Факультеттин профессордук-окутуучулук курамы
Смадияров Сыдык Акунович, т.и.к., доцент – 1987-жылы Ленинград (азыркы Санкт-Петербург) мамлекеттик университетинин тарых факультетин бүтүргөн. Ошондон бери ОшМУнун тарых факультетинде эмгектенет. 1994-жылы Бишкек шаарында “Кыргыз Республикасынын автономия жылдарындагы мамлекеттик аппаратынын калыптанышы жана өнүгүшү (1924-1936-жж.)” деген темада кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргогон. 2011-жылы жаш муундарга татыктуу билим жана тарбия берүүдөгү талыкпаган эмгеги үчүн “Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мыктысы” наамы ыйгарылган. 100 дөн ашык илимий макалардын, анын ичинде 3 монографиянын, ошондой эле бир нече китепчелердин автору. Үй бүлөлүү.
Кадыров Турдумамат Дыйканбаевич т.и.к., профессор, кафедра башчы– 1957-жылы 10-майда Жалал облусуна караштуу Базар-Коргон районунун Жаш Ленин айылында туулган. 1980-жылы Кыргыз мамлекеттик университетине тапшырып, 1985-жылы ийигиликтүү аяктаган. 1986-жылдан тартып Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун тарых факультетинде окутуучулук ишин баштаган. 1993-жылы кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргогон. өзүнүн эмгек жолунда 1993-1997-жылдары Кыргыз улуттук университетинин Оштогу филиалында директор, 1998-2000-жылдары Кыргызстан тарыхы кафедрасынын башчысы, 2000-2006-жылдары тарых факультетинин деканы, 2006-2007-жж. Эл аралык мамиле жана мамлекеттик кызмат факультетинин деканы, 2007-2010-жж. ОшМУнун биринчи проректору болуп иштеген.үй бүлөлүү 4 баланын атасы.
Адилбаев Жумали Адилбаевич т.и.к., профессор - 1948-жылы 6-августта Ош облусуна караштуу Кара –Кулжа районунун Сары- Камыш айылында туулган. 1966-жылы Кыргыз мамлекеттик университетине тапшырып, 1970-жылы ийигиликтүү аяктаган. 1992- жылдан тартып Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун (азыркы ОшМУ) тарых факультетинде окутуучулук ишин баштаган. 1992-жылы кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргогон. 43 жылдан бери билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенет. Билим берүүнүн мыктысы. үй бүлөлүү 5 баланын атасы.
Дүйшөнбаева Аида Байышевна т.и.к., доцент - 1980-жылы 18-апрелде Бишкек шаарында туулган. 1997-жылы Ош Мамлекеттик университетинин тарых факультетине тапшырып, 2002–жылы ийгиликтүү аяктаган. 2002-жылдан тарта ОшМУнун тарых факультетинде окутуучу болуп иштеп келе жатат. 2008-жылы “Кыргыз почтасынын пайда болушунун жана өнүгүшүнүн тарыхы” деген темадагы кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргогон. 10 илимий макаланын жана 2 илимий усулдук колдонмонун автору.
Жумашова Гулзада Султановна т.и.к., доцент- 1983-жылы 20-январда Ош облусуна караштуу өзгөн районунун Кеңеш айылында туулган. 2001-жылы Ош мамлекеттик университетинин тарых факультетине тапшырып, 2006-жылы артыкчылык диплому менен ийгиликтүү аяктаган. Ошол жылдан тарта эле ОшМУнун тарых-юридика факультетинде эмгектенүүдө. “Таш-Көмүр шаарынын тарыхы (1918-2008-жж)” деген илимий темасын 2012-жылы ийгиликтүү жактаган. үй бүлөлүү 1 кыз жана 1 уулдун энеси.
Эрмекбаев Кубаныч Мамасалиевич улук окутуучу - 1960-жылы 26-февралда Ош облусуна караштуу Кара –Кулжа районунун Буйга айылында туулган. 1983-жылы КМУга тапшырып, 1988-жылы ийигиликтүү аяктаган. Ушул эле жылдан тартып ОшМПИнин тарых факультетинде окутуучулук ишин баштаган. “Кыргыз тарыхын окутууда регионалдык материалдарды пайдалануунун методдору” деген темадагы илимий иштин үстүндө эмгектенет.үй бүлөлүү 5 баланын атасы.
Осмонова Бактыгул Абдылдаевна улук окутуучу – 1966-жылы 6 –майда Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Савай айылында туулган. 1983-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетине тапшырып, 1988–жылы ийгиликтүү аяктаган. 1988-жылдан тарта ОшМУнун тарых факультетинде окутуучу болуп иштеп келе жатат. Студенттердин сүйүктүү эжекеси. “Нооруз кыргыздардын календардык майрамы” деген илимий теманын үстүндө эмгектенет.үй бүлөлүү 4 баланын энеси.
Маразыков Нурабидин Камчыевич т.и.к., доцент- 1970-жылы 26-майда Ош облусунун Кара-Суу районунун Маданият айылында туулган. 1991-жылы Ош мамлекеттик университетинин тарых факультетине тапшырып, 1996-жылы ийгиликтүү аяктаган. 1998-жылдан бери ОшМУнун тарых факультетинин “Жалпы тарых жана ТОУ” кафедрасынында улук окутуучу болуп эмгектенетүү менен бирге “XIX –кылымдын аягы XX-кылымдын башындагы түштүк Кыргызстандагы традициялык турак жайлар” деген темадагы кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргогон. үй бүлөлүү 3 кыз, 1 уулу бар.
Султанова Айжан Турдалиевна т.и.к., доцент - 1964-жылы 1-февралда Жалал-Абад облусунун Көк-Жаңгак шаарында туулган. 1983-жылы Кыргыз мамлекттик Университетинин тарых факультетине тапшырып, 1989-жылы ийгиликтүү аяктаган. 30 жылдан билим берүү тармагында эмгектенип келет. 2005-жылдан ОшМУнун “Жалпы тарых жана ТОУ”кафедрасында окутуучулук кызматта иштөө менен бирге “Ош областынын эл аралык байланыштары (1991-2011-жж)” деген темадагы кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргогон. үй бүлөлүү 2 уул, 1 кыздын энеси.
Апышева Аида Кабыловна т.и.к., доцент -1973-жылы 28-сентябрда Ош облусуна караштуу Алай районунун Гүлчө айылында туулган. 1992-жылы Ош мамлекеттик университетинин тарых факультетине тапшырып, 1997–жылы ийгиликтүү бүтүргөн. 1998-жылдан тарта ОшМУнун тарых факультетинде окутуучу болуп иштеп келе жатат. “XX-кылымдын 20-30-жылдарындагы Кыргызстандагы оторукташуу проблемалары” деген темадагы кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргогон. үй бүлөлүү 2 уулдун энеси.
Чыныкеева Гүлназ Эргешалиевна, т.и.к., доцент -1975-жылы 3-августта Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кербен айылында туулган. 1992-жылы Ош мамлекеттик университетинин тарых факультетине тапшырып, аны 1997-жылы аяктаган. Ошол эле жылдан баштап тарых факультетинде эмгектенет. 2015-жылы 24-январда «Азыркы мезгилдеги Кыргызстандын түштүгүндөгү этнодемографиялык жүрүмдөр (Жалал-Абад облусундагы этносоциологиялык изилдөөлөрдүн негизинде)» деген темадагы кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргогон. Үй бүлөлүү 1 уулдун энеси.
Айтбаев Тажибай Акматович, улук окутуучу –1958-жылы 13-мартта Ош облусунун Араван районунда туулган. 1987-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин ийгиликтүү аяктаган. Жогорку окуу жайын аяктагандан кийин 1997-жылга чейин эмгек жолун орто мектепте тарых мугалими, Араван районунун партиялык комитетинде инструктор, Араван районунун “Пахтачы” совхозунда партиялык кабинетинин башчысы, айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы болуп уланткан. 1997-жылы Ош мамлекеттик университетинин тарых факультетинде иштей баштаган. Факультетте көп жылдар бою күндүзгү жана сырттан окуу бөлүмдөрү боюнча декандын орун басары кызматында эмгектенген. Учурда “Туштук кыргыздарынын салтык тамак ашы” деген темада илимий изилдөө ишин жүргүзүүдө.
Ташмаматов Омурбек Аматбекович, т.и.к., доцент, “Кыргызстан тарыхы, археология жана этнология” кафедрасынын башчысы - 1983-жылы 14- августта Кыргыз Республикасынын Ош областынын, Өзгөн районунун Кызыл Сеңир айылында туулган. 2000-жылы ОшМУнун тарых факультетине кирип, аны 2005-жылы ийгиликтүү аяктаган. Ошол эле жылы тарых факультетинин «Кыргызстан тарыхы» кафедрасына окутуучулук кызматына кабыл алынган. 2009-жылы Бишкек шаарында “История города Узген в источниках (эпоха средних веков, нового и новейшего времени)” деген темада кандидаттык диссертациясын коргогон. 2014- жылдан азыркы күнгө чейин кафедраны жетектеп келе жатат. Үй-бүлөлүү. 1 уул жана 1 кыздын атасы.
Султанова Махпурат Шакировна, т.и.к, доцент - 1964-жылы 16-сентябрда Өзбек Республикасынын Анжиан областынын Коргон-Төбө районуна караштуу Хан-абад шаарында туулган. 1987-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин ийгиликтүү аяктаган. Тарых факультетинде эмгек жолун 1988-жылы сырттан окуу бөлүмүнүн методисти болуп эмгектенүү менен баштаган. 1996-1998-жылдары ОшМУнун аспирантурасынын күндүзгү бөлүмүн бүтүргөн. 2007-жылы Бишкек шаарында “XIX кылымдын II жарымы XX кылымдын башындагы Түштүк Кыргызстандагы билим берүүнүн абалы” деген темада кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргогон. 2008-2015-жылдары “Археология, этнология жана Борбордук Азиянын тарыхы” кафедрасынын башчысы, 2015-жылдын октябрь айынан тарых факультетинин “Кыргызстандын тарыхы жана археология, этнология” кафедрасынын доценти болуп эмгектенүүдө. Бир кыздын энеси.
Арстанов Сабыркул Абдиманапович, т. и. к., доцент - 1983-жылдын 24-апрелинде Жалал-Абад областына караштуу Аксы районунун Ак-Дөбө айылында туулган. 2004-жылдын сентябрында ОшМУнун тарых факультетинин “Кыргызстан тарыхы” кафедрасына окутуучулук кызматтан баштаган. 2009-жылы ОшМУнун Жаштар комитетинин төрагасы болуп иштеген. 2014-жылы Бишкекте КР УИАда “1924-36-жж. Кыргызстандын агрардык саясаты: маңызы жана жыйынтыктары” деген темада кандидаттык диссертациясын жактаган. Үй-бүлөлүү. 2 уулдун атасы.
Осмонова Самара Курбаналиевна, т.и. к., доцент - 1982-жылдын 8-январында Жалал-Абад областына караштуу Базар-Коргон районунун Абдраимова айылында туулган. 2004-жылдын февралында ОшМУнун тарых факультетинин “Археология жана этнология” кафедрасына референт катчы кызматынан баштаган. 2008-жылы ОшМУнун тарых-юридика факультетинин декандын контракт иштери боюнча орун басары болуп иштеген. 2014-жылы Бишкек шаарында «Традиционные свадебные обряды кыргызов юго-запада Ферганской долины (конец XΙX – начало XX вв.)» деген темада кандидаттык диссертациясын жактаган. Үй-бүлөлүү. 1 кыздын энеси.
Ураимов Үрүстөм Наркулович, улук окутуучу - 1956 –жылы 11 январьда Ош областынын Ноокат районунун Кыргыз-Ата айылында туулган. 1978 -жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин бүтүргөн. 2004 жыдан баштап ушул кафедрада эмгектенет. “XIX-кылымдын экинчи жарымындагы Кыргызстанда социалдык – экономикалык мамилелердин эволюлицялары” деген теманын үстүндө илимий изилдөө иштерин жүргүзөт. Үй бүлөлүү, 3уул 1 кыздын атасы.
Алтымышова Венера Карыбековна, улук окутуучу - 1976-жылдын 4-февралында Ош областынын Алай районундагы Корул айылында туулган. Ош Мамлекеттик Университетине 1993-жылы тапшырып, 1998- жылы ийгиликтүү бүтүргөн. Кесиби Тарых жана коомдук илимдердин окутуучусу. Тарых факультетинде 2004- жылдан бери эмгектенет. Учурда “Синцзян (КЭР) кыргыздарынын азыркы учурдагы материалдык маданияты” деп аталган темада илимий изилдөөлөрүн жүргүзүп келет. Үй бүлөлүү. 1 кыз 3 уулдун энеси.
Адылбекова Бекзада Узакбаевна, улук окутуучу - 1970-жылы 14-декабрда Жалал-Абад областынын Ала-Бука районундагы Сары-Талаа айылында туулган. 2003- жылы Ош мамлекеттик университетинин тарых факультетин ийгиликтүү аяктаган. 2006-жылдан бери тарых факультетинде эмгектенүү менен бирге “Орус тилдүү тарыхнаамалык булактардагы түштүк кыргыздар жөнүндөгү этнографиялык маалыматтар” деп аталган илимий теманын үстүндө иштөөдө. Үй бүлөөлү. 2кыз 1 уулдун энеси.
Солтоев Зарлык Акматбекович, окутуучу – 1977-жылы 20-октябрда Ош облусунун Кара-Кулжа районунда туулган. 2001-жылы ОшМунун тарых факультетин аяктаган. Ошол эле жылы тарых факультетинде окутуучулук кызматында эмгектене баштаган. Факультеттин окуу-усулдук жана коомдук турмушуна кошкон салымы үчүн кесиптик кошундун грамотасы менен сыйланган. Үй бүлөлүү, эки уул, үч кызы бар.
Тилекова Уулкан Кушбаковна, окутуучу – 1982-жылы 16-апрелде Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Папан айылында туулган. 2004-жылы ОшМУнун тарых факультетин Артыкчылык диплому менен аяктаган. Ошол эле жылы тарых факультетинде эмгек жолун баштаган. Учурда “XIX кылымдын аягы – ХХ кылымдын башындагы кыргыз элинин салттуу этикети” деп аталган илимий теманын үстүндө изилдөө иштерин жүргүзүүдө. Үй бүлөлүү, 2 уул, 1 кыздын энеси.
Усманов Тавакал Мансурович, улук окутуучу – 1971-жылы 10-сентябрда Ош шаарында туулган. 1993-жылы Фергана мамлекеттик университетинин тарых факультетин аяктаган. ОшМУнун тарых факультетинде 2002-жылдан бери эмгектенет. Үй бүлөлүү, 4 уулдун атасы.
Рыскулов Канат Кадыркулович, окутуучу – 1980-жылы 23-февралда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы 1-Май айылында туулган. 2002-жылы ОшМУнун тарых факультетин, 2014-жылы юридика факультетин аяктаган. 2004-жылдан баштап тарых факультетинде иштейт. Үй бүлөлүү, 1 уул, 1 кыздын атасы. Илимий темасы: “Эгемендүү Кыргызстандын саясий онүгүүсү (1991-2010-жж.)”.
Мырзабеков Эмирлан Ыманалиевич, окутуучу – 1981-жылы 6-ноябрда Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында туулган. 2005-жылы ОшМУнун тарых факультетин аяктаган. 2007-жылдан бери тарых факультетинде эмгектенет. Учурда күндүзгү жана сырттан окуу бөлүмдөрү боюнча декандын орун басары кызматында иштейт. Үй бүлөлүү, 1 уул, 1 кыздын атасы. Илимий темасы: “Постсоветтик Кыргызстандагы ислам динин таралуусу”.
Шаанов Талант Мурадиллаевич, т.и. к., доцент – 1982-жылы 24-январда Ош шаарында туулган. 2004-жылы ОшМУнун тарых факультетин аяктаган. Ошол эле жылдан баштап тарых факультетинде эмгектене баштаган. “Эгемендүү Кыргызстандын маданияты: келечеги жана өзгөчөлүктөрү” деген темада кандидаттык диссертацясын ийгиликтүү коргогон. Үй бүлөлүү, 2 уулдун атасы.
Имамназарова Бакыткан Арстаналиевна, окутуучу - 1970-жылы 6-февральда Жалал-Абад областынын Ала-Бука районунда туулган. 1992- жылы Ош Мамлекеттик университетинин тарых факультетине тапшырып, 1998–жылы ийгиликтүү аяктаган. 2014- жылдан баштап ОшМУнун тарых факультетинде окутуучу болуп иштеп келе жатат. “Кыргызстандагы социалдык саясат (1991-2010)” деген теманын үстүндө илимий изилдөө иштерин жүргүзөт.
Токторова Нуржан Кудайбердиевна – окутуучу 1986- жылы Ош областынын Кара – Суу районундагы Кызыл –Суу айылында туулган. 2008- жылы Ош Мамлекеттик университетинин тарых факультетин ийгиликтүү аяктаган. 2008 - жылдан баштап ОшМУнун тарых факультетинде окутуучу болуп иштеп келе жатат. 2011-жылы Аспирантураны аяктаган. Илимий темасы: “Түштүк Кыргызстандагы кыргыздардын диний жүрүм-туруму (этносоциологиялык изилдөөнүн негизинде.)” . Үй бүлөлүү, 2 уулдун энеси.
Атаканова Гулмира Асилбековна, окутуучу – 1980-жылы 28-октябрда Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Авлетим айылында туулган. 2003-жылы ОшМУнун тарых факультетин аяктаган. ОшМУдагы эмгек стажы 7 жылды түзөт. Үй бүлөлүү, 1 уул, 2 кыздын энеси.