массалык коомдук уюмдардын бири. Бириккен профсоюз комитетинин негизги милдети – окуу тарбиялык, маданий-массалык жана илим изилдөө иштеринин сапатын жогорулатуу, кызматкерлердин ден-соолугун чыңдоо, эс алуу жана жашоо шарттарын жакшыртуу болуп саналат. ОшМУнун бириккен профсоюз комитети -жаштар комитети, студенттик акыйкатчы, жатакананын студенттик сенаттарынын бир топ иш-чараларына, маданий көңүл ачуусуна жана спорттук таймаштарга материалдык колдоо көрсөтөт. Эң негизгиси студенттер, окутуучулар жана башка кызматкерлерди социалдык жактан колдоо менен бирге алардын укугун коргоп келет.
      Бириккен профсоюз комитети өз ишин факультеттердеги, бөлүмдөрдөгү атайын шайланган бюро мүчөлөрү аркылуу жүргүзөт.
      ОшМУда эмгектенген жумушчулар жана окуган студенттер бириккен профсоюз комитетине мүчө болуу укугуна ээ. Ал үчүн бириккен профсоюз комитетинин кабинетинен, же факультеттердеги профсоюз комитетинин мүчөлөрүнөн арыз үлгүсүн алып, аны толтуруу гана жетиштүү.

                  2014-жылдын 7-февралында Ош мамлекеттик университетинин бириккен профсоюз комитетинин Президиумунун кенейтилген отуруму болуп өттү. Кун тартибиндеги өткөн 2013-жылдагы профсоюз комитетинде аткарылган жалпы жана финасылык иштер боюнча төрага, доцент А.Аккулов жана башкы эсепчи Э.Рысалиевдер кенири маалымат беришти.Ошондой эле 2014-жылга карата профкомдун иш планы жана бюджеттик сметасы талкууланып, сунуштарды эске алуу менен бекитилди.