ОКУУГА КИРҮҮЧҮЛӨРГӨ

Урматтуу ата-энелер! Урматтуу абитуриенттер!

Кесиптик багытка карай жол жогорку окуу жайын тандоодон башталат. Бул тандоо оңой эмес жана өтө жоопкерчиликтүү, анткени бул тандоо келечектин багытын аныктайт.

Ош мамлекеттик университетинин Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетине кош келиңиздер!!!

70 жылдык тарыхы бар Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультети университетибиздин алдыңкы билим берүү борборлорунун бири. Биздин факультет, Кыргызстанда гана эмес, чет өлкөлөрдө да ийгиликтүү иштеп жаткан миңдеген жогорку квалификациялуу адистерди даярдап келүүдө. Бүгүнкү күндө биздин факультеттин сыймыгы - бул жогорку сапаттагы билим берүү, эл аралык таануу, активдүү илимий-изилдөө иштери, инновациялар, эң күчтүү профессордук-окутуучулук курам. Ошондой эле, Филологиялык билим берүү жана Лингвистика жаатында илимпоздордун көптүгү факультеттин интеллектуалдык потенциалынын уникалдуулугун тастыктайт.

Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинде билим алуу -заманбап, убакыт талап кылган билим алуунун ишенимдүү жолу.

Бүгүнкү күндө абитуриент үчүн эң негизгиси - чыныгы келечеги бар окуу жайда окуш керек!

Биз сиздерди Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинде күтөбүз. Келечекке коюлган максаттарды чогуу ишке ашырабыз!