21:46 08-12   Методический семинар на факультете "Бизнес и менеджмент"        21:12 08-12   "Бизнес жана менеджмент" факультетинин окутуучулары Биф-2016да       20:48 08-12   "Бизнес жана менеджмент" факультетинин деканы студенттер менен жолугушууда       20:37 08-12   "Бизнес жана менеджмент" факультетинин кунумдук турмушу       15:53 08-12   №1"Туран" аймактык кенеши       15:46 08-12   КР дагы 2016-жылдын 11-декабрындагы референдум-конституциялык реформанын негиздери       14:49 08-12   "Үмүт" телестудиясы. Жума ичиндеги жаңылыктар. 60-эфир       11:56 08-12   Түркия мамлекетиндеги Ахмет Яссави университетинин өкүлдөрү теология факультетинде       11:03 08-12   "Бизнес жана менеджмент" факультети СПИДге каршы волейбол боюнча турнир өткөрдү       10:14 08-12    Студенттер аймак таануу, кесипке багыт берүү иш чараларынын алкагында Н.Исанов айыл өкмөтүндө болуп кайтышты     


Сиз бул жердесиз: Окууга кирүүчүлөргө

Окууга кирүүчүлөргө

Маалымат тактайчасы
Кабыл алуу эрежелери
Адистиктер боюнча жалпы маалымат
Келишимдик төлөмдөрдүн өлчөмү
Нормативдик документтер
Маалыматтык пакет
Бакалавриат
Магистратура
Чет элдик атуулдар үчүн маалымат
Дистанттык окутуу
Жалпы республикалык тестирлөө (ЖРТ)
Гранттык комиссия
"Ачык эшик" күнү
Абитуриенттер үчүн “Мен ОшМУну тандаймын” конкурсу
10 причин, по которым надо выбирать ОшГУ
Кабыл алуу планы
Факультеттердин стенди
Абитуриентке On-Line консультация
Кабыл алуу боюнча On-Line сурап билүү жайы
Архив приемной комиссии

АБИТУРИЕНТ ДОСКО АК ТИЛЕК

Колуна орто мектепти бүтүрүү аттестатын алып, жан дүйнөсүндө билим азыгынын пайдубалын түптөп, кыялы менен көккө жетип, өз келечегине карата романтикалуу ой жүгүртүп, эртеңки күнгө бийик оптимизм менен кол сермеп турган жаш достор!
Келечеги кең Кыргызстаныбыздын өнүгүүсүнө салым кошуу үчүн керектүү адис болууну эңсеген, турпатында сергек акыл менен жалындуу сезимдер ширелишкен, аруулук менен тазалыкка шерик болгон улан-кыздар!
Ар бириңиздер Ата Журтубуздун керегине жараган адис болуу учун жогорку билим алуунун зарылдыгын сезип, туюп турасыздар. Сиздер ар бир окуу жайдын аброюн, билим берүү деңгээлин, илимий потенциалын, сапаттык салмагын, жогорку билимдүү адис даярдоодогу салттуу тажрыйбасын, студенттик күндөрдү мазмундуу жана маңыздуу өткөрүү үчүн түзүлгөн шарттарын эске алып, терең ойлонуп жаткан кезиңиздер. Туура, мындай учурда так ушул параметрлерди көңүлүңүздөргө түйүп, Сиздер бир өмүргө жетерлик билим берүүгө кудурети, дарамети жете турган, ар тараптан дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине жакындап бара жаткан, сапаттуу адистерди даярдоочу нукура билим бешигине айланган окуу жайды тандооңуздар абзел.
Эгерде эли журтубуздун эртеңине жол ачкан мыкты педагог болууну кааласаңыздар, адам өмүрүн сактоочу врач болууну эңсеп жатсаңыздар, жарандардын укугун коргоочу юрист болгуңуздар келсе, ыйманды туу туткан теолог болууга дилгирленсеңиз, элибиздин экономикасын өнүктүргөн финансист, экономист, же бизнесмен болгуңуздар келсе, компьютердин тилин билген адис болууну самасаңыздар, өлкөбүздүн туусун көтөргөн спортсмен болууга умтулсаңыздар, кыргыз маданиятын дүйнөгө тааныткан искусство адамы болууну эңсеп жүрсөңүздөр, англичандын, француздун, немистин, арабдын, кытайдын, кореецтин, япондун түшүн жоруган адис, же дипломат болууну кааласаңыздар, жаратылыштын мин кырдуу сырын билген адис болууну самап жүрсөңүздөр, өлкөбүздүн энергетикалык булагын өнүктүргөн адис болууну кыялданып жатсаңыздар же жөн эле жакшы адам, татыктуу адис болууну кааласаңыздар, анда Билимдин ыйык уясы болгон ОшМУну тандаңыздар.
Анткени, ОшМУда илим кенин казган илимпоз педагогдор, Кыргызстанга эле эмес дүйнөгө аты угулган окумуштуулар сапаттуу билим беришет. Заманбап билим алуу үчүн зарыл шарттардын баары түзүлгөн. Эң негизгиси, ОшМУнун бүтүрүүчүлөрү бардык жерде мыкты адис катары баркталып, даңкталып келет. ОшМУнун Кыргызстандын билим берүүсүндө лидер экендигин республикабыздын коомчулугу жакшы билишет жана биздин бүтүрүүчүлөр бул деңгээлди жалпы журттун алдында далилдеп келүүдө.
Чыныгы билим алууга дилгирленгендерге, таланттуу жана жөндөмдүүлөргө, мыкты адис болууну эңсегендерге, жакшы адам болууга умтулган улан-кыздарга Ош мамлекеттик университетинин билим эшиги дайыма ачык.
Куттуу билим ордосуна чоң максат, аруу тилек менен келген ар бир абитуриент - студент болуу бактысына ээ болсун!
Ош мамлекеттик университетинин студенти болуу ар бир улан-кыз учун эки эселенген бакыт деп айтар элем. Анткени Ош мамлекеттик университети - жаштардын келечегине даңгыр, айкын жол ачкан акжолтой университет!


Каныбек Исаков ОшМУнун ректору, профессор

               



Факультеттер



© 2014 ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ © Программалык жабдуу ОшМУ "Медиа БОРБОР"
Кыргызстан, 723500, г. Ош, ул. Ленина, 331, ОшГУ Главный корпус
Общий отдел: +996 3222 2-22-73, факс +996 3222 2-40-66, oshsu.oms@gmail.com
Приемная комиссия: +996 3222 2-45-25, oshsu.oms@gmail.com