Тарыхы

Тарыхы

Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун “Элементардык математика жана аны окутуунун методикасы” кафедрасы 1965-жылыуюштурулуп математиканы окутуунун методикасы, элементардык математика, жогорку геометрия дисциплиналарын окутууга профилдешкен. Ош ПИнин физика-математика факультетинин биринчи бүтүрүүчүсү М.Н.Назаров кафедра башчысынын милдетин аткарган. Кафедранын курамында МамуровТ.М., Афанасенко Р.М., Кравченко С.Л., Жолдошев Б., Сабирова Н.Н., Сманов Т.С., Кулмаматов Т.К. ж.б. эмгектенишкен.

1972-73-окуу жылында анын курамынан алгебра жана геометрия кафедрасы бөлүнүп чыккандан кийин кафедра “Математиканы окутуунун методикасы” аталышында кайра түзүлгөн. Ал мезгилде ОМПИде саналуу гана окутуучулар илимий даражалуу болгондуктан, илимий- изилдөө жумуштарын алга жылдыруу үчүн кафедра СССРдеги алдыңкы илимий борборлор менен байланыш түзүүгө киришет. Назаров М.Н., Кулмаматов Т.К. ж.б. окутуучулар аспирантурага окууга киришет, жаш окутуучулар квалификациясын өркүндөтүү курстарына, илимий сапарларга, стажировкаларга жиберилет. Москва, Алма-Ата, Ташкент,

Ленинград ж.б. илимий борборлордон таанымал окумуштуулар факультетке чакырылып атайын лекциялар жана илимий кызматташуулар уюштурулат.

Кафедраны 1982-жылга чейин п.и.к., доц. Назаров М.Н. жетектеген. Факультеттен, борбордук ЖОЖдон алдынкы бүтүрүүчүлөр Максутов Т., Тажибаев К., Еремина Г.Г., Пакыров Т., Максутов А., Бөрүбаев Т., Алтыбаева М., Мадраимов С., Жапаров С., Култаев Т., Сатымкулов С. Маматкулова М., Син Е.Е., Костомарова Л.Ю., Белоусова А.Г., Ташбалтаев М. кафедрага окутуучулукка кабыл алынган. Алар өздөрүнүн илимий-теориялык, методикалык деңгээлдерин жогорулатуу максатында аспирантурада окушат, көпчүлүгү илимдинкандидатыокумуштуулук даражасына, доценттик наамга ээ болушат .

1982-1988-жылдары кафедра башчысы болуп ф.-м.и.к., факультеттин бүтүрүүчүсү Максутов Р.М. эмгектенген. Бул жылдары кафедранын материалдык базасы бир кыйла байып мектеп тибиндеги математикалык кабинет, автоматташтырылган класс, кафедранын методикалык китеп текчеси түзүлгөн, студенттер үчүн окуу колдонмолор басмадан чыгарылган.

Кийин кафедра башчысы болуп ф.-м.и.к., доц. Чынкараев Т. (1989-1990), п.и.к., доц. Алтыбаева М. (1991-2001), ага окутуучу Тагаев У. (2002-2004) эмгектенишкен, 2005-2007-жж. п.и.к., доц. Аттокурова А.Дж. кафедра башчысынын милдетин аткарып андан бери кафедраны жетектеп келүүдө.

1992-жылы кафедранын алдында 13.00.02.- Окутуунун жана тарбиялоонун теориясы жанаметодикасы (математика) адистиги боюнча аспирантура ачылган. Аны ийгиликтүү бүтүргөндөрдөн Тургунбаев С., Касымбаев Б., Аттокурова А. профессор М.Н.Назаровдун; А.Келдибекова проф. Дж.У.Байсаловдун илимий жетекчилигинде кандидаттык диссертацияларын ийгиликтүү коргошкон. Кафедранын изденүүчүлөрү Токтомамбетова Ж., Турдубаева К. доц. М.А.Алтыбаеванын, ага окутуучуШ.Оморов проф. К.М.Торогельдиеванынилимий жетекчилигиндекандидаттык диссертацияларын ийгиликтүү коргошту.Башка изденүүчүлөр Акимова Ө., Акбаева К., Адиева К., Шайбеков И., Тагаев У. өз кезегинде илимий теманын үстүндө иштешкен.

Кафедра 1993-1994-жж. студенттик конференцияларды, 1997-ж. математиканы окутуунун актуалдуу проблемалары боюнча региондук илимий-практикалык конференцияны уюштуруп өткөргөн. Жылдан-жылга кафедранын курамы сан жагынан да, сапат жагынан да өсүп, 1999-2000-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча «ОшМУнун мыкты кафедрасы» сыйлыгын жеңип алган.

Окуу жайы жаңы статуска ээ болушу менен кафедранын ишмердүүлүгүндө да жаңылануулар болуп, 2001-жылы математиканы жана информатиканы окутуунун методикасы аталышына өзгөртүлгөн.

Ош МУда 2013-2015-жылдары ишке ашырылган TEMPUSтун EDUCA долбоорунун натыйжасы катарыкафедрада “Билим берүү менеджменти” магистрдик программасы ачылып жаңы статуска ээ болушу менен2016-жылы математиканы, информатиканы окутуу технологиялары жана билим берүү менеджменти кафедрасыаталышына өзгөртүлдү.