Ош мамлекеттик университетинин тарых-юридика факультетинин тарыхы ХХ кылымдын 1960-жылынан башталат. 1960-жылы Фрунзедеги сырттан окуу педагогикалык институту жоюлуп, тарых адистигиндеги студенттер Кыргызстандын түштүгүндөгү Ош мамлекеттик педагогикалык институтунда окуй башташкан.1969-жылы кээ бир саясий пикир келишпестиктен факультет жабылып калган. 1985-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун курамында кайрадан тарыхычылар даярдала башталды. Алгач филология факультетинин курамында тарых бөлүмү ачылып, анда “СССРдин тарыхы” жана “Жалпы тарых” кафедралары өз ишин баштаган.
1988-жылы тарых бөлүмү өз алдынча факультет болуп түзүлүп, күндүзгү бөлүмгө 50 студент, сырттан окуу бөлүмүнө 50 студент кабыл алынган. 1989-жылы факультеттин деканы болуп, доцент Т. Кененсариев шайланган. Факультетте эки кафедра болуп. “CCCРдин тарыхы” (кафедра башчысы, доцент Д. Эгемназаров) жана “Жалпы тарых” (кафедра башчысы, доцент Т. Нурдинова) иштеген.
1992-жылы Ош педагогикалык институту Ош мамлекеттик университети болуп кайра түзүлгөндө, факультеттин структурасы, бөлүмдөр жана кафедралар кайрадан түзүлдү. Факультеттин аты “Тарых-укук таануу” болуп өзгөртүлдү. 1993-жылы философия илимдеринин доктору, профессор Ш. Базарбаев тарых факультетинин деканы болуп дайылдалган. Ушул эле жылы факультеттин курамында “Мамлекет жана укук теориясы” кафедрасы ачылды. 1997-жылы “Археология жана этнология” кафедрасы түзүлүп, аны т.и.к., профессор Э. Сулайманов башкарган.1988-2000-жылдары т.и.д., профессор У. Чотонов факультеттин деканы болуп иштеди. 2000-2006-жылдары факультеттин деканы болуп т.и.к., доцент Т. Кадыров шайланган. Бул учурдагы факультеттеги төрт кафедрада “Кыргызстан тарыхы” (кафедра башчысы т.и.к., доцент С.Смадияров), “Жалпы тарых” (кафедра башчысы т.и.д., профессор Б.Нурумбетов), “Археология жана этнология” (кафедра башчысы т.и.к., доцент К. Малтаев), “Тарыхты окутуунун усулу жана коомдук илимдер”кафедрасы (кафедра башчысы т.и.к., доент Т. Өмүрзакова)көптөгөн ийгиликтер жаралган.
Студенттер терең билим алуусу үчүн факультеттеги ыңгайлуу шарттар түзүлгөн, атап айтсак, атайын китепкана, окуу залы, 34500 нусканы түзгөн китеп фондусу, актылык зал, эки кичи актылык зал, 27 окуу аудиториясы, компьютердик класс. Ош мамлекеттик университетинин музейи, Идеологиялык борбор, Кыргызстан тарыхы кабинети, Археология лабораториясы иштеген.
1996-жылы Укук таануу бөлүмү өз алдынча бөлүнүп, юридика факультети түзүлгөн. Юридика факультетин көп жылдар бою ю.и.д., профессор Э. А. Дуйсенов, ю.и.к., доцент Э. С. Токторов башкаруу менен “Юриспруденция” адистигинин өсүшүнө чоң салым кошушкан. Бир канча илимдин кандидаттары жана докторлору чыкты, алар Г. Кулдышева, Н. Көлсариева, К. Карабаева Ж.Айтбаева, М.Татенов, Н.Эгембердиева ж.б. Ал эми юридика адистигин бүтүргөндөр республикадагы бардык укук коргоо, адвокатура, юридикалык өз алдынча консультация жана башка органдарда үзүрлүү эмгектенүүдө.2006-жылы тарых-философия факультети түзүлүп, аны т.и.к., доцент Ж. Адилбаев башкарган, 2008-2009-окуу жылынан тартып кайрадан юридика адистиги бириктирилип, факультет тарых- юридика болуп өзгөрдү. Бул учурда факультетти ю.и.к., доцент Э. С. Токторов жетектеген.
Бүгүн факультет тарых-юридика факультети болуп түзүлүү менен тарых, юриспруденция, бажы иши, социалдык иштер адистиктери боюнча адистерди даярдап чыгарууда. Факультетти ю.и.д., профессор Г. Кулдышева жетектейт.