Кафедранын структурасы
Педагогикалык кызматкерлер


Магистры кафедры ТОМИиОМ 2022-2023 года

Штатный формуляр 2022-2023-учебный год.

«Математиканы жана информатиканы окутуу технологиялары жана билим берүүдөгү менеджмент» кафедрасынын

ПАСПОРТУ

«Математиканы жана информатиканы окутуу технологиялары жана билим берүүдөгү менеджмент» кафедрасы математика жана информациялык технологиялар факультетиндеги профилдештирүүчү кафедралардын бири. Ал 1965-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун базасында түзүлгөн. Анын алгачкы курамы 5 окутуучудан турган: Афанасенко Р.М., Мамыров Т.М., Назаров М.Н., Сманов Т.С., Сабирова Н.Н.

Кафедраны М.Н. Назаров (1965-1982-жж.), Р.М. Максутов (1982-1988-жж.) Т. Чынкараев (1989-1990), М. Алтыбаева (1991-2001-жж), У.Б. Тагаев (2002-2004-жж.) А.Дж. Аттокурова (2005-2021 ж.), А. О. Келдибекова (2021-ж. бери) жетектеп келишкен.

Кафедранын азыркы курамында 11 окутуучу, 2 методист, 1 улук адис бар. Учурда 2 профессор, 3 доцент, 2 ага окутуучу, 3 окутуучу, 1 улук адис, 1 методист эмгектенет.

  1. А.О. Келдибекова – пед. илимд. доктору, профессор.
  2. М.А. Алтыбаева – пед. илимд. кандидаты, профессор.
  3. А.Дж. Аттокурова – пед. илимд. кандидаты, доцент.
  4. Ш.Д. Оморов – пед. илимд. кандидаты, доцент.
  5. Д.Ч. Култаева - пед. илимд. кандидаты, доцент.
  6. У.Б. Тагаев – ага окутуучу.
  7. З.М. Садыков – ага окутуучу.
  8. Э.Т. Авазова – окутуучу.
  9. К. А. Сооронбаева- окутуучу.
  10. К. Мамыргазы кызы - окутуучу-айкалыштыруучу.
  11. Б. Батырбек уулу – улук адис, ассистент-стажер
  12. А. Раимжанова - методист

Кафедранын бардык мүчөлөрүнүн дээрлик мектепте иштеп келишкендиги кафедранын спецификалык өзгөчөлүгүнө туура келет. Профессордук-окутуучулук курамдын сапаттык көрсөткүчү 50%.

Кафедранын нормативдүү-укуктук базасы жогорку кесиптик билим берүүнүн үч баскычтуу системасынын талаптарына толук жороп берет. Кафедрада окутуу төмөнкү предметтер боюнча жүргүзүлөт:

- математиканы окутуунун методикасы;

- окутуунун учурдагы технологиялары;

- математикалык билим берүүдөгү изилдөө методдору;

- элементардык математика;

- математикалык маселелерди иштөө практикуму;

- мектеп математикасынын илимий негиздери;

- математиканын тарыхы жана методологиясы;

- информатиканы окутуунун методикасы;

ика мугалиминин кесиптик сапаттарын калыптандыруу максатында ар түрдүү окуу-усулдук иш-чаралар өткөрүлөт.

Кафедра боюнча жыл сайын 10-12 бүтүрүүчү дипломдук иш, 30-50 магистрант диссертациялык жумуш жазып, ийгиликтүү коргошот.