Тарбия ишинде танапис жок

КАСТАМОНУ УНИВЕРСИТЕТИНДЕГИ ЖЕТИ К ҮН

ОшМУда окуу процесси, тарбия иши системалуу жүргүзүлөт, андан сырткары Кыргызстандан башка чет өлкөгө барып, тажрыйба алмашып келген окутуучуларыбыз, академиялык мобилдүүлүк боюнча окуп келген студенттерибиздин саны көп. Бул сапар ОшМУнун тарбия иштери боюнча декандын орун басарлары жана аялдар кеңешинин өкүлдөрү чогуу Туркиянын Кастамону университетине сапарга чыкканбыз. Кастамону университетиндеги жети күнүбүз жөнүндө азын-оолак баяндап берейин.

24-февраль күнү Оштун эл аралык аэропортунан Бишкеке учтук. Түнү менен Манас эл аралык аэропортунда Ташболот Эркебаевдин тамаша сөздөрүнө күлүп таңды атырдык. Таңга маал Бишкек-Стамбул багыты боюнча биринчи рейсте асманга көтөрүлдүк. Самолетто учуу жагымдуу, жерден көккө көтөрүлгөндө жүрөгүңдүн сокконун угасың, аман-эсен жетсек экен деп Кудайды эстейбиз. Адам басып өткөн жолуна бир кылчайып алат эмеспи.

Туркиянын убактысы боюнча саат тогузда Сабина Гокче аэпортуна кондук. Жамгыр жаап, айлана жаз жыттангандай сезилди. Бизди Кастамону университетинин Эл аралык байланыштар факультетинин окутуучусу Бейшен Токтогулов деген агай тосуп алды. Жамгыр аралаш Стамбулду көрүп бараттык. Жол катар заводдорду тааныштырып, бул талааларды кол менен көрктөндүргөн Түрк боордоштор жөнүндө агайдын сөзүн угуп, зымыраган узак жолдо көзүбүздү уйку тартып баратты.

Болу шаарына жеткенде түштөнүүгө токтодук. Аэропорттон акчаларыбызды лирага алмаштырып алгандыктан, кайтарымына кайсы бир белгилүү адамдын элеси түшүрүлгөн сары түстөгү бир тыйындарды алып, тамактандык. Биринчи Түрк тамагына ооз тийип, кызыл чайын уурттадык. Стамбулдан Кастамонуга чейин алты сааттан ашык жүрдүк.

Бизди проректор Сезгин Аян тосуп алып, университеттин конок үйүнө жайгаштырды. Кечки тамакка Кастамону университетинин ректору, профессор Сейит Айдын өзү келип, чогуу тамактандык. Алдыдагы күндөрдүн планын айтып, университеттин ийгиликтери жөнүндө кеп кылды. Кастамону университети 2006-жылы Анкара университетинин курамынан бөлүнүп чыгыптыр. Бүгүнкү күндө алыскы жана жакынкы коңшу өлкөлөрдөн тартып, жаңы зелендияга чейинки мамлекеттерден билим издеген студенттер келип, түрк тилин үйрөнүп, окуп жатыптыр.

26-февраль күнү Сезгин Аян биз менен чогуу борбордук китепкана барды. Айнек менен кооздолгон үч кабаттуу жаңы салынган китепкананын кызматкерлери бизди кичипейилдик менен тосуп алышты. Китепкананын жетекчиси жаш, билимдүү кыз экен. Борбордук китепкананын качан курулганын, китеп фонд жөнүндө, каталогдор, кабыл алуу бөлүмү, окуу залдары, жекече окуу бөлмөлөрү, китептерге орнотулган чиптер тууралуу кеңири айтып берди. Көзү азиз студенттер үчүн атайын окуулуктар, электрондук китептер, окуу залдары бар экен. Атайын алар менен иштегенге бир адисти жумушка алышыптыр. Ал китептерди угууга ылайыктап, аудио форматын жасай турган программа менен иштеп жатыптыр. Бул окуу китептерин башка тилдеги досторубуз менен бөлүшүү максатында түрк тилинен казакчага которуу үчүн атайын проект ишке ашырылыптыр. Биз да кызыгып калдык. Китептерге чип коюп, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарыбызга жакшы шарттарды түзүүнү ойлодук. Китепканада мырзалар дагы жумушчу болуп иштеп жатканы бизге кызык көрүндү, анткени, бизде китепкана дегенде жалаң гана кыздар иштейт деген түшүнүк мээбизге сиңип калыптыр.

Сапарыбыз андан ары чоң лабораторияга баруу менен уланды. Химиялык, биологиялык лабораторияда 20 жакын илимий кызматкерлер эмгектенип, арасында магистрлер, аспиранттар жана илимдин докторлору бар экен. Жаңы, заманбап техникалык жабдууларда микро элементтер менен иштеп жатышыптыр. Көрүп суктандык. Илимий лаборатория аркылуу окуу жайга инвестиция тартып, жаш адистерди илим дүйнөсүнө жетелеп, муундар байланышы жолго коюлганы кубандырды.

Лабораториядан чыккандан кийин студенттик ашканага баш багууга туура келди. Биринчи кабатта казкатар тизилген студенттер окшош тамак жеп отурушат. Окутуучулар, студенттер тамак акысын карточкасы менен төлөшөт же накталай берсе дагы болот экен. Элдин көптүгүнөн ызы-чуу, түрдүү түстөгү кийимчен, түрдүү тилде кобурашкан студенттердин арасында көзү жылуу учурап, үч кыз тамактанып отуруптур. Биздин калпакчан жүргөнүбүздү көрүп, Кыргызстандан келиптир деп, учурашты. Башка столдордо отурган кыргыз жигиттер да өлкөбүздүн ар тарабынан келишкенин, ал жерде билим алып жатышкандыктары тууралуу кыска сүйлөшүүгө үлгүрдүк. Көпчүлүгү бир жылдык түрк тилин үйрөнүү курсунда окуп жатышыптыр. Тим эле көздөрү жайнаган улан-кыздар экен.

27-февраль күнү Туризм факультетинин окуу имараты, атайын студенттер үчүн окуу корпусуна ачылган мейманканалары, окуу процесси, техникалык базасы менен тааныштык. Факультеттин деканы жамааты менен бизди жолугуштуруп, ишмердүүлүктөрү жөнүндө кеңири маалымат берди. Студенттер англис, орус, немис тилдерин үйрөнүшүп, окуу корпустагы конок үйлөрдө, ашканаларда окуусу менен практикасын бир учурда жасашканын көрдүк. Кастамону университети Туризм факультетине приоритет берип, бүтүндөй Анадолуга келген туристтерди биздин факультеттин бүтүрүүчүлөрү тейлейт деп сыймыктанышты. Көчмөндөр оюнуна келип, Кыргызстандын кооз табиятын көрүп, элдин ынтымагын, каада-салттарыбызга суктанганын жашырбады. Ысык-Көлдө туристтик сервисти жакшыртса, коноктор үчүн шарт жаратып, дүйнөгө жарнамалап туристтерди чакырганды үйрөнүшүбүздү айтты. “Туристтерди чакыруунун эки жолу бар, биринчиси аларды чакырып, келгенден кийин алардын талабына жараша шартты түзүү, ал эми экинчиси комфорт шартты жаратып, андан соң чакыруу. Биз экинчи жолун тандайбыз, анын тууралыгын көп жылдык тажрыйба көрсөттү” – деди.

Түштөн кийин Кастамону шаарындагы мык колдонулбай салынган мечиттерге, тарыхый жерлерине саякаттадык. Таш төшөлгөн, тар көчөлөрүндө кыдырып жүрдүк, форд үлгүсүндөгү машиналарды көп айдашканын баамдадым. Көчөсү тар экени, өйдө-ылдый болгонуна карабай автоунааларын катуу айдоо көнүмүш адат экенин Бейшен агай бизге айтып берди.

28-февралда Искусство факультетине бардык. Керамика менен иштөө, сүрөт, дизайн адистиктеринде окуп жатышкан студенттер менен жолугуштук. Керамика менен иштөөдөн сырткары бир аудиторияда сууга гүл тартып, аны кагазга түшүрүүнү үйрөнүп жатышкан студенттерди көрдүк. Буга чейин кинолорунан көргөн бул чыгармачылык өнөрдү баарыбыз жабыла карадык, аябай кызык процесс экен. Бизди жетектеп жүргөн проректор Сезгин Аян мырзанын жана биздин келишибизге атайын бул факультеттин студенттери тарабынан даярдалган керамикадан жасалган чыгармачылык көргөзмөнүн лентасын кестик. Ал көргөзмөдө биринчи курстан төртүнчү курска чейинки студенттердин эмгектери коюлуп, ар бири өзүнчө ойду бергендиги менен маанилүү болду, көбүнчө Анадолу маданиятына көп маани берип, өткөн турмушуна кайрылып, эркиндикти баалашканы байкалды.

Андан ары Коммуникация факультетине, Томер окуу борборуна кайрылдык. Коммуникация факультетинде журналистика, теле жана радио журналистикасына студенттер даярдалат. Окуу корпусу жаңы гана бүткөндүктөн техникаларын эми орнотуп жатыптыр. Бизде “Үмүт” ТВ, “Нур”, “Дидактика” сыяктуу гезиттерин сураганыбызда, студенттери жергиликтүү телевидениелерде, радиолордо иштөөсүн айтышты. Биздин телестудиябыз жумасына эки жолудан жергиликтүү ТВдан көрсөтүүлөрүн берүүсүн айтканыбызда алар муну биз дагы колдонушубуз керек экен калышты.

Томер окуу борборунун директору Ясин мырза кыргызча эркин сүйлөйт экен, көрсө көп жыл Жалал-Абаддагы түрк лицейинде иштептир. Бүгүнкү күндө түрк тилин үйрөнүп жаткан студенттердин арасында кыргыз улутундагылар көп экенин, башкаларга салыштырмалуу талантуу жана тилди өздөштүрүүдө аракетчилдигин белгиледи. Томер окуу борборунун программасы биздин Кыргыз-Түрк факультетинде дагы жүргүзүлүп жаткандыгы тууралуу айтып бердик.

Түштөн кийин Экономика жана эл аралык байланыштар факультетине бардык. Кастамону университетинин өзгөчө факультеттеринин бири катары тааныдык. Деканы факультеттин ишмердүүлүгү жөнүндө кеңири маалымат берди. Биздин илимий журналыбыз РИНЦге, Scopusка катталган, ошондуктан илимий макалаңыздар болсо таштап кетиңиздер, жарыялайлы. Биздин журналга сиздердин окумуштууларды редакциялык кеңешке кошолу, өз кезегинде сиздер дагы ОшМУнун жарчысына бизден ред.кеңешке мүчө катары кошсоңуздар, илимий байланышыбыз мындан ары да күчөйт эле деген оюн айтты.

Кастамону шаарынын чок ортосунда Педагогика факультети жайгашыптыр. Жалаң мугалим болом деген студенттердин ордосу экен. Мугалимдердин мүнөзүндөгү жупуну студенттер, мактанычы жок, кийингени да, жүргөн турганы да мугалимдердей. Башталгыч билим берүүдө окуган студенттерге атайын “драмалык сабак” өтүлүп, көркөм окуу боюнча адис мугалим аларды балдар менен иштөөдө зериктирбөөгө (“монотонный”) үйрөтөт деп айтышты. Окуу корпуста окутуучулардын балдары үчүн бала бакча иштеп, мектепке чейинки билим берүү адистигинде окуган студенттер практикасын ушул жерде дагы өтүүгө уруксат берилиптир.

1-мартта Кастамонудан эки саат жол жүрүп Боскурт шаарындагы кесиптик лицейине келдик. Ал жерде чакан жамаат тосуп алышты. Жума күнгө туш келгендиктен баарыбыз лицейдин жанындагы мечитке кирип жума намазын окудук. Андан чыгып Боскурт шаарынын губернатору менен жолугуштук. Бизди жылуу тосуп алып, түшкү тамактанууга чакырды. Бул шаар табияты кооз, үч-төрт миң калкы бар чакан шаар экен. Шаркырап аккан дарыясы, калың карагайлуу, ак карлуу тоолору, учуруп кетчүдөй оолуккан шамалы менен эсте калды. Губернатор мырза Кыргызстанга келүү ниети бар экенин айтып, бул шаардын аты Бозкурт, менин фамилиям да Бозкурт, ошондуктан сиздерге бозкурттун (карышкырдын) элеси түшүрүлгөн сувенирди белекке тапшырайын деп тамашалады.

Бозкурттагы кесиптик лицейде 450 студент зергерлик, котормочулук жана өрт өчүргүч адистиктери боюнча билим алышат. Кастамону университетинин кичинекей төш белгисин алтындан, күмүштөн, жезден жасап чыгарышкандыктан, баарыбызга бирден белекке беришти.

Күн кечтеп калганына карабай Бозкурттан он мүнөттүк жол жүрүп, Абана шаарына келдик. Кесиптик лицейдин жалпы жамааты, шаардын губернатору чогуу тосуп алышты. Кесиптик лицейлер төрт-беш кабаттан болгондуктан, лифт пайдаланат экен. Лицейде 250 студент төрт адистик боюнча билим алышып, андан ары Кастамонуга билимин жогорулатканы барышат деп айтты директору. Кара деңиздин боюна жайгашкандыктан, шарпылдаган деңиз шоокуму бизди кызыктырып турду. Окуу имаратын, китепканасын, компьютердик класстарын кыдырып чыккандан кийин кара деңиздин боюна бардык. 2018-жыл Түрксой уюму тарабынан Кастамону шаары Түрк дүйнөсүнүн борбору деп табылгандыктан, көп иш чаралар Абана шаарында, Кара деңиздин боюнда өткөрүлүптүр. 3000ге жакын калкы бар Абана, Бозкурт шаарлары жаз келгенде 30 000ге жакын туристтерди кабыл алышат. Кышкы сезондо жергиликтүү тургандар жаздын камын көрүп, туристтер үчүн ыңгайлуу шарттар жөнүндө ойлонушат экен.

Кечки тамактанууга гурбернатор чакырып, ОшМУ менен Абана шаары келишим түзүп, жазгы каникулда окутуучулар, студенттер келишсе арзандатылган түрдө кабыл алабыз деп сүйлөдү. Түнкү кара деңиз, Абана жана Бозкурт менен коштошуп Кастамонуга жолго чыктык.

2-март. Кастамону университетинин ректору Сейит Айдындын уулу үйлөнүп, бизди конокко чакырды. 1000 кишилик тойканада ак калпакчан кыргыздар үч столго жайгаштык. Кыргызстандан атайын ректордун чакыруусу менен дагы бир топ эл жакшылары катышты. Алардын салты боюнча келин-күйөө киргенден кийин, концерттик программа башталды, алардын арасында мени да чакырды. Сахнага чыгып жалпы Кыргызстандын атынан той ээлерине куттук айтып, эки-үч ырымды ырдап бердим. Андан соң улуттук бийлери бийленди, коноктор акырын чыгышып, келин-күйөөнү куттуктап, белегин тапшырып чыга беришти. Ошентип, той эки саатта жыйынтыкталды. Тынч, жагымдуу өттү, ашыкча чыгымы, ызы-чуусу жок эле той өткөрсө болот тура деп калдык.

3-март. Күнгө дүйшөмбү. Таңга маал Анкараны көздөй тегиз жолдо тамаша, күлкү, ыр менен көңүлдүү келдик. Анкарадагы Мустафа Кемал Ата Түрктүн мавзелейине кирип, улуттук сезимибиз ойгонуп, түрк элинин мекенчилдигине баа берип чыктык. Мавзелейдин төрүндө Мустафа Кемал Ататүрктүн мындай сөзү бар экен: “Эй, келечекке умтулган жаңы муун, бул мамлекетти биз курдук. Аны силер жашатасыңар, улуу кылган, ыйык кылган да силерсиңер!”

Борбордук чоң мавзелейден чыккандан кийин бизди Кызыл ай деген базарга алып барышты. Кадам сайын кыргыздарды жолуктурууга болот. Мынча көп жүрүшөт деп сурасам, жекшемби күнү эс алууга чыгышканда бардыгы ушул Кызыл айга келип, бири-бирин сурашып, чогуу тамактанып, көңүл ачышат деди Бейшен агай. Москвага же башка шаарларга барганда кыргыздар бири-бирибизди тааныбасак да, көргөндө жылуу учурашабыз, Туркияда болсо тескерисинче көрмөксөн болуп өтүп кеткенге аракеттенишет экен. Анкаранын базарын кыдырып, ар ким өзүнө жакканын алгандан кийин Кастамонуга карай кайттык.

4-март күнү Кастамонунун борборунда жайгашкан университеттин башкы корпусуна келип, ректор Сейит Айдынга жолуктук. Ал киши Кыргызстандагы эң биринчи кол узатып, достошконубуз Ош мамлекеттик университети деди. ОшМУдан кийин Нарында, Таласта түрк маданияты боюнча келишимдерге кол койдук. Сиздердин окуу жайда көп мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн, шарттар бар экен. Бүгүн биз ОшМУнун Кыргыз-Түрк факультети менен биргеликте кош дипломго кол койдук. Келечекте көп жакшы пландарыбыз бар, аларды ишке ашырабыз, ал үчүн илимий карым-катнашты, жогорулатып барышыбыз керек деди. ОшМУдагы бардык кызматкерлерге өзүнүн саламын айтып узатты.

Ректордун кабылдоосунан кийин Стамбулга карай жөнөдүк. Жол катар Сафранболу деген эски маданий шаарга токтоп, бир саат айландык, андан соң жолубузду уладык. Кечки Стамбул, карт Стамбул бизди жакшы тосту. Чоң шаарда өзүнүн бизнесин жолго коюп, баргандарга жардам берген кыргыздар көп экен.

5-мартта Стамбул шаарын айландык, Султан Ахмед мечитин, Султан Сулаймандын гаремин, Ая Софияны көрдүк. Мармара деңизинде эс алдык. Эртеси күнү Стамбул Бишкек багыты боюнча жолго аттандык.

Бул күндөр аралыгында Кастамону университетинин окутуучусу Кудрет Артыкбаев бизди үйүнө конокко чакырды, үйүнө баруудан мурун ошол жердеги кыргыз жигиттери менен биргеликте биз бир саат футбол ойнодук. Жыргадык, эс алдык. Андан соң агайдын үйүнө барып, адабий-музыкалуу кече өткөрдүк, сый көрдүк, агайдын үй-бүлөсү менен тааныштык.

Атайын Ош шаарынан бараткандан кийин Өзгөн күрүчтөн, эт ала барген элек, Кастамонуда окуп жатышкан кыргыз улан-кыздарга Ала Тоодогу ата-энелеринен, туулган жеринен салам айтып, сый тамакка чакырдык. Ректор, проректорлор, 80ге жакын студенттер катышты. Азербайжандан келген конок “Кара деңиз толкундары” жөнүндө элдик ырды ырдады. Андан соң биздин агай-эжекелер ырдап, көркөм окуп, студенттер менен чогуу майрамдадык.

Ошентип, сапарыбыз карып, кайттык, учак көккө көтөрүлгөндө Туркияга биринчи жолу келгенгендеги сезимдеримди, байкагандарымды жазгым келди. Түркиянын Кастамону шаарынын жана университетинин өзгөчө таасирлери:

Ø Туркиянын токой чарбасы өнүккөн шаары катары аты чыккан Кастамонуда 120 миң адам жашайт;

Ø Кастамону университетинде 700 окутуучу эмгектенсе (анын ичинде үч кыргыз окутуучу бар, алар т.и.д., профессор Олжобай Каратаев, теолог Кудрет Артыкбаев жана Бейшен Токтогулов), 33 000 студент билим алышат;

Ø Кастамону университети боюнча үч гана проректор иш алып барат;

Ø Ар бир окутуучунун өзүнчө каанасы бар;

Ø Жарандыгына карабай социалдык абалы оор студенттерге жатакана жана бекер кийим кечек берилет;

Ø Азыркы учурда 13 факультети бар;

Ø Туркиянын жарандары жогорку окуу жайында акысыз билим алышат. Сырттан окуу деген түшүнүк жок, бардык адистиктерде кечки бөлүмдөрү бар;

Ø Башка өлкөдөн келген студенттер жылына 150-200доллар өлчөмүндө келишимдик акы төлөшөт;

Ø Бул шаардын тургундары бак-даракты өкп отургузушат;

Ø Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген студенттер үчүн жакшы шарттар түзүлгөн;

Ø Университеттин жатаканасынын бир айына төлөмү 290 лира (40 доллар, эки маал тамагы менен);

Ø Окутуучулар жана студенттер эркин кийинишет;

Ø Эркек кишилерге сакал, мурут коюу, аялдары жолук салынып жүрүүсү көнүмүш адат;

Ø Конокторуна спирттик ичимдиктерди сунуштабайт;

Ø Телефондун номурлары кымбат болгондуктан, каалаганда алмаштыра беришпейт;

Ø Конокторго сый-урмат менен мамиле жасаганды билишет, туристтик өлкө катары базар шартына ыңгайлашыптыр;

Ø Ар бир тарыхый комплекстерде жыгачтан жасалган буюмдар, сувенерлерди сатышат;

Ø Ар бир бөлмөдө Мустафа Кемал Ататүрктүн сүрөтү жана Туркиянын байрагы илинет.

Түрк элинин мекенчилдигин, Ата-Бабасынан калган бир кочуш топуракты ыйык туткандыгын ар бир үйдө, көчөлөрдө илинген кызыл байрагынан сезүүгө болот. Алардын мамлекетке болгон улуттук сезимине, желбиреген байрагына карап туруп сыйың артат. “Аман бол, көп тагдырды, карт тарыхты боюна сиңирген Туркия! Дагы бир жолу жолгушканча” - деп кол булгаладым.

Түмөнбай Колдошов,

ОшМУнун социалдык жана тарбия иштери боюнча проректору,

Филология илимдеринин кандидаты, доцент .

2019-жыл, февраль, март.


Жаздын жарышы башталды

Бүгүн ОшМУнун Табият таануу жана география факультетинин студенттери тарбия иштери боюнча декандын орун басары Жанарбек Султановдун жетекчилиги менен факультеттин айланасына ишембилик жасашты. Жол боюн тазалап, куурап калган көчөттөрдүн ордуна жаңы арчаларды отургузду


КЫРГЫЗСТАНДАГЫ МИГРАЦИЯНЫН КӨЙГӨЙЛӨРҮ ТАЛКУУЛАНДЫ

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы маалыматтык консультациялык борборунун башкы адиси Айтназаров Жандарбек Замирбекович менен жолугушуу өткөрүлдү.

Жолугушууда азыркы убакта Кыргызстанда болуп жаткан миграциялык көйгөйлүү маселелер, мыйзамдуу түрдө чет өлкөгө жумушка орношуу, мигранттардын кадыр-баркы жана укуктары, жумушка орношуудагы эмгек мигранттарга алдын ала түшүндүрүү иштери жана Кыргызстандагы уруксат алган жеке агенттиктер боюнча сөз болду. Статистикалык маалыматтар берилип, кайсы чет өлкөлөрдүн Кыргызстан менен меморандуму бар экендиги жөнүндө маалыматтар берилди. Студенттердин суроолоруна жооп алынды.


СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата Эл аралык медицина факультетинин окутуучулары №4-5 жатаканалардагы студенттерге семинар өтүп беришти


ОшМУнун №2 жатаканасында Теология факультетинин окутуучулары жана студенттери “Кыз адеби кымбат” аттуу семинар өттү. Семинар буга чейин №1 жатаканада өтүлгөн болчу, мындан ары башка жатаканаларга улантылат.


Спартакиада старт алды

Бүгүн 15-октябрь күнү Ош МУнун факультеттер аралык дене тарбия кафедрасы жана “Жаштык” спорт клубу тарабынан факультеттер аралык спартакиадага старт берилди. Иш чарага ОшМУнун социалдык жана тарбия иштери боюнча проректору, доцент. Т.Колдошов, факультеттин декандары жана тарбия иштери боюнча орун басарлары катышты. Спорттук мелдешке жалпы 18 командадан катышууга арыз түшкөн.


“Ч.Айтматовдун мурасы: ааламдашуу доорунда биримдикте жашоо”

2018-жылдын11-12-октябрь күндөрү ОшМУда эл аралык түрк академиясы менен биргеликте “Ч.Айтматовдун мурасы: ааламдашуу доорунда биримдикте жашоо” аттуу II Кыргыз-Казак илимий жана чыгармачыл интеллигенция форуму болуп өттү. Форумдун биринчи күнү ОшМУнун таланттуу студенттери тарабынан Ч.Айтматовдун чыгармаларынан үзүндү коюлду. Спектакль аяктаганда форумдун катышуучулары ордунан туруп, бир топко чейин кол чаап, таланттарды колдоду. Ошол учурдан көз ирмемдер


"Келечек долбоору" дискуссиялык клубу (10.10.2018) ОшМУнун тарбия департаментинин алдындагы "Келечек долбоору" клубу тарабынан 10-октябрь күнү Кыргыз-Европа факультетинин жыйындар залында "Дин жана демократия боюнча конструктивдүү пикир алышуу" аттуу дискуссия болуп өттү. Дискуссияда студенттер активдүү катышып, талкуу кызуу жүрдү


ОшМУ жана ӨКМдин Ош бөлүмү биргеликте өрт коопсуздугундагы тобокелчиликти жоюу боюнча машыгуу өткөрдү. Төртүнчү жатаканада 280 студентти эвакуациялап, жараат алгандарга мед.биринчи жардам көрсөтүүнү практика жүзүндө көрсөтүштү. ОшМУнун жарандык коргонуу штаб башчысы

Чынгыз Мамажакып Уулу

, Чарба департаментинин директору

Алтынбек Зайнидинов

жанан анын командасы, студенттик омбудсмен

Бектурсун Орозали Уулу

жана проректор

Түмөнбай Колдошов

дор катышты. ӨКМдин куткаруу жана өрт өчүрүү топторуна терең ыраазычылык билдиребиз


ОшМУда ишембилик



Куратордук сааттарды текшерүү (2018-жыл, март)


Залкар жазуучу Ч.Т.Айтматовдун 90 жылдыгына карата ОшМУнун студенттери тарабынан тартылган сүрөттөр ...


"Ата-эне-ОшМУ-cтудент"

13 - март куну Ош МУнун медицина факультетинин 2-курсунун студенттеринин ата-энелери менен "Ата-эне-Ош МУ-Студент" деген темада жолугушуу өткөрдү. Жолугушууга Ош МУнун тарбия жана социалдык иштери боюнча проректору Т. Колдошов катышып, университеттеги акыркы болуп жаткан жаңылыктар менен бөлүштү. Ал эми медицина факультетинин деканы А. А. Исмаилов мындан ары да университет менен ата-энелердин ортосундагы байланышты күчөтүп, "Ата-энелер кеңешин" түзүлүп, пландуу иш алып бара турган болушту.


Сүрөтчү студентердин көргөзмөсү

20-декабрьда ОшМУнун искусство факультетинин ИЗО-1-16 тайпасынын студенттери Т. Садыков атындагы Ош облустук көркөм-сүрөт музейинде экинчи сүрөт көргөзмөсүн өткөрдү "Ар тараптан келип, ар тараптуу таланттуу окутуучуларга жолукканыбыз биздин бактыбыз. Алар: скульптор -
Жумагулов Токтобай агай, сүрөтчү, доцент - Эшбаев Мамыралы агай, профессор - Тамара Кадырбаева эжекелер. Келечекте дагы ушул устаттарыбыздын сын-кеңештеринин негизинде чоң-чоң көргөзмөлөрдү ачууга даярбыз"-дешет студенттер.


Студенттерден балдарга

ОшМУнун жаштар комитети жана ыктыярчылары тарабынан 30-ноябрь жана 1-декабрь күндөрү "Студенттерден балдарга-2017" атту кайрымдуулук акция болуп өттү, акцияда учурунда жумшак оюнчук, кийим кечек жана кеңсе буюмдары чогулган. Акциядан түшкөн жалпы белектерди Ош шаарындагы "Алтынуя" балдар үйүнө жеткирилип кыскача концерттик программалар менен балдардыназ да болсо көңүлүн көтөрдү. Жыйынтыгында балдар үйүнүн жетекчиси ОшМУнун ректоратына жана келген жаштарга ыраазычылыгын билдирди.


ОшМУнун студенти Мамарасул кызы Алтынай V Азия оюндарында Кыргызстандын капчыгына бир алтын, бир күмүш медаль алып келди