Жаңылыктар Архив

Окуу-информациялык департаменти

Урматтуу кесиптештер!

ОшМУнун Окуу-информациялык департаменти – университетибиздеги негизги структуралардын бири, ошого жараша департаменттин алдына глобалдык билим берүү аймагындагы жаңылыктардан артта калбоо, прогрессивдүү өзгөрүүлөр менен бирге кадам таштоо милдети тагылган. Демек ОИДдин иш планында традициялуу иштерден сырткары Университетке жаңы жөрөлгөлөрдү, практикаларды алып келүү, аларды андан ары өркүндөтүп кетүү максаты да бар. Приоритет катарында, багыттарды көз карандысыз аккредитациядан өткөзүү, эки баскычтуу билим берүү системасында окутуунун кредиттик технологиясын кеңири жайылтууга багытталган иш-чараларды өткөрүү бүгүн да күн тартибинде. Ректордун алдындагы апталык Админстративдик кеңешмеге ар бир факультеттин окуу-усулдук иштеринин жыйынтыктарын, аткаруучулук эмгек тартиби боюнча маалыматтарды алып чыгып, талкуулоо, ар жумада факультеттердеги аткарылган окуу-усулдук, илимий, тарбиялык иш чараларды камтыган маалымат бюллетенин чыгарып туруу, алардын баарын сайтка жайгаштыруу жана башка позитивдүү салттар сакталат. Кубандырганы, факультеттер маалыматтарды сайтка жайгаштырууну адатка айландырып бараткандыгы. Медиа-борбор болсо сайтты учурдагы чакырыктарга жараша өзгөртүп, жаңыртып турат.

Буга чейин департамент тарабынан бир топ масштабдуу иштер аткарылгандыгын эске алуу менен, алдыга амбициялуу, ошол эле мезгилде аткарыла турган пландарды коюдабыз. Мисал катары айтсак, эмгек тартибин, студенттердин сабакка катышуусун көзөмөлдөө механизмдерин жакшыртуу максатында AVN информациялык системасынын жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ишке киргизип колдонуу боюнча иш жүрүүдө.

- Университеттин жетекчилигинин тапшырмасы менен, быйылкы жылдан тарта Академиялык справкаларды AVN информациялык системасы аркылуу жасап, алардын электрондук базасын түзүү механизми ишке ашырылат. Биз муну менен буга чейин түрдүү коррупциялык схемаларга мүмкүндүк түзүп келген, “баш оорутмага” айланган системаны буза алабыз.

Ошондой эле кафедралардын окуу жүктөмдөрүнүн пландаштырылышы текшерилип, анын аткарылуусу жыл бою көзөмөлдөнөт.

- Окутуунун сапатын аныктоо жана студенттердин окутучулар жөнүндөгү ой-пикирин билүү үчүн университетте атайын “Окутуучу студенттин көзү менен” деген сурамжылоо өткөрүлүүсү пландалган. Сурамжылоо (анкета) алуу Билимди алуучу (керектөөчү) менен байланышты камсыз кылуудагы сапат менеджментинин механизмдеринин бири болуусу кажет. Анкета жүргүзүү реалдуу жыйынтыктарга ээ болуу үчүн регулярдуу түрдө ар бир семестрде окуу курстары аяктап, жыйынтыктоочу сессия бүткөндөн кийин ишке ашырылат. Изилдөө “AVN” башкаруу маалымат системасы менен жүргүзүлүп, жыйынтыктары автоматтык түрдө эсептелет.

- 2016-2017-окуу жылынан тарта ОшМУда ар бир студент “академиялык маалыматты жарыялоого уруксат берүү” жөнүндөгү форманы толтурат. Ага ылайык студенттин жетишкендиктери же, тескерисинче кемчиликтери жөнүндө ата-энелер мезгилдүү СМС-билдирүүлөрдү алып турушат.

- Окутуунун кредиттик системасынын шартына ылайык штаттык бирдиктерди (офис-регистратор, тьютор, программа жетекчиси, эдвайзер) толук кандуу иштетип, практикага киргизип, кызматтык милдеттерин толук пайдаланууну ишке ашыруу максатында пилоттук факультеттер, аныкталып, учурда аны апробациялоо планы иштелүүдө.

Дагы бир жаңылык жөнүндө айтып кетүү абзел. Айтсак, сентябрь айынын башынан тарта 1-курска келген студенттер үчүн ориентациялык-багытоочу семинарлар уюштурулду. Семинарлар жаңы келген студент менен окуу жайды тааныштыруу иш-чараларын камтыды, жана анын программасы студенттердин ОшМУдагы жаңы жашоосуна жеңил адаптация болушуна шарт түзүп, университеттин жашоосу, эрежелер жана өзгөчөлүктөр жана окутуучу-профессордук курам менен тааныштырууну максаттады. Семинарлар менен параллелль эле “1-курстар үчүн маалыматтык китепче” даярдалып, ал ар бир студентке таратылды. Бул китепчеге, эң көп берилүүчү жөнөкөй суроолордон баштап, университеттин атрибутикасы, ректордун кайрылуусу, тиешелүү жактардын даректери, университеттин инфраструктуралык картасы ж.б киргизилди. Байкашыбызча китепче студенттердин колуна тийсе алар үчүн бир топ жардам берет.


Сырттан окуу бөлүмүндө окуу процессин талапка ылайык уюштуруу, кетирилген кемчиликтерди өз убагында жоюу, окуу процессин үзгүлтүксүз көзөмөлдөп туруу үчүн ар аптанын жума күндөрү декандын сырттан окуу боюнча орун басарлары катышкан жыйындарды өткөрүү уланууда. Жыйындардын жүрүшүндө окуу процессин AVN ИСына кийирүүнүн абалы, окуу пландары, жумушчу окуу пландары, семестрдик окуу пландарынын жадыбалга дал келиши, кафедрадагы ачык сабактардын уюштурулушу, өндүрүштүк жана педагогикалык практикалардын өткөрүлүшү, дистанттык технологиялар ж.б.у.с. маселелер каралып, чечимдер кабыл алынат.

Заман талабы болгон, дистанттык окутуу формасын өркүндөтүү да негизги багыттардын бири. Демек, дистанттык окутууга тартылган университеттин ар бири кызматкер, окутуучусунун информациялык- компьютердик сабаты жоюлган болушу шарт. Буга ылайык, дистанттык окутуу департаменти тарабынан уюштуруп келген атайын, (on-line жана off-line байланыштарга чыгуу) “Дистанттык окутуунун технологиялары” аттуу атайын курстун улантылып өткөрүлүшү максатка ылайык жана бул жаатта башка дагы иш-чаралар камтылат.

Албетте, ниет-максаттарды ишке ашырууда негизги ролду жамаат ойнойт, ошондуктан жаңы горизонтторду багындырууда биздин департаменттин жаш, бирок тажрыйбалуу кызматкерлерден куралган ынтымактуу коллективинин эмгеги чоң.

Окуу-информациялык департаменти өз компетенцияларынын алкагында, университеттин башка структуралары менен координациялашуу аркылуу алдына коюлган максаттарды ишке ашырат деп ишенебиз.

Дареги: Ош шаары, 714000, Ленин к. 331, Башкы корпус 119-кабинет.

Байланыш тел : +(996) (3222) 7-45-30, 2-22-50

E-mail : edu@oshsu.kg