Symbolics

Герб ОшГУ

Флаг ОшГУ

Ош МУнун гимни

Сөзү: А. Барпиевдики Музыкасы: К. Жумабаев, И. Кебековдуку Кыргыз жери - элдин улуу дастаны, Нурга бөлөп, бейпил, ачык асманы, Ата журттун ак батасы төгүлүп, Акыл бешик ордосу бол, Ош шаары. Кайырма: Куту сенсиң университет кыргыздын, Ырыс, бакыт уул-кызына тургуздун, Жарык чачып, жылдыз болуп жайнаган, Жаштыгысын жалындаган турмуштун. Баары сенде: өнөр, турмуш сырлары, Бийик сезим, билим, сүйүү, ыр дагы. Илим көчү кылымдарды карытып, Окумуштуусу-көктө Чолпон таңдагы. Кайырма: Куту сенсиң университет кыргыздын, Ырыс, бакыт уул-кызына тургуздун, Жарык чачып, жылдыз болуп жайнаган, Жаштыгысын жалындаган турмуштун. Мезгил өтөт убакытты камчылап, Университет - жанып турган шам чырак. Чырпыктарың чынар окшоп жетилип, Кучак жайып, гүлдөп өскүн жаркырап. Кайырма: Куту сенсиң университет кыргыздын, Ырыс, бакыт уул-кызына тургуздун, Жарык чачып, жылдыз болуп жайнаган, Жаштыгысын жалындаган турмуштун.