Карьера борбору жөнүндө
Положения о Центре Карьеры


Карьера борбору

      2006-жылдын 28-декабрында Ош МУда ЖОЖдун окумуштуулар Кеңешинин чечими менен Карьера Борбору (КБ) ачылган. Анын түзүлүшүнө Борбор Азиядагы Европа Фондунун эффективдүү жүзөгө ашырылышы чоң көмөк болду. КБ студенттер, бүтүрүүчүлөр жана иш берүүчүлөр менен төмөндөгү кызматтарды аткарат, Булар: резюме, коштоо катты жазууну, ролдук оюндар менен коштолгон интервьюдан ийгиликтүү өтүүгө үйрөтүүчү семинарлар, “тренер-тренерге” тренингтерди, мастер класс, кызыктуу ишкерлер катышкан вакансиялар жарманкеси жана башка иш-аракеттер жүргүзүлөт.

      2011-жылы Карьера борбору ОшМУнун Аккредитация жана билим берүү сапаты департаментинин курамына уошулган. Карьера борборунун ишин жүргүзүүдө студент-волонтерлор чоң жардам көрсөтүшөт, ошол эле убакытта алар карьерасын алдыга жылдырууга абдан керектүү тажрыйбага ээ болушат.

      Карьера борборунда ОшМУнун бүтүрүүчүлөрү, жумуш берүүчүлөр, бош жумуш орундар боюнча маалыматтык база түзүлгөн, “Бүтүрүүчүлөрдүн ассоциациясынын” ишин уюштурууга, өткөрүүгө КБ түздөн-түз катышат жана маалыматтарды тиешелүү адамдарга жеткирүү, байланыш түзүү функцияларын аткарат.

      Бош жумуш орундар жарманкесин өткөрүүнүн негизги максаттарынын бири бүтүрүүчүлөрдүн жумуш издөө убактысын алда канча кыскартат жана да эки тарап тең жумуш берүүчүлөр, жумуш орун толтурууда жана студенттер, бүтүрүүчүлөр жумуш орун табууда кеңири мүмкүнчүлүктөргө ээ болушат. Жарманкенин жүрүшүндө бизнес-компаниялар өздөрүнүнүн компаниялары, иш каналары туурасында презентациялар жасоого жана ЖОЖдор менен кызматташуу, студенттерге, бүтүрүүчүлөргө жумуш орундарын сунуштоо мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болушат. Бул болсо, өз кезегинде ЖОЖдордун студенттерине, бүтүрүүчүлөргө аларды кызыктырган компаниялардын өкүлдөрү менен бетме-бет жолугушуп, өз резюмелерин түздөн-түз бергенге мүмкүнчүлүк алышат.