Жаңылыктар Архив

Үзгүлтүксүз билим берүү институту

Подпись:  Институттун миссиясы жана кыскача тарыхы

ОшМУнун курамындагы Үзгүлтүксүз билим берүү институтунун миссиясы: Институт кадрларды кайра даярдоо, адистердин билимин өркүндөтүү, ЖОЖго даярдоо, чет тилдер, компьютер үйрөнүү боюнча курстарды окутуу боюнча жумуш алып барат.

Кыскача тарыхы : алгачкы жолу ОшМУнун базасында Кыргыз Республикасынын билим, илим жана маданият министрлигинин 1997-жылдын 12-июнундагы чечиминин негизинде «Квалификацияны жогорулатуу, адистерди кайра даярдоо жана прогноздоо институту» деген аталыш менен ачылган.

2004-жылы ОшМУнун Окумуштуулар кеңешинин № 3-протоколунун (27.12.04) негизинде «Үзгүлтүксүз билим берүү институту» болуп кайра түзүлгөн.

2006-жылы 1-февралда ректордун № 25-буйругуна ылайык институт «Даярдоо жана кабыл алуу бөлүмү» болуп түзүлгөн. ОшМУнун Окумуштуулар Кеңешинин 2009-жылдын 30-ноябрындагы № 12-жыйынынын чечимине байланыштуу, ректордун № 812-буйругунун негизинде “Үзгүлтүксүз билим берүү институту” кайрадан түзүлүп иштеп келет.

Ушул күнгө чейин институт тарабынан миңдеген Кыргыз Республикасынын жарандары жана чет элдиктер татыктуу билимдерди алышып, өндүрүштө үзүрлүү эмгектенип жатышат.

Институтту мезгилдин шартына жараша убагында институтта, азыркы университеттеги илимдин түрдүү тармактары боюнча илимий даражаларга ээ Г. Карасаева, Ы. Эргешов, Т. Чынкараев, А. Аттокуров, К. Байгазиев, Б. Иметов, Б. Каримова, М. Оморалиев жетектеп келсе, азыркы күндъ къп жылдан бери ушул университетте (институтта) эмгектенген психология илимдеринин кандидаты, профессор А. Закиров жетектейт.

Институтта 2011 – жылдан бери “Атайын жана коомдук дисциплиналар” деген кафедра иштейт. Кафедра ачылган күндөрү б. и. к., доцент Б. Кеңешов жетектесе, азыркы күндө бул кафедраны ф-м. и. к., доцент М. Азимбаев жетектеп жатат. Кафедранын штаттык бирдиги боюнча 91 профессор – окутуучулар жана бир методист, бир референт-катчы иштеп баардыгы болуп 93 адам эмгектенет. Алардын ичинде 5 илимдин доктору, 28 илимдин кандидаты, 33 улук окутуучу жана 21 окутуучу эмгектенсе алардын алтоо институтта турактуу эмгектенишет. Калган профессор – окутуучулар (институтта окуган студенттер сырттан окугандыктан) университеттин Юридика, БиМ, Биология, Кыргыз, орус филологиялар, Педагогика жана дене тарбия жана МИТ факультеттеринен келип, келишимдик негизде эмгектенип жатышат. Кафедранын сапаттык көрсөткүчү 41,3% ти түзөт.

Азыркы күндө адистерди кайра даярдоо бөлүмүндө: “Юриспруденция”, “Финансы жана кредит”, “Бухгалтердик эсеп, тастыктоо жана аудит”, «Кыргыз тили жана адабияты», «Орус тили жана адабияты» “Биология”, “Информатика” жана “Педагогика жана БББУ” адистиктери, жогорку жана атайын орто билим менен тапшырган 1402 угуучу-студенттер окуп жатышса, мындан сырткары 59 чет элден келген жарандар кыргыз жана орус тилдерин үйрөнүү курсунда төмөнкү мамлекеттерден келип окуп жатышат: Кытай, Туркия, Пакистан, Индия, Сирия, Египет, Мозамбик, Нигерия, Индонезия, Таиланд ж.б..

Ү зг ү лт ү кс ү з билим бер үү институту

2015-2016 окуу жылына т ө м ө нд ө г ү багыттардагы адистиктер боюнча студенттерди кабыл алат

1. Тилдерди үйрөнүү боюнча кыска мөөнөттүү курстар (чет элдин жарандары үчүн кыргыз жана орус тилдерди үйрөтүү). Окуу мөөнөтү 8 ай. Кыргыз жарандары үчүн (англис, немис, корей, кытай ж.б.) тилдерди үйрөнүү курстары. Окуу мөөнөтү кустун мүнөзүнө жараша 4-6 ай. Компьютердик технологияны үйрөнүү. Окуу мөөнөтү 2-4 ай.

2. Жогорку окуу жайда иштеген профессор – окутуучулардын билимин өркүндөтүү курсу. Окуу мөөнөтү 1-2 ай.

3. Жогорку жана атайын орто маалыматтуу адистерди төмөнкү көрсөтүлгөн адистиктер боюнча кыска мөөнөттө кайрадан адистиктерди алууга даярдоо (Академиялык даражасы: Бакалавр). Окуу мөөнөтү: жогорку билимдин базасында – 2 жыл, 6 ай, кесиптик орто билимдин базасында – 3 жыл.

Алар төмөнкү адистиктер боюнча окуй алышат:

580100. Экономика

  • Финансы жана кредит
  • Бухгалтердик эсеп, тастыктоо жана аудит

530500. Юриспруденция

550300. Кыргыз тили жана адабияты

550300. Орус тили жана адабияты

550700 . Педагогика жана БББУ

540203. Информатика

540102. Биология

Сабакты университеттин тажрыйбалуу профессор-доценттери жана окутуучулары заманбап жабдылган аудиторияларда, кабинеттерде жана окуу залдарда өтүшөт. Университетте заманбап жабдылган китепкана иштейт. Ал китепканада миллиондон ашык даана окуу китептер, электрондук китептер, интернет түйүндөрү, автоматташтырылган китепканалык кызмат, интернеттик сайттар университеттин кызматчылары жана студенттери үчүн күн сайын иштейт. Студенттер үйүндө отуруп Интернет аркылуу университеттин китепканасы, өзү окуган адистиктин жетекчилери жана методистери менен байланышып, керектүү маалыматтарды ала алышат ж.б.

Урматтуу абитуриенттер жана угуучулар! экинчи заманбап дипломду алууну, жаңы технологияны, чет тилдерди үйрөнүүнү жана билимин өркүндөтүүнү каалаган жарандар, сиздерди Ош Мамлекеттик Университетиндеги, Үзгүлтүксүз билим берүү институту күтөт. Сиздердей кесипкөйлөр үчүн университеттин эшиги дайыма ачык!

Биздин дарек:

723500, ОШ шаары. А. Масалиев 61, ОшМУнун башкы имараты, 2-кабат, 205 каб. Үзгүлтүксүз билим берүү институту

Телефондор: 4-71-68, 2-45-25. Моб. 0551 03 39 05; 0772 78 80 01; 0551 06 51 58.