Position
Ош мамлекеттик университетинин дистанттык билим берүү системасы (ДБС) жөнүндө Ж О Б О 1. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР Ош мамлекеттик университетинин дистанттык билим берүү системасы жөнүндө Жобо (мындан ары – Жобо) Кыргыз Республикасынын Билим берүү мыйзамына, Ош мамлекеттик университетинин Уставына, Ош МУнун өнүгүү Концепциясына, Ош МУда окуу процессин ECTS кредиттик технология боюнча уюштуруу жөнүндө Жобого, ошондой эле Университеттин жана мамлекеттик башкаруу органдарынын башка ченемдик актыларына ылайык иштелип чыкты. Бул Жобо Университет жана анын түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан дистанттык технологияларды пайдалануу аркылуу билим берүү программаларын ишке ашыруу шарттарын жана тартибин аныктайт, дистанттык билим берүү процессине катышуучулардын мамилелерин жөнгө салат жана алардын укуктарын, милдеттерин аныктайт. Ушул Жобо дистанттык технологияларды пайдалануу аркылуу окуу процессин уюштурууга тартылган Университеттин студенттерине, угуучуларына жана кызматкерлерине жайылтылат. 1.1. Университеттин дистанттык билим берүү системасынын максаттары жана милдеттери Университетте дистанттык билим берүү системасын (мындан ары – ДБС) түзүүнүн максаттары төмөнкүлөр: • окуучулардын жашаган жеринен жана социалдык-экономикалык абалынан көз карандысыз азыркы информациялык-коммуникациялык технологияларды пайдалануу аркылуу сапаттуу билим алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу; • ыңгайлуу формада билим берүү кызматын көрсөтүүнүн эсебинен сапаттуу жогорку билим алуу мүмкүнчүлүгүн жакшыртуу; • Университеттин илимий жана методикалык күч-кубатын пайдаланууну интенсификациялоо; • Университеттин бирдиктүү эл аралык билим берүү мейкиндигине жууру-лушуусун кеңейтүү; • үзгүлтүксүз билим берүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу (квалификацияны жогорулатуу, адистерди кайра даярдоо). ДБСнын негизги милдеттери төмөнкүлөр: • Университеттин бардык түзүмдүк бөлүмдөрүнүн катышуусу менен татыктуу ДБСны түзүү; • Университеттин дистанттык билим берүү боюнча Регионалдык ресурстук бор-борлорун (мындан ары – РРБ) түзүү; • ДБС койгон максаттарды ишке ашыруучу билим берүү программаларын, электрондук окуу-методикалык комплекстерди иштеп чыгуу; • дистанттык билим берүүнүн сапатын көзөмөлдөө системасын түзүү; • ДБСнын техникалык инфраструктурасын өнүктүрүү; • инновациялык билим берүү технологияларын кийирүү чектеринде Университеттин эл аралык өнөктөштүк байланыштарын мындан ары өнүктүрүү. 1.2. Билим берүү программалары Университетте окутуу баклаврларды, магистрлерди, адистерди кесиптик жо-горку билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык даярдоо программалары боюнча жүргүзүлөт. Дистанттык окутуу системасын ишке ашыруу максатында бардык багыттар (адистиктер) боюнча билим берүү программасы үч окуу планын камтыйт: базалык окуу планы; жумушчу окуу планы; студенттин жекече окуу планы. Билим берүү программалары Университет жана анын түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан ишке ашырылат. Тандап алган багыты боюнча кесиптик орто билимге, ошондой эле кесиптик жогорку билимге ээ болгон тараптарды ылдамдатылган программалар боюнча окутуу жүргүзүлүшү мүмкүн. 1.3. Окуу пландарын түзүүнүн өзгөчөлүктөрү Базалык окуу планы студенттердин окутуу мөөнөтү ичиндеги окуу иш-мердүүлүгүнүн көлөмүн аныктайт. Дистанттык окутуу үчүн ар бир багыт (адистик) боюнча базалык окуу планы окутуунун күндүзгү формасы үчүн бекитилген окуу планынын негизинде түзүлөт. Анда төмөндөгү өзгөчөлүктөр эске алынат: • окуу планындагы жалпы сааттын 35%- аудиториялык, 65% -студенттин өз ал-дынча иштөөсү катышында бөлүнөт; • окуу планына көрсөтмө берүүчү сессия киргизилип, 72 саат аудиториялык окуу жүктөмү пландаштырылат; • көрсөтмө берүүчү сессияда табигый-математикалык илимдер циклындагы вариативдик бөлүктөгү тандоо курсунун эсебинен "Дистанттык окутуунун негиздери" деген дисциплина 20 аудиториялык саат көлөмүндө киргизилет; • Информатика дисциплинасына берилген окуу жүктөмүнүн 20 сааты (аудиториялык) көрсөтмө берүүчү сессияга пландаштырылат; • ар бир семестрге пландаштырылган аудиториялык окуу жүктөмү 252 саатты түзөт. Жумушчу окуу планы – конкреттүү окуу жылы ичинде окуу процессин уюштуруу үчүн кызмат кылат, жумушчу окуу планы базалык окуу планынын негизинде ар бир окуу жылы үчүн түзүлөт. Студенттин жекече окуу планы – студенттин семестр же окуу жылы ичиндеги билим программасын аныктоочу план. Жекече окуу планы университеттин Дистанттык окуу борборунун (мындан ары – ДОБ) чечимине ылайык ар бир семестр үчүн же окуу жылы үчүн түзүлөт (2-тиркеме). 2. ДБСнын ТҮЗҮМҮ 2.1. ДБСнын функционалдык түзүмү • ДБСнын узак мөөнөттүү же орто мөөнөттүү перспективалык өнүгүү стратеги-ясын аныктоо; • ДБСдагы окуу процессин окутуунун кердиттик технологияларынын негизинде уюштуруу; • электрондук билим берүү ресурстарын (ЭБР) иштеп чыгуу, экспертизалоо, көбөйтүү жана жеткирүү процессин уюштуруу; • окуу процессин программалык-техникалык жактан камсыздоону, ДБСдагы окуу процессине катышуучулардын сапаттуу информациялык-коммуникациялык өз ара аракеттенүүсүн камсыздоо. 2.2. ДБСнын уюштуруучулук түзүмү Көрсөтүлгөн функцияларды ишке ашыруу ДБСнын төмөндөгү катышуучулары тарабынан жүргүзүлөт: • Дистанттык билим берүүнү уюштуруу боюнча Жумушчу топ; • Окуу-информациялык департамент; • Дистанттык окуу борбору (мындан ары –ДОБ); • Университеттин түзүмдүк бөлүмдөрүндөгү дистанттык окутуу түйүндөрү; • Университеттин факультеттери; • Университеттин кафедралары; • ОшМУнун Регионалдык ресурстук борборлору (РРБ). 2.3. ДБСнын катышуучуларынын функциялары 2.3.1. Дистанттык билим берүү боюнча Жумушчу топ: • ДБСны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын аныктайт; • ДБСны өнүктүрүү үчүн ченемдик-укуктук базаны иштеп чыгууну координациялайт; • ЭБРнын сапатын көзөмөлдөөнү координациялайт; 2.3.2. ДБСны уюштуруучулук-методикалык жактан камсыздоо үчүн Окуу-информациялык департаментке төмөндөгү функциялар жүктөлөт: • Окуу пландарын мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык түзүү жана анын аткарылышын көзөмөлдөө; • Дистанттык окуу борборунун, Регионалдык ресурстук борборлордун иш-мердүүлүгүн уюштуруу; • ДБСга тартылган окутуучулар менен кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууну уюштуруу. 2.3.3. ЭБРды иштеп чыгуу маселеси боюнча ДОБ төмөнкү функцияларды атка-рат: • жалпы пайдалануу үчүн ЭБРды иштеп чыгуу, алуу жана өздөштүрүү; • тестирлөө системасын жана башка билимди текшерүү каражаттарын иштеп чыгуу; • ДБС үчүн маалымат ресурстарын пайдалануу методикасын иштеп чыгуу. 2.3.4. Программалык-техникалык жактан камсыздоо маселеси боюнча ДОБ төмөнкү функцияларды аткарат: • пайдаланууда ДБСнын программалык, информациялык жана техникалык каражаттарын иштеп чыгат; • маалыматты уруксатсыз (санкциясыз) пайдалануудан коргоону камсыз кы-лат; • ДБС порталын тескейт; • Регионалдык ресурстук борборлор менен болгон байланыш каналдарын камсыздайт. 2.3.5. Дистанттык билим берүү түйүндөрү Университеттин факультеттеринде же башка түзүмдүк бөлүмдөрүндө ачылып, алар факультеттердин деканаттары менен биргеликте төмөнкү функцияларды аткарат: • окуу процессин пландаштыруу жана уюштуруу; • профилдерге (адистиктерге) ылайык ЭБРды иштеп чыгуу, алуу жана өздөштүрүү; • биринчи окуу жылына студенттер контингентин түзүү; • жумушчу, жекече окуу пландарын түзүү жана бекитүүгө даярдоо; • жумушчу, жекече окуу пландарынын аткарылышын көзөмөлдөө; • студенттердин жекече окуу пландарын түзүү; • ДБСга байланыштуу иш кагаздарын (документацияны) жүргүзүү. 2.3.6. ДБСда университеттин кафедралары төмөнкү функцияларды аткарат: • окуу процессин алып баруу; • ЭОМКларды иштеп чыгуу; • ЭБР материалдарын даярдоо жана иштеп чыгуу; • студенттердин билиминин, билгичтигинин жана көндүмдөрүнүн калыптануу деңгээли боюнча ДОБ тарабынан берилген сунуштарды ишке ашыруу; • ДБСда иштөөгө тартылган окутуучулардын квалификациясын жогорулатууну пландаштыруу. 2.3.7. Регионалдык ресурстук борборлор студенттердин жашаган жерлерин эске алуу менен райборборлордо (же ири калктуу пункттарда) жайгашкан окуу жайлары же башка уюмдар менен түзүлгөн эки тараптуу Келишимдин негизинде уюштурулат. Регионалдык ресурстук борборлордун негизги милдеттери төмөнкүлөр: • тигил же бул РРБга катталган студенттер үчүн ДБС порталына кирүүнү кам-сыз кылуу; • окутуучу менен студенттин өз ара байланышын камсыз кылуу; • консультациялык жумуштарды камсыз кылуу; • тапшырмаларды, текшерүү иштерин, курстук долбоорлорду (иштерди) тапшырууну жана кабыл алууну уюштуруу; • сынактык сессияны өткөрүү. 3. ДБСны КАМСЫЗДОО ДБСны камсыздоо төмөнкүлөрдү өз ичине камтыйт: • окуу-методикалык жактан камсыздоо; • кадрлар менен камсыздоо; • программалык-техникалык жактан камсыздоо; • материалдык-техникалык жактан камсыздоо. 3.1. Окуу-методикалык жактан камсыздоо Дистанттык технологияларды пайдалануу аркылуу окуутууну окуу-методикалык жактан камсыздоо окуу процессине окутуунун салттуу системасы менен бирдикте азыркы информациялык жана телекоммуникациялык технологияларды активдүү түрдө кийирүүнү болжойт жана төмөнкүлөрдү өз ичине камтыйт: • электрондук билим берүү ресурстары; • дисциплиналардын окуу-методикалык комплекстери; • электрондук окуу-методикалык комплекстери; • электрондук санарип китепканасы; • оn-line тестирлөө. ЭБРнын негизги элементттеринин бири болуп электрондук окуу-методикалык комплекстери (ЭОМК) эсептелет. ЭОМКнын сапаты Ош МУнун «Электрондук ба-сылмалар жөнүндө Жобосу» аркылуу тескелет (Ош МУнун №20-бюллетени, 2012-ж.). ЭБРды түзүү, алуу, экспертизалоо, жайгаштыруу жана көбөйтүү (басып чыгаруу) процесстери Университеттин тиешелүү нускамалары аркылуу жөнгө салынат. 3.2. Кадрлар менен камсыздоо ДБСнын кадрдык курамы келишимдик негизде түзүлөт. ДБСны кадрлар менен камсыздоо Университеттин кадрларды жана төмөндөгү категориядагы адистерди кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча туруктуу аракеттеги системасы аркылуу ишке ашырылат: • тьютор-менеджерлер; • окуу-көмөкчү кызматкерлер. ДБСга тартылган бардык адистер аттестациялоодон өтүүгө милдеттүү жана алардын дистанттык окутуу тармагындагы квалификациялык деңгээлин тастыктоочу тиешелүү сертификаты болууга тийиш. Бардык деңгээлдердеги түзүмдүк бөлүмдөр ДБСга тартылган өз кызматкерле-ринин (профессордук-окутуучулук курам, тьютор-менеджер, окуу-көмөкчү кызматкерлер) кеминде үч жылда бир жолу квалификациясын жогорулатууну камсыздоосу зарыл. 3.3. Программалык-техникалык жактан камсыздоо ДБСны программалык-техникалык жактан камсыздоо төмөндөгүлөрдөн турат: • аппараттык камсыздоо; • телекоммуникациялык камсыздоо; • программалык камсыздоо; • информациялык камсыздоо. 3.3.1. Аппараттык камсыздоого төмөндөгүлөр кирет: • ДБСнын билим берүү порталын жана тиешелүү тейлөө кызматтарын жай-гаштыруу үчүн серверлер; • окутуучулар, кызматкерлер жана студенттер үчүн жумушчу станциялар; • серверлерди жана жумушчу станцияларды бирдиктүү локалдуу системага бириктирүү жана аларды Интернетке (Интранетке) кошуу үчүн тармактык жабдуу. 3.3.2. Телекоммуникациялык камсыздоого төмөндөгүлөр кирет: • ДБСга тартылган тармактарды бириктирүүнү камсыз кылуучу телекоммуникациялык жабдуу; • окуу процессине катышуучулардын интерактивдүү өз ара аракеттенүүсү жана ДБСнын чектериндеги, о.э. башка булактардагы, анын ичинде Интернет тармагындагы информациялык ресурстарга жеткиликтүү болуу үчүн байланыш каналдарынын керектүү сапатын жана өткөрүүчүлүк жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуучу телекоммуникациялык жабдуу. 3.3.3. Программалык камсыздоо төмөндөгүлөрдү колдоону болжойт: • серверлердин жана жумушчу станциялардын кызматын колдоо; • WEB-сайттарды жана информациялык ресурстарды колдоо; • ДБСны жалпысынан колдоону жана тескөөнү камсыз кылуучу окутуу технологияларын колдоо; • ДБСда окуу процессин уюштурууну жана алып барууну ишке ашырууга жардамдашкан окутуучуларды жана студенттерди колдоо; • ЭБРды (тексттин, графиканын, видеонун, үндүн редакторлорун, анимациялык пакеттерди ж.б.) түзүүнү колдоо. 3.3.4. Информациялык камсыздоо төмөндөгүлөрдү камтыйт: • ДБСда пайдаланылуучу информациялык ресурстар; • айрым дистанттык курстар; • электрондук китепканалар; • ДБСнын ченемдик-укуктук базасы; • башка базалар жана маалымат банктары (анын ичинде Интернет тармагын-дагы). 3.4. Материалдык-техникалык камсыздоо ДБСны материалдык-техникалык жактан камсыздоого окуу процессин камсыз кылуучу материалдык обьектилер жана жабдуулар кирет. ДБСны материалдык-техникалык жактан камсыздоого коюлуучу талаптар ара-кеттеги курулуш жана санитардык-гигиеналык ченемдерге ылайык аныкталат. 4. ДБСда ОКУУ ПРОЦЕССИН УЮШТУРУУ 4.1. Окуу процессин окутуунун дистанттык технологияларын пайдалануу менен уюштуруу 4.1.1. Университет абитуриенттерге жана студенттерге дистанттык окутууну уюштуруунун аныкталган эрежелери тууралуу маалымдайт. Окуу процессин уюштуруу эрежелери тууралуу маалымат маалыматтык пакетте берилет, кабыл алуу комиссиясынын жарнамалык материалдарында чагылдырылат, ошондой эле Университеттин сайтына (www.osu.kg) жайгаштырылат. 4.1.2. ДБСда окуу процесси багыттардын (адистиктердин) жумушчу окуу планынын, студенттин жекече окуу планынын, акдемиялык календардын негизинде окуу процессинин графигине ылайык уюштурулат. Окутууда материалдык-техникалык база, Университеттин жана РРБлардын кааналары, ошондой эле окуп жаткандардын жеке же кызматтык жабдуулары жана кааналары пайдаланылат. 4.1.3. Окутуунун биринчи жылында студенттер үчүн көрсөтмө берүүчү сессия өткөрүлөт, ал өзүнө төмөндөгүлөрдү камтыйт: • студенттерди окутуунун кредиттик технологиясынын өзгөчөлүктөрү менен тааныштыруу; • студенттерди окуу базасы, Ош МУнун билим берүү порталынын, AVN маалыматтык системасынын иштөө принциби менен, ДОБ менен, администрация менен жана профессордук-окутуучулук курамы жана кызматкерлери менен тааныштыруу жана РРБ тууралуу маалымат берүү; • студенттерге алардын техникалык мүмкүнчүлүктөрүн жана компьютердик сабаттуулугун баалоо үчүн анкета жүргүзүү (1-тиркеме); • тайпаларды (компьютердик сабаттуулугунун деңгээли боюнча) жана сабактардын жадыбалын түзүү; • академиялык кеңешчинин жардамы менен жекече окуу планын түзүү; • офис-катталгыда биринчи окуу жылынын күзгү семестринин дисциплиналарына студенттерди каттоо; • 72 саат көлөмүндө аудиториялык сабак өткөрүү, анын ичинде "Дистанттык окутуунун негиздери" дисциплинасын 20 саат көлөмүндө, «Информатика» дисциплинасына берилген сааттын 20 саатын аудиториялык түрдө окутуу; • студенттерге офис-катталгы тарабынан жекече окуу планын, окуу процесси-нин графигин, бир же эки семестр үчүн сабактардын жадыбалын жана окуу-методикалык комплекттердин материалын берүү. 4.1.4. Окуу жылы күзгү жана жазгы семестрлерден турат. Ар бир семестрде оку-туу узактыгы 16 жуманы түзөт. Сынактык сессияга 2 жумадан кем эмес убакыт бери-лет. 4.1.5. Кесиптик практика билим берүү программасынын милдеттүү компоненти болуп эсептелет жана багытына (адистигине) карата мамлекеттик стандартта каралган көлөмгө ылайык кредит-саат берилет. 4.1.6. Профессордук-окутуучулук курамдын окуу жүктөмүнө ар бир студент менен жекече иштөөгө (студенттин өз алдынча иштеген тапшырмаларын, курстук долбоорлорун/иштерин кабыл алуу, сынак алуу, анын ичинде МАК курамында иштөө, бүтүрүү иштерин жетектөө) жумшалган саат, о.э. информациялык технологияларды колдонуу менен аткарылуучу иштер (электрондук почта, чат, видеоконференциялар, форумдар ж.б.) окуу планында каралган 35% аудиториялык саат катары киргизилет. 4.1.7. Студенттин жекече окуу планын түзүү тартиби. Дистанттык билим берүү программасы боюнча окуган ар бир студент ар бир се-местрге академиялык кеңешчи менен макулдашып, өзүнүн жекече окуу планын түзөт (2-тиркеме). Сынактык сессия башталардан бир ай мурда деканаттардагы, РРБдагы диспетчердик кызматтар бекитилген жумушчу окуу планына ылайык дисциплиналар боюнча лабораториялык иштердин, тайпалык консультациялардын, сынактардын жана сынак-зачеттордун жадыбалын даярдайт. 4.1.8. Студенттерди окуу дисциплиналарына каттоо. ДОБнун диспетчердик кызматы студент Университетке катталып, окуу процес-сине даярдык боюнча зарыл болгон иш-чаралар өткөрүлгөн соң, ага жекече логин жа-на пароль берет. Логин менен пароль окуу-методикалык материалдарды окуп-үйрөнүүгө, аралыктагы жана жыйынтыктоочу аттестацияны тапшырууга, ошондой эле ДБС порталы аркылуу окутуучулардан консультация алууга ошол студентке гана мүмкүнчүлүк берет. Диспетчердик кызмат ар бир студент тууралуу керектүү маалыматты каттайт жана AVN маалыматтык системасына кийирет. 4.1.9. Окуу семестри ичинде студент дисциплинаны окуп-үйрөнүү боюнча ошол дисциплинанын силлабусунда көрсөтүлгөн окуу графигинен четтебей өз алдынча иш-тейт. Дисциплина боюнча студенттин өз алдынча иштөөсү төмөндөгүлөрдү камтыйт: • электрондук сактоочу каражаттарда берилген же ДБСнын билим берүү порталына коюлган ЭОМК, ЭБР менен иштөө; • практикалык, лабораториялык жана башка жумуштарды аткарууга даярда-нуу; • текшерүү иштерин, расчеттук-графикалык тапшырмаларды, рефераттарды аткаруу жана тапшырууга даярдануу; • учурдагы текшерүүгө даярдануу; • аралыктагы текшерүүгө даярдануу; • семестрдик жыйынтыктоочу текшерүүнү тапшырууга даярдануу; • курстук иштердин (долбоорлордун) үстүндө иштөө жана аларды коргоого даярдануу. Студенттин өз алдынча иштөөсү тьютор-менеджердин, окутуучунун консультациялары менен коштолот, булар ДБС порталындагы карым-катнаш сервисин, б.а. электрондук почтаны, чатты, видеоконференцияларды, форумдарды пайдаланышат. 4.1.10. Университетте же РРБда сынактык сессия мезгилинде дисциплиналар боюнча дистанттык түрдө өткөрүүгө мүмкүн болбогон практикалык жана лабораториялык тапшырмаларды аткаруу боюнча студенттерге сабак өтүлөт. 4.2. ТЕКШЕРҮҮ ИШ-ЧАРАЛАРЫ Студенттерди окутуу процесси учурдагы, аралыктагы, жыйынтыктоочу текшерүүнү өткөрүүнү жана жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестацияны камтыйт. Студенттер жекече окуу планына ылайык бардык текшерүү иш-чараларын ат-карган соң дисциплина боюнча жыйынтыктоочу семестрдик текшерүүгө киргизилет. 4.2.1. Учурдагы текшерүү Дээрлик ар бир тема материалды толугураак окуп-үйрөнүү жана аны өздөштүрүү даражасын баалоо үчүн студентке жардам берүүчү суроолор жана тесттер менен коштолот. Бирок учурдагы текшерүүлөрдүн саны темалардын санына дал келбеши мүмкүн, анткени алардын белгилүү бир бөлүгү дискуссиялар менен жана аралык текшерүү менен алмаштырылат. Ошондуктан мында курстун түшүндүрмө бөлүгүндө учурдагы текшерүүнүн формалары жана аларды өткөрүү методикасы жөнүндө айтылат. Учурдагы текшерүү үчүн иштин төмөндөгү формалары бир топ жайылтылган жана ылайыктуу болуп саналат: • тесттер; • ачык суроолор; • түрдүү тапшырмалар жана мисалдар, ошонун ичинде булактар менен иштөө; • микродолбоор. 4.2.2. Аралыктагы текшерүү Аралыктагы текшерүү бир топ ири бөлүктүн мазмунун (бир нече теманы) же курстун биринчи жарымын камтыйт. Аралыктар саны окуу планы тарабынан аныкталат, аралыктагы текшерүүнүн түрүн (учурдагы текшерүүдөгүдөй эле) окутуучу Дистанттык окутуу борборунун методикалык кызматы менен макулдашып аныктайт. Бул тест, текшерүү иши (дилбаян же эссе), проблемалык кырдаал ж.б. болушу мүмкүн. 4.2.3. Жыйынтыктоочу текшерүү Жыйынтыктоочу текшерүү курс окулуп бүткөндөн кийин өткөрүлөт, анын маз-муну бүтүндөй курсту (же, жок дегенде курстун түйүндүү аспектилерин) камтыйт. Дистанттык окутууда жыйынтыктоочу текшерүүнүн бир топ жайылтылган методдору төмөнкүлөр: • тестирлөө; • текшерүү иши (дилбаян же эссе); • комплекстүү кейс; • тайпалык же жекече долбоор. Жыйынтыктоочу семестрдик текшерүү (сынактык сессия) жана жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация студенттин катышуусу менен Университетте же Регионалдык ресурстук борборлордо академиялык календарга ылайык өткөрүлөт.