Жаңылыктар Архив

204 11:01 31-03-2022

Ден соолук 2022

Ден соолук 2022

197 10:59 31-03-2022

Ачык сабак

189 22:48 30-03-2022

Ачык сабак

197 21:54 29-03-2022
Медайым ишинин негиздери ПЦКсы
Aynura                               Урматтуу коллегалар жана студенттер!

ОшМУнун алдындагы Медициналык колледждин «Медайым ишинин негиздери» ПЦКсы өлкөнүн өнүгүү келечегине, калктын талаптарына жана ЖОЖдо билим берүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен окуу планын иштеп чыккан, анын ичинде «Медайымдар иши», «Жалпы медицина», «Акушердик», «Профилактикалык стоматология», «Фармация» профилдери боюнча адистерди даярдоо. Келечекте медайым иши боюнча, жакшы теориялык жана практикалык билимге ээ болот. Студенттердин биздин циклде окуу мезгилинде алган ыктары аларга келечекте калкка зарыл медициналык жардамды, натыйжалуу жана туура көрсөтүүгө жардам берет. Мамлекеттик билим берүү стандарттарынын негизинде түзүлгөн окуу планын ийгиликтүү аяктаган, жогоруда аталган адистиктердин бүтүрүүчүлөрү атайын орто кесиптик профилдеги адистер болушат. Бүгүнкү күндө «Медайым ишинин негиздери» ПЦКсы туруктуу, анын курамында орто атайын жана жогорку билимдүү, жогорку квалификациялуу медицина кызматкерлери бар. Циклда студенттерди сапаттуу окутуу үчүн керектүү окуу кабинеттери жана лабораториялар менен толук жабдылган. Ар бир кабинет жана лаборатория жасалгалар, даярдыктар жана макеттер менен жабдылган, ал турсун дарылоо жана окуу кабинеттери бар. Алар студенттерге медкызматкерлерге керек болгон кесиптик көндүмдөрдү үйрөтүшөт. Окутуу инновациялык ыкмалар менен жүргүзүлөт, студенттер кесипкөйлүккө, компетенттүүлүккө, адамкерчиликке, жароокерликке, мыкты чеберчиликтике, чыдамкайлыка, талыкбастыкты түшүнүүгө, өз ишине жоопкерчиликтүү болууга даярдалат.

"Медайым ишинин негиздери ПЦКсынын төрайымы

Барынбаева А.А.