Компьютердик борбор
МИТ факультетинин Компьютердик борбору 2009 – жылы Ош МУнун ректорунун № 491 - буйругунун негизинде Компьютердик базаны жана информациялык технологиялар багытындагы окуу-усулдук, илимий иштерди борборлоштуруу үчүн окуу иштери боюнча проректору, ф.-м.и.к., доцент А.О. Абдувалиевдин демилгеси менен ачылган. Алгач Компьютердик борбордун директору кызматынаф.-м. и. к. Арапбаев Русланбек Нурмаматович 2009-жылдын 3-августунда дайындалган. Борборго МИТ факультетинин алдындагы информатика, программалоо, информациялык технологиялар жана автоматташтырылган системалар (ИТАС), математиканы жана информатиканы окутуунун усулу кафедраларынын карамагындагы баардык компьютердик класстар жана тейлөөчү окуу - көмөкчү кызматкерлери кирген. 2011- жылдын 2-сентябрынан баштап Компьютердик борбордун директору болуп ф.-м.и.к.,доцент Сопуев Уланбек Адахимжанович дайындалып, ийгиликтүү иштеп келе жатат. ОшМУнун башкы корпусунун аудиторияларына видео байкоо камералары орнотулуп сабактардын өтүү деңгээли бир топ жогорулоодо. Факультетте локалдык тармак жаңыдан тартылып, бир топ аудиториялар капиталдык ремонттон өттү бир иинтерактив доска жана проектолор орнотулду. Азыркы мезгилде борбордо 16 заманбап компьютердик класстар бар. Алардын баары интернетке оптоволокондук кабель менен туташтырылып, студенттер жана окутуучулар үчүн пайдалануу мүмкүнчүлүгү акысыз. Башкы корпуста кабелсиз интернетке чыгуу үчүн WI FI системасы үзүрлүү пайдаланууда. Борбордо 10 адис эмгектенишет.